ИСЛАМИЙ ӨКҮМДӨРДҮ БАСКЫЧМА-БАСКЫЧ КОЛДОНУУГА ЧАКЫРУУ – БИДЪАТ ЖАНА КЫЙРАТУУЧУ ФИТНА

Исламий ӨКҮМДӨРДҮ баскычма-баскыч КОЛДОНУУГА ЧАКЫРУУ – бидъат ЖАНА КЫЙРАТУУЧУ фитна

Саид Асъад – Палестина

Диндеги бардык адамдар Исламды толугу менен колдонууну билиши зарыл. Мусулмандардын бири да бул жөнүндө ихтилаф кылышпаган (кайчы пикирде болушпаган). Мисалы, хамр (мас кылуучу ичимдик) оболу намаз убагында арам кылынды, кийин бүтүндөй арам кылынды. Ушул сыяктуу кээ бир өкүмдөр баскычма-баскыч арам кылынды. Ошондуктан, Исламды да баскычма-баскыч колдонсо болот деген ката жана чаташ түшүнүктөр пайда болду. Бирок, бул чаташтыктарга карабастан, Исламды толугу менен жалгыз өзүн колдонуу керектиги туурасында ихтилаф жок. Ислам өкүмдөрүн баскычма-баскыч колдонууга чакырып жаткан үгүткө назар салсак, мында айрым исламий кыймылдар Исламды бийликтен аста-секин алыстатуу, кийин бүтүндөй Исламсыз башкарууга адаттанып калуу коркунучу бар экенин көрөбүз. Бул болсо, капыр мамлекеттердин алдоосуна, чалгытуусуна түшүп калуунун дал өзү. Капыр мамлекеттер айрым исламий кыймылдарга аз эле мөөнөт берип, өз тузагына түшүрөт. Алар менен алакалар бекемделгенде аларды жолдун ортосунда таштап кетет. Натыйжада, бул кыймылдар Исламды да, Үммөттү да Ислам өкүмдарлыгы саясындагы кадыржамдык жана амандыкка алып барбайт.

Ислам өкүмдөрүн баскычма-баскыч колдонууга Куранда да, Сүннөттө да далил көрсөтүлбөгөн. Тескерисинче, Исламды бир да өкүмүн калтырбастан, толугу менен колдонууну важиб кылган жаркын далил жана нусустар бар. Аллах Таала айтат:

«(Эй Мухаммад), алардын ортосунда Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылгын, алардын көңүл кушу каалаган нерселерге ээрчибе жана да Аллах сага түшүргөн өкүмдөрдүн айрымдарынан сени буруп фитнага салып коюуларынан этият бол! Эгер (сенин өкүмүңдөн) баш тартышса, билип кой, Аллах аларга айрым күнөөлөрү себептүү кайгы келтирүүүнү каалоодо. Албетте, адамдардын көптөрү баш ийбегендер»                                                                  [5:49]

Бул аятта башкаруу сөзү — (ما) лафзи менен баса белгиленип жатат. Бул умумийликти түшүндүрүүчү сийга болуп, бардык өкүмдөрдү толук колдонууну баса белгилеп жатканына далалат кылат. Бул жерде шектүү нафс же ыплас жүрөктүн жолун жабуу үчүн баса белгилөө байма-бай келүүдө. Бул аяттагы баса белгилөө эки түрдүү: биринчиси, акыйкат менен башкаруу т.а. Аллах түшүргөн нерсе менен эч бир кемтиксиз башкарууга болгон баса белгилөө. Буга аяттагы умумийлик далалат кылат:

«(Эй Мухаммад), алардын ортосунда Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылгын»      [5:49]

Экинчиси: фитнадан т.а. Аллах түшүргөн нерселердин айрымдарын колдонбой коюудан этият болууга болгон баса белгилөө:

«Жана да Аллах сага түшүргөн өкүмдөрдүн айрымдарынан сени буруп фитнага салып коюуларынан этият бол!»                                                                  [5:49]

Шарият муну фитна деп карап, фитнадан, фитнага чакырып жаткандардан этият болууга буюрду. Себеби, фитна – адамдар арасындагы шайтандардын каалоосуна ээрчүү. Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм жүргүзбөө жөнүндөү үч аятта үч түрдүү сыпат т.а. фиск (бузгунчулук), зулум жана куфр көрсөтүлүүдө. Ал үч сыпат бир иш т.а. Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм жүргүзбөөнүн сыпаты.

«Кимде-ким Аллах түшүргөн дин менен өкүм кылбаса, анда, алар капырлар»        [5:44]

Бул жердеги баса белгилөөдөн Аллах түшүргөн нерселердин баары максат кылынып, ал (ما) лафзи менен көрсөтүлүүдө. Ал Куръан тилинде бир сөз менен умумду түшүндүрүүчү лафз болот. Андан сырткары, Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм жүргүзүүнү катъий (кескин) тастыктаган аяттар бар, алар Аллахтын өкүмүнө ыраазы болуу, ага моюн сунуу жана аны менен кадыржам болууну, андан башкасына ыраазы болбоону, андан башкасын тогут деп эсептөөнү талап кылат. Аллах Таала айтат:

«(Эй Мухаммад), өздөрүн сага түшүрүлгөн нерсеге (Куръанга) жана сенден мурунку түшүрүлгөн нерселерге ыйман келтирген деп эсептей турган (айрым) адамдардын шайтанга өкүм сурап барууну калап жаткандарын көрбөдүңбү? Акыйкатта болсо, аларга ага ишенбөө буйрулган эле. (Анткени) шайтан аларды биротоло жолдон азгырууну каалайт»      [4:60]

Бул аяттардын бардыгы Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм жүргүзүүгө болгон талапты анык көрсөтүп турат, ушуга катъий далалат кылып жатат. Бул аяттарга Аллахтын ушул:

«Аллах жана Анын пайгамбары бир ишти өкүм кылган убакта бир да мумин жана мумина үчүн (Аллахтын өкүмүн таштап коюп) өз иштеринен бирээр ишти тандоосу жайиз эмес»                                                                                  [33:36]

Аятын да кошсок, момундарда эч кандай ыктыяр жок экендиги жана алар итааткөй болушу керектиги көрүнөт. Себеби, итаатсыздыктан фитна келип чыгат. Аллах Таала айтат:

«(Пайгамбардын) буйругуна каршы иш кыла турган кишилер өздөрүнө бирер фитна-кайгы жетип калышынан же жан чыдагыс азап жетип калышынан сактанышсын!» [24:63]

Момундарга Аллахтын өкүмүнөн башка өкүмдү тандоодо ыктыяр жок. Себеби, Аллахтын өкүмүнүн ордун баса турган нерсенин өзү жок жана буга эч кандай далил да жок.

Ал эми, шаръий өкүмдөрдү баскычма-баскыч колдонуу жайиз деген сөзгө келсек, анын эч кандай далили жок. Тескерисинче, мындай колдонуунун жайиз эместигине далил келген. Бул – көтөрүп чыга турган долбоору жок кишинин далилсиз иштерин акташы. Ибн Хишам «Сийрат»ында келген хадис баскычма-баскыч колдонуунун жайиз эместигине анык далил болот: Сакиф элчилери Расулуллах A менен сулх (келишим) түзүү үчүн келишкенде, ал кишиден буттары Лутту үч жыл талкалабай турушун сурашты. Бирок, Расулуллах A буга ыраазы болгон жок. Кийин эки жыл, бир жыл, акыры келип бир ай кыйратпай турушун сурашты. Бирок, Расулуллах A булардын эч бирине ыраазы болбоду. Алар муну менен – алардын сөзүнө караганда – эгер Лут талкаланса кыска ойлуу адамдар, аялдар жана балдар али Исламга кирбеген коомду Исламга каршы тукурууларынын алдын алып калмакчы болушкан. Бирок, Расулуллах A Абу Суфян ибн Харб менен Мугийра ибн Шуъбаны бутту талкалоо үчүн жиберди. Себеби, сакифтиктер Расулуллах Aдан бутту четке кагуунун, таштоонун акысына намазды аткарбоону жана буттарын өз колдору менен талкалабоону сурашкан. Расулуллах A болсо:

«أَمَّا كَسْرُ أَوْثَانِكُمْ بِأَيْدِيكُمْ فَسَنُعْفِيكُمْ مِنْهُ، وَأَمَّا الصَّلاَةُ فَإِنَّهُ لاَ خَيْرَ فِي دِينٍ لاَ صَلاَةَ فِيهِ»

«Мейли, бутту өз колуңар менен талкалоодон силерди азат кыламын. Бирок, намаз маселесине келсек, намазсыз динде жакшылык жок». Булардын баары Исламга эми гана кирген кишилер арасында жүз берди.

Ал эми, айрымдардын мыйзамчылыктагы баскычма-баскычты т.а. хамрды баскычма-баскыч арам кылынышын колдонуудагы баскычма-баскычтыкка далил катары көрсөтүүсү ката. Себеби, бул, колдонууга эмес, мыйзамчылыкка тиешелүү иш. Ал эми, мыйзамчылык менен колдонуунун ортосунда чоң айырма бар. Инсанга канчалык оор болбосун, ал Аллахтын өкүмүнө итаат кылуу жана аны тезинен аткарууга буйрулган.

«(Анткени) силер өзүңөр үчүн жакшы (пайдалуу) болгон нерсени жаман көрүшүңөр жана силер үчүн жаман (зыяндуу) болгон нерсени жактырышыңар мүмкүн. Аллах билет, а силер билбейсиңер»                                                             [2:216]

Т.а. шарият нафс каалаган жана тандаган нерсени алып келбейт. Шарият Аллах буйруган нерсе менен инсандарды оңдоо үчүн келет. Мисалы, Аллах рамазанда толук бир ай орозо кармоону мыйзам катары белгиледи. Аны нафс каалагандай аста-секин, алгач үч күн, кийин бир апта, кийин он күн кылып баскычма-баскыч белгилебеди. Же орозо хамрга караганда жеңилирээк деп ойлогондор барбы? О.э. Аллах жолунда жихад кылууну алсак, андагы таклиф хамрды арам кылуудагы тартиптен башкача. Себеби, анда момундар алгач өздөрүнөн он эсе көп душман менен согушууга буюрулушту. Кийин бул жеңилдештирилип, эки эсе душман менен согушуу көрсөтүлдү. Эгер, жеңилдик маанисинде баскычма-баскычтык буйрулганда мурун жеңилиреги жүктөлүп, кийин оорурагы сунуш кылынмак. Шарият мусулмандар өз мамлекетин эми гана куруп жаткандагы абалдын оордугу баскычма-баскычтыкты актай турган нерсе деп белгилеген жок. Тескерисинче, мунун таптакыр карама-каршысы болду. Мамлекет жана Үммөттү күжүрмөндүк, күч-кубат негизинде тикелөө – жетик даанышмандык. Бул, баскычма-баскыч колдонуу жайиз деп айтып жаткандардын пикирин кескин четке кага турган хужжат. Бул аяттар адамды итааткөйлүккө калыптандыруу үчүн мыйзамчылыкта жеңилдик кылуу деген түшүнүктүн тескериси. Буга кошумча аткаруу жана колдонууда бул эки ишти ар кандай абалдарда да кечиктирбестен жана бекем аткаруу талап кылынган. Бул жерде мыйзамчылык баскычма-баскыч болобу же толугу менен болобу, мунун айырмасы жок. Себеби, мыйзамчылык Аллахтын иши, аткаруу болсо биздин ишибиз. Мыйзамчылыктагы жеңилдетүүгө же күчөтүүгө биздин тиешебиз жок. Бул иштер Аллахка гана хас (таандык) болуп, Аллах кандай буйруса, ошондой аткаруу бизге важиб.

Бул, мыйзамчылык жана колдонуу ортосундагы айырма. Ал эми, Ислам мамлекетиндеги колдонуу тарабын алып карасак, Исламдын ар кандай өкүмүн аткарууда Расулуллах A жада калса жеке абалдарда да баскычма-баскычтыкты кабыл албаган. Ал тургай, Исламга жаңы кирген кишилерден да хамр ичүү жаатында баскычма-баскычтыкты кабыл албаган. Расулуллах A Исламды толугу менен, бүтүн боюнча колдонду. Бул нерсе кийинчерээк фатх кылынган Таиф, Яман, Бахрейн өлкөлөрүндө да ушинтип уланды. Мунун эң жаркын далили Сакиф элчилери Расулуллах Aдан буттарга ибадат кылуу жана намазды таштоо маселелеринде баскычма-баскыч колдонууну талап кылышканда Расулуллах A мындан баш тартып, бүтүн бойдон колдонду. Булардын бардыгы баскычма-баскыч колдонуу жайиз эместигине кескин, катъий, кемтиксиз жана жаркын далил болот. Ошондуктан, толугу менен жана түптөн ыңкылаптык көрүнүштө колдонуу важиб. Расулуллах A башка өлкөлөргө валий кылып жиберип жаткан сахабаларына кемтиксиз түрдө Аллахтын Китеби жана Расулунун Сүннөтү менен өкүм жүргүзүүнү, баскычма-баскыч колдонбоону насаат кылчу. Бул, Ислам менен башкарылбаган өлкөлөрдө толугу менен, түптөн, ыңкылаптык көрүнүштө өкүмдү колдонуу важибдигине – абал кандай болушуна карабастан – бир өкүмдү болсо да баскычма-баскыч колдонуунун жайиз эместигине катъий далил. Эми, уруксат жөнүндө айта турган болсок, ал асл өкүмдө жеңилдик берилген шаръий өкүмгө баш ийүү. Мында баскычма-баскычтык жок, эки абалда тең асл өкүм бар.

Шариятты колдонууда баскычма-баскычтык жайиз эмес. Исламдын колдонуудагы жолу бир, аны нусустар жана Расулуллах Aдын жасаган амалдары көрсөтүп турат. Расулуллах A валийлеринен жана омилдеринен мына ушул негизде т.а. толук, түптөн, ыңкылаптык түрдө колдонуу жолун карманууну талап кылган. Абу Бакр Сиддик бул жөнүндө мындай деген: «Жада калса, Расулуллах Aга беришкен музоону берүүдөн баш тартышса да, мен аларга каршы согуш кыламын».

Ал эми, ички шарттар, биринчи аткарылыш зарыл болгон иштер, ички тартип, калкты даярдоо, аларды ыраазы кылуу, эл аралык коомчулукту тынчсыздандырбоо, башкалардын пикирин урматтоо, аларды да түшүнүү сыяктуу нерселер – эч кандай далили бидъат болуп, Аллах бул жөнүндө бир да хужжат түшүрбөгөн. Бул пикирге ээрчүү мүмкүн эмес. Себеби, бул – Ислам кемтиксиз рисалат жана турмуштун бардык тармактарын камтыган түзүм болуп, ар кандай абалдарды ийне-жибине чейин оңдоочу чечимдер бар деген катъий негизге тескери. Акыры, Ислам жахилиятты ийне-жибине чейин бардык тармактардагы өз өкүмдөрү менен өзгөртпөдүбү?! Ислам менен өкүм жүргүзүү ушундай бир толугу менен колонулуучу баскыч болгон, коом өз пикирлерин жана раъйи оммун анын үстүнө курган. Башкаруу – адамдардын иштерин Ислам өкүмдөрүнө ылайык түздөн-түз башкаруу деген этибарда өкүм бардык иштерге жана маселелерге толук колдонулган эмес беле?! Биздин режимдерди өзгөртүү жана акимдерди кулатуудагы каалообуз Исламдын каалоосу т.а. баскычма-баскычтыкты жана шериктикти кабылдабаган каалоо. Бану Амир ибн Саъсаа Исламды толук, баскычма-баскычсыз бийликке алып келерин, бирок, бийлик өздөрүнүн колунда каларын айтты. Расулуллах A буга абдан муктаж болуп турган болсо да, алардын бул сунушун кабыл албады. Алардын бир гана шарты үчүн муну кабыл албады. Эми, элестетип көргүлө, адамдар Исламды кабыл алуусу үчүн баскычма-баскыч колдонууну шарт кылышканда эмне кылышмак?! Баскычма-баскычтыкты хужжат кылып Ислам өкүмдөрүнүн бир канчасын бекер кылуу бир шартты четке кагууга караганда чоңураак күнөө болуп, ал Исламдын бийликти ээлөөдөгү тарыйкатына тескери.

Ислам коомдун бардык алакалары, турмуштун бардык тармагы үчүн жарактуу мыйзамдарды өзүнө камтыган. Бул мыйзамдар жеке адамга, же үй-бүлөгө, же жамаатка, же коомго, же Үммөттүн башка үммөттөр менен боло турган алакаларына тиешелүү болобу, айырмасы жок. Ошондой болгон соң, Мудаббир, Латиф, Хабир, Халик болгон Зат тарабынан келген мабдаий чечимди үйрөнүп жаткан ар бир киши бул чечимден башка бирер өкүмдү тандашына жол жок. Андыктан, кайраттуулук, далил жана көңүл-этибар менен даъват кылып жаткан, инсандарды Аллахка кулдук кылууга, чоң-кичине нерселерде Аллахтын өкүмүнө каршы чыгуудан жана аны четке кагуудан этият болууга үндөп, таква менен даъват кылып жаткан кишилер кантип башка өкүмдү тандоосу мүмкүн. Биз Аллахтын ушул:

«Бүгүн силерге диниңерди толук кылдым, неъматымды кемчиликсиз, толук кылып бердим жана силер үчүн Исламды (гана) дин кылып тандадым» [5:3]

«Өкүм-өкүмдарлык Аллахка гана таандык. Ал Зат силерди жалаң Өзүнө гана ибадат кылууга буюрган. Эң туура дин мына ушул. Бирок, адамдардын көбү муну билишпейт»                                                                                  [12:40]

«Динсиздик үстөмдүк кылуусун каалашабы?! Ыйманы толо болгон коом үчүн Аллахтан да чырайлуураак, адилирээк өкүм кылуучу ким бар?!»     [5:50]

«Жок, (эй Мухаммад), Роббиңе касам, тээ алар өз ортолорунда чыккан келишпөөчүлүктөрдө сени өкүмдар кылышмайынча жана кийин сен чыгарган өкүмдөн дилдеринде эч кандай мүчүлүштүк таппай, толук моюн сунушмайынча эч качан момун боло алышпайт»  [4:65]

аяттарын тилават кылып туруп, бирок, өкүмдү башкасынан алсак, Кыямат күнүндө Аллахка кайсы бетибиз менен жолугабыз?! Биз минбарларда жана аянттарда туруп мына ушуга чакырсак, ал жөнүндө көп сүйлөсөк, бирок, абал олуттуулашканда баскычма-баскычтык жана солчулар менен келишүү жөнүндө сүйлөсөк кандай болот?! Адамдарды сүткордуктан кайтарып, аялдардын ачык жүрүүсүнө чакырсак, анда, ким деген адам болобуз?! Парадан кайтарып, уятсыздык жана эркек менен аялдын аралашып жүрүшүнө уруксат берсек, исламий эмес партиялар өлкөбүздө куфр жана кудайсыздыкка чакыруусуна таштап койсок, ким деген адам болобуз?! Каир, Багдад, Дамаск, Тунис жана Кайраван сыяктуу улуу шаарларда куфрдан Исламды ажыратып болбой турган даражада аралашып кетүүсүнө ыраазы болобузбу?! Аллах бул жөнүндө эч бир хужжат түшүрбөгөн го?!

Ислам өкүмдөрүн баскычма-баскыч колдонуу жайиз эмес болгон соң, бул, Исламдын толук, түптөн, ыңкылаптык түрдө колдонуу тарыйкатына тескери келген соң, Ислам өкүмдөрүнүн бир бөлүгүн алуу менен бирге куфр өкүмдөрүнүн бир бөлүгүн алуу жана муну Ислам өкүмдөрүн баскычма-баскыч колдонуу деп эсептөө кантип жайиз болсун?! Акыры, бул, Исламдын бир бөлүгүн о.э. шарият бузгунчулук жана куфр деп караган анык куфрдун бир бөлүгүн колдонуу эмеспи?!

Ислам тарыйкаты белгилүү бир өзгөчө жашоо таризи болуп, башка өкүмдөр менен аралашууну кабыл албайт. Ислам гана туура, башкасы батыл. Акыйкат батыл менен шерик болбойт.

«Жок, (Биз андай айып-кемчиликтен аруубуз), Биз акыйкат Куръанды батыл-жахилияттын үстүнө таштайбыз, анан (акыйкат батылды) эзип-жанчып, (батыл) капыстан жок болот. Силер үчүн болсо сыпаттаганыңар себептүү азап бар»     

                                                                               [21:18]

«(Эй Мухаммад), айткын: «Эй капырлар! Мен силер ибадат кылып жаткан нерселерге ибадат кылбаймын»                                                [109:1-2]

Анын өкүмү Пайгамбарыбыз Aдын хадисине негизделген, бекем негизге ылайык баарына, акимге да, махкумга да бирдей. Расулуллах A айтат:

«أَتَشْفَعُ فِي حَدٍّ مِنْ حُدُودِ اللهِ؟ وَاللهِ لَوْ أَنَّ فَاطِمَةَ بِنْتَ مُحَمَّدٍ سَرَقَتْ لَقَطَعْتُ يَدَهَا»

«Аллахтын хаддарынын бири туурасында ортого түшөсүңбү? Аллахка касам, эгер Мухаммаддын кызы Фатима уурулук кылса, албетте, анын колун да кесет элем». Эй даъватчылар, шейхтер, исламий кыймылдын мүчөлөрү, Исламды толугу менен алгыла, анын бир да өкүмүн эч кандай шылтоо менен таштабагыла. Кимде-ким Аллах каалаган Исламды кааласа жана момун абалында аракет кылса, Аллахтын өкүмдөрүн кечиктирбестен, тезинен колдонсун. Аллахтын бул сөзүнө кулак салгыла:

«Же китептин бир бөлүгүнө ишенип, бир бөлүгүн танасыңарбы? Араңардан ким бул ишти кылса, анын жазасы бул дүйнөдө кор болуу, Кыямат күнүндө болсо катуу азапка дуушар кылынат. Аллах жасап жаткан ишиңерден кабарсыз эмес» [2:85]

Исламыңарга этият болгула жана аны толук колдонуу үчүн важиб болгон тарыйкат т.а. ар кандай абалда да куфр жана батылды шерик кылбаган толук, ыңкылаптык тарыйкат менен бийликке алып келүүгө шашылгыла. Себеби, Аллах бизди өз каалообуз менен эмес, Ал Заттын буйругу менен ибадат кылышыбызга буюрду. Ал билүүчүрөөк жана эң жакшы өкүм чыгаруучу Зат. Аллахка касам, адамдар силерди ошон үчүн шайлашат жана силерден ушуну үмүт кылышууда. Эгер, алар баскычма-баскычтыкты жана Исламдын куфр менен шерик болушун каалашканда, силерге ээрчимек эмес жана силерге арзыбаган добуштарын беришмек эмес.

Исламий Үммөт сакайып барган сайын, Куръанга толугу менен ыйман келтирет, аны менен гана өкүм жүргүзүүгө ыраазы болот, Батыш-Чыгыш тарабынан ортого салынып жаткан капитализмдин жамандыктарына жана жыйынтыксыз чечимдерине таптакыр ыраазы болбойт. Себеби, шериктик жана баскычма-баскычтык – айрым Ислам өкүмдөрүнүн ордуна куфр өкүмдөрүн кабыл алуу жана аны менен жашоого ыраазы болууну түшүндүрөт. Өз диниңер үчүн жана куфр менен өкүм жүргүзгөн кишилерден салтанатты кабыл алууда Аллахттан корккула. Куфрдун бир бөлүгү менен өкүм жүргүзүүгө ыраазы болгон кишинин абалы Аллахтын салтанатын кулаткан кишинин абалынан жакшы эмес. Аллах Таала бул жөнүндө мындай  өкүм кылат:

«Же китептин бир бөлүгүнө ишенип, бир бөлүгүн танасыңарбы? Араңардан ким бул ишти кылса, анын жазасы бул дүйнөдө кор болуу, Кыямат күнүндө болсо катуу азапка дуушар кылынат. Аллах жасап жаткан ишиңерден кабарсыз эмес» [2:85]

Исламга моюн сунган, аны менен өкүм жүргүзүүнү каалаган жана Аллахты ыраазы кылып эки дүйнө бакытына жетишүүнү үмүт кылган кишилерге калыс насаатыбыз ушул, Ислам өкүмдөрүнүн бирин да кечиктирүүгө жана анын ордуна кичине болсо да куфр өкүмүн колдонууга ыраазы болбогула. Аллахка итаат кылуу менен өлүшүбүз, Ага күнөөкөр болуп жашагандан көрө жакшыраак жана абзелирээк. Табароний «Кабир»де Муаз ибн Жабал Gдан, ал киши Расулуллах Aдан риваят кылат:

«خُذُوا الْعَطَاءَ مَا دَامَ عَطَاءً، فَإِذَا صَارَ رِشْوَةً عَلَى الدِّينِ فَلاَ تَاْخُذُوه، وَلَسْتُمْ بِتَارِكِيهِ يَمْنَعُكُمُ الْفَقْرَ وَالْحَاجَةَ، أَلا إِنَّ رَحَى الإِسْلامِ دَائِرَةٌ، فَدُورُوا مَعَ الْكِتَابِ حَيْثُ دَارَ، أَلا إِنَّ الْكِتَابَ وَالسُّلْطَانَ سَيَفْتَرِقَانِ فَلا تُفَارِقُوا الْكِتَابَ، أَلا إِنَّهُ سَيَكُونُ عَلَيْكُمْ أُمَرَاءُ يَقْضُونَ لأَنْفُسِهِمْ مَا لا يَقْضُونَ لَكُمْ، فَإِنْ عَصَيْتُمُوهُمْ قَتَلُوكُمْ وَإِنْ أَطَعْتُمُوهُمْ أَضَلُّوكُمْ، قَالُوا: يَا رَسُولَ اللهِ، كَيْفَ نَصْنَعُ؟ قَالَ: كَمَا صَنَعَ أَصْحَابُ عِيسَى ابْنِ مَرْيَمَ، نُشِرُوا بِالْمَنَاشِيرَ، وَحُمِلُوا عَلَى الْخَشَبِ، مَوْتٌ فِي طَاعَةِ اللَّهِ خَيْرٌ مِنْ حَيَاةٍ فِي مَعْصِيَةِ اللَّهِ»

«Хадя (белек), ырас, хадя болгон соң, аны ала бергиле, эми, эгер ал динде пара берүүгө айланса, албагыла. Силер аны (пара алууну) таштабайсыңар, себеби, ал силердеги жакырдыктын жана муктаждыктын алдын алат. Эсиңерде болсун, Ислам тегирмени айлана берет, демек, Китеп каякка айланса ошол жакка айлангыла. Эсиңерде болсун, Китеп жана султан бири-биринен ажырайт, силер Китептен ажырабагыла. Эсиңерде болсун, үстүңөрдө силердин пайдаңар үчүн өкүм кылбаган нерсени өздөрүнүн пайдасына өкүм кыла турган амирлер болот, аларга каршы чыксаңар силерди өлтүрүшөт, аларга итаат кылсаңар силерди адашууга башташат». Ошондо сахабалар: «Я Расулуллах, кандай иш кылышыбыз керек?» – деп сурашты. Пайгамбарыбыз мындай деди: «Ийса ибн Марям асхабы иш туткандай иш тутасыңар, алар аралар менен араланды, жыгачка мык менен кагып коюлду. Аллах итаат кылуу менен өлүү Аллахка күнөөкөр болуп жашагандан көрө жакшыраак».

«Айткын: «Мени Роббим Туура жолго, Чыныгы динге-ак жолдон тайбаган (Аллах Таалага бирөөнү) шерик кылуучулардан болбогон Иброхимдин динине хидаят кылды. Айткын: (Эй Мухаммад): «Албетте намазым, ибадаттарым, тирүүлүгүм жана өлүгүм бүткүл ааламдардын Роббиси болгон Аллах үчүн. Ал Заттын бир да шериги жок. Мына ушуга буйрулганмын. Демек, мен моюн сунуучулардын биринчиси-алгачкысымын»»         

                                                                        [6:161-163]

Жамаий рух жана аны пайда кылууда ижтимаий турмуштун даъваттагы орду

Жамаий рух жана аны пайда кылууда ижтимаий турмуштун даъваттагы орду

Жамаий рух – бул коомчулуктун массалык көрүнүштө шаръий өкүмдөргө амал кылып барышы, башкача айтканда, жамаат же коом ичиндеги алакаларга карата шаръий зиректик пайда кыла алуу.

 Коом ар дайым жетекчи пикирди ээрчийт, коомдун табияты ушундай. Ошондуктан, куфр менен Ислам ортосундагы күрөш, коомдо адамдар ортосундагы алака жана мамилелерди өз мабдасы негизинде калыптандыруу үстүндө алып барылат. Башкача айтканда, даъват адамдар бири-бири менен бардык алакаларын шаръий өкүм негизинде алып барууга адаттануусун кепилдөө негизинде алып барылат. Муну коомдо урфи оммду пайда кылуу деп атайбыз.

 Урфи оммдун пайда болушу – Исламдын жашообузга кайтып келишинин кепилдиги болот. Себеби, урфи омм Үммөт өздүгүн таанып, исламий мабда негизинде ойгонуп барышы менен пайда болот. Т.а. Үммөт Исламды саясий (турмуштун бардык тармактарын башкаруучу) дин деп түшүнүү менен о.э. анын адилеттүү, эки дүйнө үчүн пайдалуу экендигин аң-сезимдүү түрдө сезүү аркылуу ишке ашат.

 Демек даъваттан көздөлгөн максат, коомдо соо-саламат урфтарды пайда кылып баруу болушу керек. Коомдо урфи оммду пайда кылуу үчүн, анда Жамаий рух пайда кылып алуу өтө маанилүү. Себеби, коомдо адамдардын бардыгы бири-бири менен алакасын ар дайым эле Аллахтан таква кылуу негизинде алып бара беришпейт. Коомдо кафирлер, мунафык жана фасыктар да болот. Алар коомдо бузукчулукка ыктап турушат жана ар дайым тескери аракет кылышат.

 Алар алып барып жаткан бузук жана шариятка тескери аракеттерге каршы калыптанган Жамаий жек көрүүнү Жамаий рух деп атайбыз. Мына ушул Жамаий рух гана коомдун, жамааттын, ал тургай, Хизбдин соо-саламат мухитинин кепилдиги болгон негизги механизм болуп эсептелет. Башкача айтканда, Жамаий рух, коомду өзүнө тескери болгон бардык элементтерден тазалап туруучу мухит болуп эсептелет.

 Төмөндө Жамаий рухту пайда кылуу үчүн кандай негиздерге көңүл бурушубуз керектигин жана негизинен, ижтимаий тармакта аялдардын орду жогору болгондуктан, ушул тармакта эмнелерге көңүл буруу керектигин айтып өтөбүз.

 Жашоодон көздөлгөн максат — бир гана даъват, деген түшүнүк адамды момун мусулманга айландырат. Бул түшүнүк Пайгамбарыбыздын сүннөтү жана ал кишинин сахабалары жашап өткөн жолдон бизге мураска калган тарыйкат болуп эсептелет. Сахабалар р.а. жашоодон көздөлгөн максат бир гана даъват деп билишет эле. Пайгамбарыбыз с.а.в.: Са­хабаларым жылдыз сыяктуу, алардын кай бирине ээрчисеңер, туура жолду табасыңар”, — деген.

 Ижтимаий турмуш – бул эркек менен аялдын ортосундагы мамилелерге тиешелүү жашоо таризибиз. Жашообуздун ижтимага тиешелүү бул тармагы да сүннөткө ылайык, даъват негизине курулушу важиб. Башкача айтканда, момундун ар бир иши дүйнө жана акырет кызыкчылыктары негизине курулат. Бул болсо жашообузда боло турган бир алаканы шаръий өкүм негизине куруу керектигин билдирет. Ушундай жашоо таризибиз менен башкаларга өрнөк болуп, дүйнөдө даъват жүгүн көтөрүп өтүшүбүз керектигин түшүндүрөт.

 Демек, ижтимаий турмуш махрам жана намахрам эркек жана аялдар ортосундагы мамилелерге тиешелүү шаръий өкүмдөр топтому экен. Эрди-катындык, ага-карындаш, ата-эне, кайнене- кайната, келин жана күйөө балага мамилелер, кудалашуу тартиптери, үйлөнүү ырасымдары, ажырашуу (талак жана анын шарттары)…. ушулардын бардыгы ижтимаий турмушубуз болуп, адамдар бизге карап өз мамилелерин калыптандырышат.

 Ижтимаий турмушун эле эмес, балким жалпы исламий мабдага болгон мамилелерин калыптандырып барышат. Башкача айтканда, биз өзүбүздү жашообузду даъват үстүнө калыптандырган исламий шахсия деп билсек, ар бир иш аракетибиз, мамиле жана алакабызда нафстан келип чыгып аракет кылышыбыз, же өзүм билемдик кылып каалагандай аракет кылышыбыз, же болбосо Үммөткө жагынуу үчүн аны менен бирге бидаъттарга амал кыла беришибиз туура болбойт!

 Даъватчы өз мүмкүнчүлүгүнөн жоопкер шахсия деп этибар кылынат! Ошондуктан, бири-бирибизди ар дайым мухасаба астында көзөмөлдөп турушубуз важиб! Себеби, Жамаий даъват жамааттын аброй этибарын күрөөгө коюу менен алып барылат! Башкача айтканда, ар бирибиз алып барып жаткан даъват (жашоо таризибиз) бир вужуд болгон исламий хизбий топ ичинде жамдалып барат. О.э. ар бир ката аракетибиз да ушул топтун кызыкчылыгына, аброюна зыян жеткирип, Исламдын турмушка кайтып келүүсүн кечиктирип жаткан болот.

 Бул болсо, коомдогу Жамаий мүмкүнчүлүгүбүздөн кыянаттык менен пайдаланып, аны – жаны, сабыры, кайраты жана мал-дүйнөсү о.э. көптөгөн жылдар залимдин камактарында отуруу менен кашыктап чогулткан абройду – арзыбаган дүйнөгө сатып жиберүүгө барабар деп этибар кылынат, мындан Аллах сактасын.

 Учурда ар бирибиз ижтимаий проблемалар менен убара болуп баратабыз. Себеби, коомдун бузуктугу жана биздин шахсиябыздын алсырап бара жатканы бизди даъватчы сыпатыбызды унутуп, кээде нафстин кулуна айландырып барууда. Бири-бирибиз менен ижтимаий алакаларда   күнөөкөрдүк жана шариятка тескери мамилелер менен аракеттенүүгө чейин жетип баруудабыз. Бири-бирибизге каршы куфрдан жардам сурап күрөшүү ыкмасын колдонууга чейин жетип бардык! Аллах сактасын биз чектен чыгып баратабыз!

 Жогоруда айтканыбыздай, ондогон жылдар түрмөдө сабырдуулук менен отуруп бизге ушул абройду алып берген агаларыбыз жана эжелерибизге ынсап кылбадык! Алар куфрга “Сеники туура эмес, Аллахтын дини болот, же мен өлөмүн” деп куфр дүйнөсүн чөгөлөтө алышты. Коом бизге ошол боордошторубуздун бир бөлүгү деген көз менен карап, ар бир аракетибизден өрнөк алып барат. О.э. ижтимаий алакаларыбыздан да.

 Ким менен кудалашып жатабыз, келинге кандай мамиле кылып жатабыз, күйөө бала жана кудалар менен алакабыз, тойду кандай өткөрдүк жана ал тургай сөөк узатуу ырасымдарын да бизден үйрөнүшөт, Алхамдулиллах. Бул Аллахтын нусраты,  инша Аллах!

 Бирок, бул нусрат куфр коомунда жыргап жашашыбыз, же ага көнүп, ушул аброюбуздан өз кызыкчылыктарыбыз жолунда пайдаланып жүрө беришибиз үчүн берилген эмес! Тескерисинче, тапкан аброюбуз жана коомдогу ордубуз аманат экендигин жана Исламды турмушка кайтаруу үчүн Аллах тарабынан берилип жаткан мүмкүнчүлүк экендигин ар дайым сезип турушубуз зарыл.

 Ошондо өзүбүздү өзүбүз мухасаба кылып, каталарыбызды моюнга алып, аны оңдоп, жалпы кызыкчылыктарды өз кызыкчылыгыбыздан жогору коюп, ар бир аракетибизде Аллахтын ыраазылыгын издеген исламий шахсия сыпатыбызды акыркы демибизге чейин кармап калсак ажеп эмес!!!

 Тыянак кылып айтканда, коомдо биздин ар бир аракетибиз адамдар ортосундагы туруктуу алакаларды калыптандырып барууда. Башкача айтканда, алар биздин сүйлөп жаткан сөздөрүбүздү кабыл алуудан мурда, ошол сөздөрдү жашоодо кандай колдонуп жатканыбызга маани беришет. Ээрчип жатып да амалдарыбызды ээрчишет.

 Демек, ижтимаий жашообузга бир көз жүгүртүп, аны жеке жашообуз деген этибарда эмес, тескерисинче даъват куралыбыз жана бейишке ачкычыбыз деген назарда карап чыгалы. Себеби, азыркы жашообуз коомдо Жамаий рух пайда кыла ала турган кубатка ээ болуп барууда. Жамаий рух болсо биз пайда кылып жаткан исламий урфи оммдун пайда болушунун, күчөп барышынын жана туруктуулугунун кепилдиги болуп эсептелет.

 Боордошуңар

Амалий коиданын жашоодо жана даъватыбызда ээлеген орду 

Амалий коиданын жашоодо жана даъватыбызда ээлеген орду

Амалий коида – бул ар бир пикир амал үчүн болушу, пикир да, амал да белгилүү бир идея үчүн болушу! Башкача айтканда, нерселерге жана вакиъде жүз берип жаткан ар бир окуяларга баа берип жатып, аларды исламий мабдаъий кызыкчылык тарапка буруу максаты менен пикирлөө.

Амалий коида, мабдаъий даъват менен бирге алып барылганда коомдо ыйманий мухит пайда кылып, Исламды урфи оммго айландырууда негизги роль ойнойт. Ошондуктан, биз хизб даъватчылары алгач өзүбүз амалий коидага амал кылып, жашообузду мабдаъий ислам менен бириктирип жиберишибиз керек!

Себеби, биз өзүбүз түшүнө албаган же амал кыла албаган ишке үммөттү чакыра албайбыз. Чакырсак да, натыйжа болбойт.

Даъват – бул момундун жашоосунун мазмуну болуп, момун адам сахабалар сыяктуу тирүү Куранга айланып, исламий шахсия сыпатын өзүндө калыптандырбаса, анын куру сөздөрү үммөткө таасир өткөрбөйт. Демек, үммөткө таасир кылбай жаткан даъватта үммөттү эмес, даъватты (тарыйкатка ылайыктуулугун) же даъватчыны кайрадан карап чыгуу керек. Өзү амал кылбаган ишке башкаларды чакыруу сүннөткө тескери амал болуп, эч качан көздөгөн максатка алып барбайт!

Ошондуктан, биз алып барып жаткан даъватыбызда амалий коиданы дастурул амал кылып, ар бир пикирибиз жана ушул пикирден келип чыккан иш аракетибиз бир гана ислам кызыкчылыгына каратылышы зарыл! Сахабалар сыяктуу, жашоодон көздөгөн максат даъват деп билишибиз керек жана ушуга амал кылып жашашыбыз керек.

Бүгүн вакиъге көңүл бурсак, куфр ислам маскасы менен “муътадил ислам” долбоорун көтөрүп, жашообузга кирип келе жатат. Бул долбоор белгилүү бир адамдар көрүнүшүндө эмес, пикирий, амалий турмуштук багыттар менен кирип келе жатат. Биз “баланчы имам мына бул муътадил пикирди көтөрүп жатат” деп имамдарга же илимдүү адамдарга каршы багыт алышыбыз туура эмес. Себеби, “муътадил ислам” куфр дүйнөсүнүн өтө чоң дүйнөлүк стратегиялык долбоору болуп, бул долбоор дүйнөлүк мабдаъий исламий мухитти жок кылуу максатында түзүлгөн. Бул долбоорду ачык-айкын түшүнүп албасак, анын кээ бир тараптары ал тургай хизбдин ичиндеги даъваттын багытына таасирин тийгизиши мүмкүн.

Муътадил исламдын максаты, даъват алып баруу тарыйкатыбызды башка тараптарга буруп жиберүү негизине курулган. Мисалы, хизб өз даъватын исламий тарыйкатка ылайык, идеологиялык (акыйдага негизделген пикирий жетекчилик) негизде алып барат. Ал үчүн ушул пикирге ылайык амалий багытка үндөөчү исламий сакафатты табанний кылды. Башкача айтканда, амалий коидага ылайык ар бир табанний кылган пикирин, иш жүзүндө аткарышы керек болгон иштердин муалажасы деп нусустардан ижтихад жолу менен истинбат кылды. Бирер табанний кылынган пикир назарий эмес, башкача айтканда, жөн гана билип коюу же адамдарга илимдүү болуп көрүнүү менен аларды өзүнө тартуу, же илимдүү адамдарды кемсинтүү максатын көздөгөн эмес, андай болушу таптакыр мүмкүн эмес. Себеби, азыркы муътадилдик долбоору дал мына ушул назария негизи менен кирип келүүдө. Алар пикирди амалдан башка, башкача айтканда, назарий илим катары үйрөнүү, үйрөтүү жана коомду ошону менен алек кылуу сыяктуу амалий коидабызга тескери мухитти пайда кылышмакчы.

Буга каршы күрөш кандай болушу керек?

Биз чалгып бара жаткан аалымдар менен күрөшпөстөн, муътадилдикти алып келе жаткан пикирлерди тосуу негизинде аракеттенишибиз керек.

Биз өз ишмердүүлүгүбүздү алар алып келе жаткан пикирий бузукчулуктан таза кармашыбыз керек. Мисалы, Ислам жана мусулмандардын абалын исламдаштыруу негизинен чалгытуучу пикир жана аракеттерден этият болушубуз керек. Башкача айтканда, биз да назарий илимий дарстарды же мечиттердеги насааттарды даъват менен алмаштырып алышыбыз, муътадил исламга пайдалуу аракет болуп эсептелет жана хизб табанний кылган амалий коидага тескери деп этибар кылынат. Исламий дарс алуу, берүү же ушуга чакыруу иштери, хизбий ишмердүүлүктөн өзүнчө исламий иш-аракеттер деп алып барылышы зарыл. Адамдар бул назарий дарстарды даъват деп кадыржам болуп калышынан этият бололу. Алар назарий дарстарды даъват үчүн даярдык же намаз, орозо сыяктуу исламий милдеттерден деп билиши керек.

Хизбийлер болсо, даъват үчүн хизб сакафаты жетиштүү экенине ынанышы болушу керек. Башкача айтканда, хизб даъватты жалаң гана өз тарыйкатына ылайык, идеологиялык негизде исламий хизбий сакафат менен алып барууну табанний кылды. Идеологиялык даъват, “Ислам түзүмү” китебинин биринчи абзацында сүрөттөлгөн. Башкача айтканда, адамдын жашоо жөнүндөгү жалпы түшүнүктөрүн жаркын пикир менен өзгөртүп, анын жашоосун ушул түшүнүккө ылайык Ислам акыйдасына байлап коюу менен ишке ашат. Андан соң, ал адам өз жашоосун бүтүндөй өзгөртүүгө мажбур болуп, шарий өкүмдөргө кайрыла баштайт. Ал адам шаръий өкүмдөрдү өзү каалаган мужтахидден же аалым-улама деп билген адамынан алышы мүмкүн. Себеби, хизб мазхаб эмес! Ал адамдардын жашоосунда учурай турган бардык жузъий проблемаларга чечим берүүгө жоопкер эмес. Эгерде ушундай болгондо хизб “Ихванул муслим” тарыйкаты менен кетет болчу.

Ошондуктан, жашообузда Куранды жаттоо, фикх илимин толук үйрөнүү үчүн дарс алып жатып, же башка бардык илимге жана ибадатка тиешелүү иштерди кылып жатып, аны тарыйкатка тиешелүү даъват деп кошуп жиберүүдөн этият бололу. Илим алууга тиешелүү ар кандай пикирлерибизди “амалий коида”га ылайык, хизб тарыйкатына ылайык алып барып жаткан даъват жолунда курал катары пайдалануу максатында үйрөнөлү. Бул үйрөнүп барышыбыз, амалдан алыс (назарий) болуп калбастыгы жана адамдар бизди ээрчип ушул илимий конференциялар менен гарыйзаларын канааттандырып албастыгы үчүн этият мамиледе бололу. Муътадил Ислам кызыкчылыгы жүзөгө чыкпасын үчүн даъватты илимий-назарий дарс алуу иштери менен аралаштырып жибербейли! Амалий коидага амал кылып, үммөттү да ага амал кылууга даъват кылалы. Себеби, хизб сакафатында үммөттү түптөн өзгөртүү үчүн жетиштүү пикирлер бар. Биз даъватта башка булактарга муктаж эмеспиз. Бирок, бул жерде проблема биз сакафат алып жатып анын жашоодогу орду жөнүндө о.э. аны кайсы жерде, кандай иштетүү жөнүндө пикирлебей койдук. Коомдо бийлик менен кызматташтыкта иш алып барып жаткан кээ бир аалым-уламалардан таасирленип, биз да ошолордой кылсак, алар жетишкен максаттарга жетише алабыз деп чалгып, даъватты илим үйрөнүү менен алмаштыра баштадык. Бүгүнкү күндөгү алсыздыгыбыздын себеби илимсиздиктен деп ойлоп, чечимди хизб сакафатынан эмес, башка булактардан издей баштадык! Этият бололу, куфр бизди исламий мабдаъъий тарыйкатыбыздан чалгытмакчы болууда! Жүздөгөн жылдар мурда жоготкон тарыйкатыбызды эми тапканыбызда башка тарыйкаттар менен аралаштырбай, сабыр менен туруп анын нукуралыгын сактап калалы.

Жихад фарз, бирок тарыйкат эмес! Намаз фарз, ал да тарыйкат эмес! Орозо, зекет, ата-энеге моюн сунуу…. фарз, бирок кимде-ким ушуларды тарыйкат десе, ушуга даъват кылуу менен ислам турмушка кайтып келет десе биз аны айлакер, жахил же чыккынчы деп атайбыз! Азыр куфр бизге ушундай айла-амал менен кирип келе жатат. Биз этият болбосок, билбеген абалда ага пайда келтирип коюшубуз мүмкүн!

Тыянак кылып айтканда, даъват коомду куфр менен талашуу негизинде алып барылат.

Коом: Адамдар, пикирлер, туйгулар жана мыйзамдардан турат. Адамдардын пикирлерин исламдаштыруу. Ал үчүн аларды ар бир нерсе жана өз ара алака-мамиледе исламий дүйнөкарашты негиз кылып алышына жетишүү керек.

Туйгуларды касб кылуу, адамдарда гарыйзасынан келип чыккан туйгуларын Ислам жана исламий баалуулуктарды коргой ала турган нафсияларды жаратуу менен болот.

Мыйзам болсо адамдар ортосундагы туруктуу алака жана мамилелерди шаръий өкүм менен башкаруу.

Демек, даъват куфр коомун Ислам коомуна айландыруу үчүн алып барылуучу иш-аракеттер экен. Коомдун исламдашып бара жатканында, алардын мабдаъий ислам менен биригип, ар бир пикир жана амалын ушул мабдаъ кызыкчылыгы негизинде алып барышында көрүнөт. Башкача айтканда, амалий коидага амал кылууну урфи оммго айландырып алуу исламды коомго алып кирүүнүн негизги принциптеринен экен.

Абдураззак.

Жамаий рух жана аны пайда кылуу


Жамаий рух жана аны пайда кылуу

Жамаий рух – коомдо болуп жаткан ар бир абал, окуяларга карата исламий, шарий позициядан туруп баа бере баштаганда көрүнөт. Коомдогу адамдардын мындай баа бериши, мусулман же кайрымусулмандарды да ар бир аракетин сергек, зирек жана шарий тараптарын эсепке алып аткарууга мажбурлай алат .

Калк (үммөт) ижтимаий вужуд болгондуктан, анда ар кандай эътикад, такыба, салахият, күч-кудурет жана акыл ээлери болгон адамдар жашайт. Алардын бардыгын идеологиялык пикирий жетекчилик менен т.а. акыйданы аклий тушүндүрүү менен жетектей албайбыз. Себеби алардын ичинде каапырлар, мунафыктар, фасыктар, жахил адамдар албетте болот..

Демек коомду исламийлештирүүдө урф омго айланган жамаий рухтун ролу абдан чоң.

Жамаий рух: ар бирибизди ыйманий мухитте бекем турушубузда да маанилүү орунду ээлейт. Маселен: жамаат ичинде турган дааватчы менен жамааттан ажырап калган же жеке дааватчыны салыштырып көрөлү. Жамаий рух о.э. дааватчы бурадарларда кадыржамдык, батымдуулук, мухасаба жана ыйманий чөйрөнү пайда кылат. Жамааттан кол үзүү же жеке түрдө даават кылам дештик, адамды заифтикке, дааватта суз тартууга алып баруу менен бирге күтүлгөн натыйжа жана максатка алып бара албайт.

Лекин кээде ушундай абалдар болот: Дааватчы жамаат ичинде жүрүп заифтешип же ыйманий чөйрөдөн чыгып кетет. Бул абалда жамааттын мухити бузулган же жамаий рух заифтешип калган болот. Анткени жамаий рух, ар бир шахсты көзөмөл кылып баруусу керек. О.э. ар бир шахстын ар бир аракетиндеги ката-кемчиликтер жамаат тарабынан күзөтүлүп, баа берилип, мамиле билдирилип барылышы жана ушул көзөмөл шарий хукмга негизделип барышы Жамаий рухтун туура жана бекем бара жаткандыгына далалалат кылат.

Эгер жамаат өз мүчөлөрүнө ушундай мамиледе болбой о.э. ар бир дааватчыга жамаий таасир көрсөтүүгө аракет кылбай ар ким өз-өзү менен убара болуп калса, демек жамаий рух жоголуп бараткан болот.

Жамаий рух ар бир шахсты өз жамааты, жамааттын алдыга койгон максаты, ушул максатка жетүүдөгү жолдордун тазалыгы жана ушул жолдо кызмат кылып бараткан шахстардын абалдары туурасында ойлоого үндөйт. Мунун тескериси т.а. жамаий мухит башка негиздерге курулуп калышы о.э. идеологиялык кызыкчылыктардан чалгып, дүнүөлүк кызыкчылыктар менен гана алаксып, жамаатты дүйнө проблемаларын чечип берүүчү васита кылып алуу максаттан чалгууга алып барат. Акыр аягы бул абал жамаат мүчөлөрүнүн кыянат о.э. салахият жана абройлорун бул дүйнөдөгү кызыкчылыктары жолуна сарптап жиберүү сыяктуу аянычтуу абалга алып барат.

Түпкүлүгүндө дүйнөдөгү проблемалар идеологиялык максатка жетишүү үчүн талкууланышы керек эле. Т.а. ар бир абал, окуя жана аракеттер жалаң ушул абалдан Исламды коомго алып кирүү максатында пайдалануу чекитинен туруп пикирлениши керек эле. Ошон үчун биз алгач өз жамаий мухитибиздеги Жамаий рухту өз ордунда сактап, күчөтүп баруубуз керек.

Бул менен катар эле коомдо жамаий рухтарды пайда кылып барууга жана күчөтүүгө катуу маани беребиз. Коомдо жамаий рухту пайда кылуу Хизб ичиндеги жамаий рухту күчөтүүдөн айырмаланат. Т.а. хизб пикирий вужуд болгондуктан анын мүчөлөрү хизбдин ушул исламий пикирине канааттанган, моюн сунган жана ушул пикирлердин жардамында Исламды коомго алып чыгууга убада берген  дааватчылар. Коом өкүлдөрү болсо мындай эмес. Алар ижтимаий вужуд болуп, ар кандай пикир жана түшүнүк ээлери. Алар дааватты Хизб табанний кылган сакофат менен коомго алып чыгууга жоопкер да эмес

Демек биз коомдо жамаий рухту пайда кылууда шашылбайбыз. Хизбийге болгон идарий же жамаий талап жана мамилени катардагы адамдарга колдонушубуз туура болбойт. Мындай мамиле тескерисинче жамаий рух пайда болушуна тосук болот, жада калса хизбди үммөттөн ажыратып барат.  Биз  алардан болгону мафкуравий мажбурияттарын өздөрү табанний кылган исламий мазхаб же башка райлары негизинде амалага ашыруусун талап кылабыз. Б.а. ар бир мусулман хизб табанний кылган райларга баш ийүүсү шарт эмес, лекин исалмий райлар менен даават кылууалары шарт. Үммөттө жамаий рухту пайда кылуу, тарбиялоо жана күчөтүп баруу, бизден коомчулукка дааватты жамаий зыяраттар ыкмасында алып чыгууну талап кылат.

Жамаий рух оозеки сүйлөп коюуу менен гана пайда болбойт. Балким ар бир исламий абалды амалда көрсөтүп үлгү болуу менен ишке ашат. Т.а. ар бир айтып аткан пикирлерибиз иш жүзүндө көрүнүп баруусу шарт. Бул ар бир хизб мүчөсүнөн мумтаз шахсия болууну  жана коомдо исламий жашоо кечирип баруубузду талап кылат. Демек коомдогу жамаий рухтун пайда боолуусу, хизб ичиндеги жамаий рухтун күчтүү болуусуна байланыштуу экен.

Коомдо жамаий рухтун пайда болуп барышы хизбдин аракетинин натыйжасы, туура багытталып бара жаткандыгына далалат кылат. Анткени хизб коомдо Исламды тикелөө үчүн максат кылган жана ушул максат үчүн гана бар болуп турат. Хизб мүчөлөрүнүн көбөйүп баруусу хизбдин күчтүү экендигине даалат кылбайт. Балким бул нерсе, коомго өзүнүн исламий пикирлери менен канчалык таасир көрсөтө алганы менен тагыраагы алдыга койгон максатка карай канчалык кызмат кылып жаткандыгы менен өз милдетин аткарып жаткан болот.

Жамаий рухтун коомдо көрүнүшү кандай болот?

Жамаий рух пайда болушу менен, коомдо исламий баалулуктарга  (сакал, хижаб, ырасымдар…) болгон мамилелер жакшы тарапка өзгөрүп барат. Адамдардын ортосундагы жана акимият менен болгон алакалар шарий хукмдар менен жүрө баштайт. Акимият мусулмандардын колдоосун алуу үчүн исламий шарттарды пайда кылууга аракет кыла баштайт. Ижтимаий (эркек жана аял ортосундагы) мамилелер да исламий боло баштайт…

Ушул көрүнүштөрдүн бардыгы жамаий рухтун таасири астында ишке ашып барат. Анткени адамдар башка адамдардан о.э. көпчүлүк же коомдогуу таасирлүү жана жетекчи адамдардан таасирленет. Алар көпчүлүк кылып жаткан ишти ката болсо да кыла берет. Жада калса фасык адамдарды да шарий багытка сала ала турган мына ушул кубатты Жамаий рух деп атайбыз.

Жамаий рухту пайда кылып алуу, акыйдасы бар адамдарга эле  эмес жада калса көр-сокурларча ээрчип аткан адамдарга да таасири күчтүү болот. Бул болсо коомдун исламийлешип баруусу үчүн үлкөн таасир көрсөтөт. Маселен, бир катар шахстардын өлүм ырасымдары шарий ырасымдар менен көмүлүшү барып-барып урфка айланып коом ушул нерсеге адаттанган. Азыр фасыктар да ушундай тартип менен өлүк көмүп жатышат. Демек коомдун урфтары ар бир адамга пикир жеткирүү менен эмес балким ошол пикирди амалда үстөм экендигин көрсөтүп берүү менен үммөттө пайда кылуу аркылуу ишке ашат. Бул болсо биздин үлгүлүү исламий сыпатыбыз менен даават кылып жашап барууну талап кылат.

Курани Карим Алланын түбөлүктүү мөжизасы

Курани Карим Алланын түбөлүктүү мөжизасы

(Ажыз калтыруу жана чакырык)

Курани Карим Ислам рисалатынын акыйкаттыгын далилдөөдө пайдубалга окшойт. Ушуга карай, анын ажыз калтырууда далил-хужжат экенин жокко чыгаруу – бул Ислам коргону бүтүндөй жемирилди дегени. Бул коргон коргон болуп, Ислам таңы аткандан баштап чыгыш-батышка шоола чачты. Куран илиминин изилдөөчүлөрү токтолгон ажыз калтыруу жаатынын тафсилатына киришип отурбастан, жөнөкөйүрөөк жана адам түшүнүгүнө жакыныраак болгон ажыз калтыруу жагына чектелемин. Бул жак Курандын ушул жааттагы анык жана түздөн-түз хытаб-кайрылуусу менен үндөш келет. Бул теманын негизги маңызына киришүүдөн мурун, ушул тема таяна турган элестетүүлөрдү көрүп чыгуу керек.

Акыл касиети болбогон, өз майданында чектүүлүк менен сыпатталган көз алдыбыздагы табияттын тутумдук бөлүктөрү өзүнүн бар экендиги жана бир жипке тизилген шурулар сыяктуу жайгашуусу үчүн чоң күчкө муктаж болот, бул күч болсо жоктон бар кыла ала турган, нерселерди назик түрдө башкара алуу жана барлыктагы нерселерди ажайып ыкмада тартиптештире алуу кудуретине ээ болгон күч. Ошондуктан, мындай иштер көр-керең болгон табияттын өзүнөн жүз бериши таптакыр мүмкүн эмес. Демек, барлыкты башкарып жаткан түзүм сезиле турган хикмат жана мыйзамдарга таянат, аларды этибарсыз таштап коюп да болбойт, алардын тадбир-чара менен башкаруучу даанышман Жаратуучуга муктаждыгын инкар кылып, жокко чыгарып болбойт.

Адамды аклий кудуретке жана эрк-ирода эркиндигине ээ экенин шылтоо кылып, ушул коидадан истисна кылып болбойт (б.а. ушул эрежеден чыгарып салуу туура эмес). Себеби, ал ааламдын жеңип болбос мыйзамдары алдында өзүнүн чектүүлүгүн жана ажыз-алсыздыгын моюнга алат. Ал ачылыш жасоо учурунда бул мыйзамдарды түшүнүүгө катуу киришет жана аларга моюн сунуудан башка чара таба албайт. Жерди көгөрткөн жана асман ичине шуңгуган адамзаттын абалы ушундай болгон соң, адам сезе турган башка махлукат-жаратылмыштар дагы да ажызыраак болот. Ошондуктан, жаратуучу жана табиятты башкара турган мыйзамдарды иштеп чыгуучу Зат ааламдагы махлукаттар чөйрөсүнөн тышкарыда экендиги өз-өзүнөн айкын болот. Философтор жана ойчулдар аалам, адам жана тирүүлүктү жоктон бар кылууда ушундай чексиз кудурет Ээсине важибул вужуд т.а. азалий Жаратуучу, бардык махлукаттар бар болушунда ага таянат деп өз ара аныктама беришкен.

Адам айланасына назар таштайт. Аны бир канча каалоо-майлдар жашоосундагы ролун түшүнүүгө жетелейт. Бул дүйнөгө келүүдө андан сурап да отурулбагандыгы, өтө көп нерселерде өз ыктыярына таштап коюлбаганы, мындан сырткары, бул жерде дайыма кала албашы, жалпысынан алганда, дүйнө табияты туурасындагы көп суроолорго жооп издейт. Адам өз суроолоруна жооп бере ала турган кандайдыр бир философия жаратууга мажбур болот. Бирок, көңүлү бейгам болбойт, өзүн эркин сезе албайт. Тескерисинче, ошол кабыл алынган философия канчалык зор болбосун, өзүнүн бул дүйнөдө туруу жана мажбурий түрдө бул жерден кетүү себептерин акылды канааттандыра турган жана табиятка дал келе турган түрдө толук-жетик чечип бере турган жаркын пикирди бере албаган соң, таң-маң жана туруксуз болуп кала берет.

Рисалат Алла (важибул вужуд) тарабынан Өзү адамзат арасынан тандап алган кишиге (т.а. пайгамбарга) түшөт. Мындан көздөлгөн максат болсо, ошол пайгамбардын адамга анын жаралышынан көздөлгөн максатты көрсөтүп, ага турмуштагы ролун жана жүрө турган прогаммасын белгилеп берүүсү. Муну менен адам – Алла адамзатты башка махлукаттардан мукаррам жана абзел кылып койгон даражасына – ошол программа аркылуу көтөрүлөт. Эми болсо мына ошол рисалат ээсин тастыктоого муктаждык туулат. Анткени, рисалат ээсине өзү көтөрүп чыгып жаткан даъваты үчүн далил керек болот. Себеби, ал алдамчы эмес. Болбосо, туш келген адам пайгамбарлыкты дааба кылып, адамдар кыйын акыбалга түшүп калган болор эле.

Далил (мөжиза) да жер калкын айып-кемчиликтен аруу Жаратуучуга байламакчы болгон рисалатка дал түшүп келет. Т.а. бул далил Жаратуучунун жалгыз Өзү гана өкүм жүргүзө турган табият мыйзамдарынан тышкарыдагы нерселерди көрсөтүү менен адамзатты таң калтырат. Демек, муну менен чакырык катары далил ортого ташталат, адамдар болсо – топтолгон абалда болушабы, же өз-өзүнчө абалдабы – бар мүмкүнчүлүктөрү менен мындай нерсени келтирүүдөн ажыз калышат (б.а. буга алсыздык кылышат). Бул болсо өз кезегинде рисалатты алып чыгып жаткан кишинин пайгамбарлыгы хак экенин далилдейт жана ал далил куфр менен ыйман ортосундагы чечүүчү хужжатка айланат.

Ошентип, мисалы, оттогу күйгүзүү сыпаты жок болот да, Ибрахим алайхис-саламга азар бере албайт. Муса Калимуллахтын таягы жыланга айланып калат. Иса алайхис-салам Алланын уруксаты менен өлүктөрдү тирилтет. Бул көрүнүштөр өз ээлеринин хак пайгамбар экенин аларды көрүп, күбө болуп турган кишилерге далилдөөчү мөжиза болушу үчүн Илахий ирода табият мызамдарына аралашып, аларга таасир өткөзөт. Лекин, бул мөжизалар хужжат болууда белгилүү бир үммөттөргө жана доорлорго байланыштуу болгон. Бирок, алардын жүз бергени чын экенине ыйман келтиришибизге далил – алардын хужжат болушу бирер үммөткө же доорго байланыштуу болбогон түбөлүк мөжиза болгон Алланын Китебинде келгендиги.

Курани Карим улуу пайгамбар Мухаммад с.а.в га түшүрүлгөн. Ал киши аны мен жазганмын деп дааба кылбаган. Эгер ошондой дегенде, адам табиятынан келип чыгып, же турмуш мыйзамына ылайык кимдир бирөө ал киши алып келган нерсени же андан да жакшыраагын келтирген болор эле. Негизи, мындай абал жүз бербеген. О.э. эч ким аны мен жазганмын деп дааба кылбаган. Алар ушундай кылышканда, аларга да ошол өкүм туура келер эле. Т.а. кайсыдыр адам Куран жаза алганда эле, башка бир киши да ошондой, же андан да жакшыраагын жазбай коймок эмес. Мындай абал да жүз берген эмес. Мындай ишти кылуу мүмкүн эместигинин тафсилатына эми киришебиз. Демек, ушунун өзү Куран Алла Табарока ва Тааланын Китеби экенине далил болот.

Курандын форма-шекилдери араб тили харф-тыбыштарынын «алиф»тен тээ «йа»га чейин болгон коидалары жана билимдери байланыштуу болгон нукура араб тилинде болуп, Куран отуз бөлүктүн ичинде бир жүз он төрт сүрөгө бөлүнгөн жана алты миң эки жүз отуз алты аяттан түзүлгөн. Көп аяттарынын көлөмү эң кыска сүрөдөн чоңураак.

Буюк пайгамбар Мухаммад с.а.в өзүнө каршы болгон кишилердин алдына барды. Алар араб тилин жакшы билген жана араб тилинин ырын (поэзиясын) да, насрин (прозасын) да ушунчалык жакшы өздөштүргөн адамдар болуп, кудум Фиръавн сыйкырчылары сыйкыр тармагында жетишкен, Иса алайхис-салам коому медицина тармагында жетишкен даражада бул тармактын кыл чокусуна жетишкен эле. Ошондой кишилердин алдына барып, аларды Курани Каримге окшошун келтирүүгө чакырды:

قُلْ لَئِنِ اجْتَمَعَتِ الْإِنْسُ وَالْجِنُّ عَلَى أَنْ يَأْتُوا بِمِثْلِ هَذَا الْقُرْءَانِ لَا يَأْتُونَ بِمِثْلِهِ وَلَوْ كَانَ بَعْضُهُمْ لِبَعْضٍ ظَهِيرًا

– «Айткын: «Ант болсун, эгер бардык инсандар менен жиндер мына ушул Курандын окшошун келтирүү жолунда биргелешип, бири-бирлерине көмөкчү болушса да, анын (т.а. Курандын) окшошун келтире алышпайт». [17:88]

Чакырыкты күчөтүү жана анын күчүн көрсөтүү максатында айрым гана сүрөлөрдү келтирүүнү талап кылды:

أَمْ يَقُولُونَ افْتَرَاهُ قُلْ فَأْتُوا بِعَشْرِ سُوَرٍ مِثْلِهِ مُفْتَرَيَاتٍ وَادْعُوا مَنِ اسْتَطَعْتُمْ مِنْ دُونِ اللَّهِ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ

— «Же: «Аны (т.а. Куранды Мухаммад) ойлоп чыгарган» дешеби? Айткын: «Анда, эгер ыраскөй болсоңор, Алладан башка күчүңөр жеткен бардык буттарыңарды (жардамга) чакырып, ушуга окшош он гана «ойлоп чыгарылган» сүрө келтиргиле!» [11:13]

Чакырыктын эң кем өлчөмү болгон бир гана сүрө келтирүүлөрүн катуу талап кылды:

أَمْ يَقُولُونَ افْتَرَاهُ قُلْ فَأْتُوا بِسُورَةٍ مِثْلِهِ وَادْعُوا مَنِ اسْتَطَعْتُمْ مِنْ دُونِ اللَّهِ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ

— «Же: «Аны (Мухаммад) ойлоп чыгарган» дешеби?! (Эй Мухаммад алайхис-салам), айткын: «Анда, эгер ыраскөй болсоңор, Алладан башка күчүңөр жеткен бардык (буттарды жардамга) чакырып, ушул (Куран)га окшош бир гана сүрө келтиргиле!». [10:38]

Бул чакырыкты баса белгилеп, аны кайрадан кайталады:

وَإِنْ كُنْتُمْ فِي رَيْبٍ مِمَّا نَزَّلْنَا عَلَى عَبْدِنَا فَأْتُوا بِسُورَةٍ مِنْ مِثْلِهِ وَادْعُوا شُهَدَاءَكُمْ مِنْ دُونِ اللَّهِ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ

— «Эгер Биз пендебизге (Мухаммад алайхис-саламга) түшүргөн нерседен (т.а. Курандан) шек-күмөндө болсоңор, анда ошого тең келе турган бир эле сүрө келтиргиле да, Алладан башка күбөлөрүңөрдү чакыргыла – эгер чынчыл болсоңор». [2:23]

Курайш чакырыкты билбей калышы эч мүмкүн эмес эле. Себеби, Курани Карим Мухаммад с.а.в дын пайгамбар экендигинин да, Ислам рисалатынын тууралыгын да далилдөөдө негизги орунду ээлер эле. Турмуштун жаңы дастурун көрсөтүп туруучу акыйда жана шарияттарды өз ичине алган бул рисалат жахилий коомдун тутумдук бөлүктөрү менен кагылышып, аларга катуу таасир өткөзүп, бардык абалдарды: этикат, саясий, экономикалык жана ижтимаий болобу, астын-үстүн кылып таштаган эле. Курайш жетекчилери бул чакырыкты кабыл алып, урунуп көрүштү, урунушканы менен, бардык урунуулары текке кетти. Бул болсо өз кезегинде тил менен далилдешүүнү жыйыштырып коюп, күрөштү катуу колдук жана жырткычтык менен улантууга алып барды.

Ислам даъватын жанчып таштоого урунуп көрүштү. Он үч жыл эч бир курал, козголоң жана зомбулуксуз, жалаң сөз жана чакырык менен гана каршылык көрсөтүүгө чектелген даъватты жок кылуу үчүн бардык ишти: өлтүрүү, кыйноо, сүргүн, камалды колдонушту. Ошентип, Курандын улуу сөздөрү алардын алиппе тыбыштарынан түзүлгөнү о.э. өздөрү түшүнүп турган, кадырын биле турган, ордун улуулай турган, сырларын жана ажайибаттарын башкалардан көрө жакшы түшүнө турган тилде болушуна карабастан, алардан үстөм келди. Исламий даъваттын салабаты ашып, жаңы тарапкерлерди тартты. Натыйжада, Мекке тогуттарынын коону колтуктарынан түшүп, дагы да жырткычтанып кетти. Набий с.а.в га каршы тил бириктирип, ал кишини өлтүрүү үчүн план иштеп чыгышты. Пайгамбардын издештерине карата да кыйноолорду күчөттү. Негизи, алардан бир гана сүрө келтирүү талап кылынган эле. Эгер ушуну кыла алышканда, Ислам ташбишинен өмүр бою кутулган болушар эле. Бирок, мунун чарасын таба алышпады:

تَنْزِيلُ الْكِتَابِ مِنَ اللَّهِ الْعَزِيزِ الْحَكِيمِ

— «(Бул Куран) Кудуреттүү жана Хикматтуу Алла тарабынан түшүрүлгөн Китеп».        [46:2]

Жөнөкөйлөтүп айта турган болсок, Ислам даъваты өз күчүн жоготушу үчүн Курани Каримде жазылган бир гана сүрө келтирилсе жетиштүү болмок. Ушуну да айта кетүү керек, чакырыкты кабыл алган киши 6144 сөздөн турган «Бакара» сүрөсүнө окшошун келтирбей эле койсун. Балким, он гана сөздөн түзүлгөн үч аяттан турган «Кавсар» сүрөсүнө окшошун келтирсе болду. Ооба, бир саптан да кемирээк, бир гана сүйлөмдөн түзүлгөн бир сүрөнү келтирүү ушул диндин негизги душмандарынан болгон наср жана ыр чеберлери үчүн Ислам барагын бүтүндөй жабууга жетиштүү болот эле.

Бирок, мындай болгон жок, болбойт дагы. Мунун зор мааниге ээ бир себеби бар. Ал да болсо Куран бирер нерсенин эмес, Алланын сөзү болуп, анын дүрлөрү ажайып түрдө терилип коюлган. Улуу Пайгамбар с.а.в дын негизги душманы Валид ибн Мугийра аны минтип сүрөттөдү: «Аллага ант болсун, азыр Мухаммаддан бир сөз уктум, ал адамдын да, жиндин да сөзү эмес. Анда жагымдуулук жана көркөмдүк бар. Ал көтөрүлөт. Эч нерсе андан бийиктикке көтөрүлө албайт».

Балким, кимдир бирөө: Куранда мөжизалык бар, аны түшүнүү болсо арабтарга чектелген. Себеби, алар бул тилден лаззаттана алышат, андагы маанилерди түшүнүшөт. Ушундан улам, Курандагы ажыз калтыруучу жактарды идирек кыла алышат. Бул болсо, арабтардан башкаларга туура келбейт. Ошондой болгон соң, кантип Куран бүткүл ааламга хужжат эсептелип, аларды Исламды кабыл алууга мажбур кылат? – деши мүмкүн!

Мындай талкуулоочулар Куранга ыйман келтирүү менен Исламды кабыл алуу үчүн араб тилин билүү биякта турсун, ал тургай, аны менен алектенүү да шарт эмес экендигин унуткан көрүнөт. Себеби, бул талап көпчүлүк мусулмандардан да табылбайт. Себеби, алардын көпчүлүгү араб тилин билбейт. О.э. Курандан рахат алуу, ич-ичине кирип баруу, мухитинде сүзүү, дүрлөрүн текшерип көрүү үчүн тил билүү болсо, ушул доорубузда, ал тургай, көпчүлүк арабтарга да кыйын болуп калган. Исламды кабыл алмакчы болгон киши мурункулардан билиши керек болгон нерсе, Курандын ажыз калтыруучулугу бар жана ал адамзаттан кимдир бирөө Курандан бир сүрөгө окшошун келтирсин деген чакырыкка каратылган. Жөнөкөйүрөөк кылып айтылса, Куран бүткүл адамзатты Исламдын ишин жокко чыгаруу үчүн көп эмес, бир жолу гана, Курандын бир саптан ашпай турган, он гана сөздөн турган бир сүрөсүнө окшошун келтирүүгө чакырат. Араб тили кол астыбызда турганына о.э. ал эрежелери менен амал кылына турган жана жүз миллиондогон адамдар сүйлөшө турган тил болушуна карабастан, бул ишти эч ким эптей албады. Демек, бул нерсе Куран Жараткан Эгемдин сөзү экендигине анык далалат кылууда.

Демек, билиниши ылазым болгон нерсе, муну бүткүл мусулмандар – арабтары да, ажамдары да түшүнүп турушат – үммөттөрдүн баары топтолгон абалда да, ажыралган абалда да, жеке абалда да, жамаат-жамаат болгон абалда да Курани Каримден бир гана сүрөгө окшошун келтирүүдөн ажыз калышты. Мусулмандарга кайрымусулмандардын көпчүлүгү араб тилинен жакшы кабардар экени маалым болсо да, тил тармагындагы жөндөмдөрү эмес, балким, доорлор өтүшү менен Курандан ушунчалык аз эле өлчөмүнө окшошун келтире алуудан ажыз калышканын түшүнүүлөрү о.э. чакырык менен бирге өз ара биригүү факторлорунун бар экендиги аларды Курани Каримдин мукаддас-ыйыктыгына жана ал Алла Таала алдынан түшүрүлгөнүнө багынууга мажбур кылды.

Айрым талкуу кылуучулар суроону башкачараак кылып беришет: Бирок, араб да, мусулман да болбогон кишилер араб тилин билишпесе, Куран текстине окшото да алышпайт, анын мөжизалыгын баян да кылып берише албайт, кала берсе, алардан Курандын хужжат экенин жана мөжизалыгын кантип талап кылуу мүмкүн?!

Дагы айтып өтмөкчүбүз, талап кылынып жаткан нерсе Куранда келген сүрөгө ошкошун – он сөздөн куралган бир сүйлөм көлөмүндө болсо да – адам перзенттеринен эч ким келтире албастан, ажыз калганын түшүнүп жетүү. Негизи, мындай абал жүз бербеди о.э. эч ким келтире албады. Ушуну менен Курандын хужжат экени ажыз калтыруунун мына ушул түрүнөн кабардар болгон ар бир кишинин мойнуна аны баян кылууну жүктөйт.

Ар кандай күмөндү жоготуу үчүн кошумчалайбыз: Туура, сүрөнү бир гана араб тилинде түзүүгө мүмкүн. Ушуга ылайык, урунуп көрүү үчүн араб тилин тыкан үйрөнүү шарт. Бирок, талап кылынган нерсе бул орунда бийик жөндөмгө ээ болгон, лекин, ушул нерсе асл тил ээлери жана анын чеберлери болушуна карабастан өтөсүнөн чыга албаган кишилер бар экендиктерин билүү, түшүнүү болуп саналат. О.э. ошондой жөндөмдөргө ээ болгон, негизги ой-ташбиши Исламды бүтүндөй жок кылуу болгон кишилер да бар. Бирок, бул иш алардын да колунан келбеди. Кала берсе, ошонун өзү Курани Каримдин мөжизалыгы чын экенине этикат кылууга мажбурлайт.

Жогорудагыларга кошумча түрдө ушуну да айтууга болот, чакырык эшиктери али да ачык. Шек жок, Исламдын ишине болгон этибар дүйнөдө чоңойуп барууда, аны жокко чыгаруу маселесине чоң мамлекеттер жана түрдүү улуттар көңүл бурууда. Ушул ишке бел байлаган ар бир кимсе араб тилин түшүнүшү жана үйрөнүшү мүмкүн. Мунун эч кыйынчылыгы жок. Анткени, бүткүл тилдерди үйрөнүү иши байыртан бар. Кала берсе, ошол эле учурда, жогорку жөндөм менен бир нече тилдерди акыл таң каларлык даражада биле турган кишилер абдан көп. Ушул нерсе факт экендиги анык, көп тилдерди жакшы биле турган мындай кишилерге Курандын мөжизалыгы күчтүү экендиги айкын. Себеби, алар ачылыш жасоонун бардык факторлору жетиштүү болгон тилде бир катардан ашпай турган бир сүйлөмдү бир жолу гана келтирүүнүн да мүмкүнчүлүгү жоктугун башкаларга караганда жакшырак түшүнүшөт.

Бул темабызда иш – жогоруда айтып өткөнүбүздөй – тилди (т.а. араб тилин) тыкан билүүгө тиешелүү. Анткени, бул тилде мөжизавийлик бар деген кептин каталыгын далилдөө Исламды жок кылуу үчүн байма-бай уюштурулган чабуулдарда, узак кылымдарга созулган кресттүүлүк согуштарында, кандуу хазараттар күрөшүндө желип-жүгүргөн, азыр да «терроризм»ди тамыры менен кууратуу үчүн уюштурулган түрдүү чабулдарда желип жүгүрүп жаткан кимселерди бактысыздыктан куткарууга жетиштүү эле. (Т.а. алар Куран тилинде мөжизавийлик жоктугун далилдей алышканда – албетте, муну далилдей албашы анык – бешенелерине бактысыздык тамгасы басылышынан кутулуп калышкан болор эле). Чындыгында, Ислам узак кылымдар бою күрөштүн маанилүү факторлорун көрсөтүп келүүдө. Ири мамлекеттер жана империялар бүткүл этибарларын дайыма Исламда калыптанган чакырыкка жана коркунучка каратып келишкен, эч бир абалда бул чакырык жана коркунучка көз жума алышпаган. Чындыгында, Ислам Батыштагы саясатчылардын да, Чыгыштагы саясатчылардын да бип-бирдей уйкусун бузган жана бузуп келүүдө.

Ислам душмандары Исламий Үммөт менен болгон күрөштөрүндө динди кыймылга келтирүүчү күчтү жок кылуу үчүн өтө чоң мээнет сарпташты. Айрыкча, соңку кылымдарда Батыш тарабынан алып барылган иштердин күбөсү болдук. Себеби, чыгыштаануучулардын аракеттери өтө чоң болду. Алар Исламды жаманатты кылуу үчүн узак убакыт түрдүү ыкмалар колдонушту. Анын өкүмдөрү туурасында чалгытуу жана күмөндөр козгоого умтулушту. Кимдир бирөөнүн оюна «алар Исламды түп тамыры менен жок кылуу үчүн Курандан он сөздөн гана түзүлгөн бир сүйлөмдөн турган сүрөгө окшошун келтирүү туурасындагы Кураний чакырыкты унутушкан» деген нерсенин келиши туура эмес.

Кала берсе, Батышта Исламга жана арап тилине адистешкен изилдөө борборлорунда ушундай чыгаан адис жана изилдөөчүлөр бар болуп, алар аркылуу иштердин эң назик тафсилаттарынан да кабардар болуп турушат. Алар бул тармакта миңдеген изилдөө борборлору аркылуу чоң күчтөрү бар экендиги менен даңкы чыккан. Кимде-ким Лондон, Париж, Москва, Вашингтондогу адистешкен илимий изилдөө институттары жана борборлоруна барса, араб тилин абдан жакшы биле турган кайрымусулман чыгаан профессорлорду көрөт. Ал тургай, алар Шафиий, Малик жана Абул Асваддардын шериктери болгонбу деп да ойлоп кетесиң. Бул билимдандар жана адистик ээлери – керектүү болгон бардык колдонмолору бар боло туруп, эч кандай тоскоолдук болбосо да – Курандын мөжизалыгын жок кыла турган нерсени сунуш кыла алышпады. Ошондой болгон соң, башкаларга Курандын улуу даражасына икрор болуудан, анын мөжизалыгын жана Ислам рисалатынын хак экендигин тастык кылуудан башка чара калбайт.

Курандын мөжизалыгын, жеңилбөөсүн жана таң калтыруучулугун дагы да көтөрө турган нерсе – бул чакырык эшигинин Кыяматка чейин ачык калтырылганы. Чындыгында, айтып өткөнүбүздөй, бул тармакта ишке ашырылуу талап кылынган нерсе кемдигинен тышкары (т.а. бар болгону, бир гана сүрө келтирүү талап кылынды), атаандаштарды биригишип иш кылууга үндөөчү чакырык бар о.э. аларда мүмкүнчүлүктөр жетиштүү. Кыскасы, бул тармакта белгилүү бир мөөнөт белгиленген эмес. Муну менен «колуңардан келсе Исламды бүтүндөй жок кылгылачы» деген Кураний чакырык бүткүл адамзат алдында тура берет. Бирок, Куранды жок кылуунун ылаажысы жок. Анткени, ал Алланын Кыямат кайымга чейинки ажыз калтыруучу сөзү. Ошондуктан, Куран – Ислам рисалатына жана ошол рисалатты көтөрүп чыгуучу жана аны Алла Табарока жана Таала тарабынан жеткизүүчү улуу Пайгамбар Мухаммад с.а.в га ыйман келтирүү важыптыгын көрсөтүүчү абадий-түбөлүктүү мөжиза.

Хасан ал-Хасан

Халифа умар ибн абдул-азиз: фитналарды тирүүлөй көмгөн зат

Халифа умар ибн абдул-азиз: фитналарды тирүүлөй көмгөн зат

Ислaм тарыхы тарыхый окуялар тизмеги катары гана үйрөнүлбөйт. Тескерисинче, ал үлгү алуу үчүн үйрөнүлөт. Ошондо мусулмандардын ишине башчы боло турган адам Исламды колдонуу жана өкүмдөрдү турмушта кантип ишке ашыруунун жолун билип алууда андан пайдаланат о.э. мурункулардын тажрыйбаларынан – алар чыгармачыл акыл жана жөндөм ээлери болгондуктан – пайдаланат жана алардын Исламды жакшы көрүнүштө колдонгондукттарынан сабак алат, ошол эле учурда, алар кетирген каталардан этият болууга жетишет. Натыйжада, алардын ошол каталарга кандай мамиледе болгонун жана кантип жеңип чыкканын, алардын коркунучтарга дуушар болуп, аларды да жеңип чыгышканын билип алат. Айрыкча, эч бир үммөт Ислам Үммөтүнө тең келе турган тарыхый жана хазарий мураска ээ болбогондуктан, ушундай иш алып баруу керек.

Мисалы, Умавийлердин Али каррамаллоху важхаху мууну жана аларга кошулгандар (шиалар) менен болгон фитнаны алып көрөлү. Ко-ош, туура жолдогу Умавий халифа Умар ибн Абдул-Азиз өзүнүн эки жыл беш айдан да ашпаган халифалык доорунда бул фитнаны жок кылууга кантип жетишти? Кантип, дарыя болуп аккан кандар али кургабастан туруп фитнаны тынчытып, баарына сүйүктүү боло алды? Бану Умайянын жарандарга кылган зулумуна кантип чек койду? Хавариждер менен Умавийлердин ортосундагы согушту кантип токтото алды?

Биз бүгүнкү күндө Америка Ирак жана башка жерлерде шиалар менен сүннийлер ортосуна от коюп жаткан фитна жалынын өчүрө алабызбы? Халифалык тикеленип калса, (Алланын уруксаты менен бул ишке абдан аз калды) биз да халифа Умар ибн Абдул-Азиздей мусулмандардын ортосундагы бул тосмону алып таштай алабызбы? Ооба, Умар фитна отун өчүрүп, дилдерди бириктирген эле. Ал тургай, Аббасий халифа Мухтадий «Мен Марван балдарынын арасынан Умар ибн Абдул-Азизди көрүп, Аббас балдары арасында – алар Пайгамбардын мууну боло туруп, ага (т.а. Умарга) окшобогонума уяламын»1 деп жиберген. Хавариждер анын кулк-мүнөзүн жана даттанууларды кантип чечип жатканын көргөндөн кийин, бир жерге топтолуп «Биз бул адам менен согуш кылышыбыз дурус эмес»2 дешкен. Рыбаят кылынышынча, имам Жаъфар Садык ибн Мухаммад Бакир мындай дейт: «Абу Хафс Умар ибн Абдул-Азиз солих пенде эле. Бизге бал салына турган чаначтарда дирхамдар менен динарларды белек кылар эле»3. Хусайн ибн Алинин кызы Фатима аны мактап мындай дейт: «Эгер бизге Умар ибн Абдул-Азиз калганда, эч кимге муктаж болбогон болор элек»4. Ко-ош, Умар ошондой улуу иштерди ишке ашыргыдай кандай сыпаттарга ээ болгон?

Биринчиден: Жакшы мүнөздүү жана акыйкатка баш ийүүчү болгон

Ал жарандын абалы жетекчинин абалына карап болот деп билип, «валий кудум кездеме алып келине турган базарга окшойт, эгер ал жакшы болсо, адамдар ага жакшылыктарын, эгер жаман болсо, адамдар жамандыктарын алып келет»5 дечү. Ал жарандын иш тутушу жетекчисине карап болушун түшүнгөнү үчүн бардык жакшылыктарда бардык жарандардан үстөм тура билди. Баары ага окшош болууга умтулар эле. Халифа болгонунун алгачкы күнүнөн эле Бану Умайяда бар болгон бийлик көпкөлөңдүгүн таштады. Халифа атына минүүдөн баш тартып, мага өзүмдүн качырымды алып келгиле деди. Аттын ээлери келип, анын жеми, кызматкерлеринин акысы эмне болот деп сурашканда, аны сатып, акчаны байтулмалга тапршырууну буюрду. Аялы Абдулмалик ибн Марван кызы Фатимага тиешелүү мал-дүйнөнү, жасалгаларды, кымбат баалуу таштарды байтулмалга кайтарып: «Ушул нерселер үйүбүздө бар болсо, экөөбүз бирге боло албайбыз» деди. Бул сөздү уккан аялы нерселерин байтулмалга тапшырды»6. Акчасы түгөнүп калганда да жалпы элдин мүлкүнөн өзүн ушунчалык алып качкан дейсиң, ал тургай, бир жолу жүзүм жегиси келип, аялы Фатимадан: «Өзүңдөгү бир дирхамга мага жүзүм сатып алып бер» деп сурады. Ошондо аялы: «Жок, сен момундар амири боло туруп, бир дирхамдык жүзүм сатып ала албайсыңбы» деди. Буга Умар: «Ушул нерсе бизге эртең тозокто кишен болуудан көрө жеңилирээк»7 деп жооп кайтарды. Анын күнүмдүк акысы эки дирхам эле.

Такыбасы ушунчалык даражада күчтүү эле, халифа болгон саатынан баштап, дүйнө жана анын лаззаттарынан жүз үйрүдү. Абу Хозим рыбаят кылат: «Умар ибн Абдул-Азиз халифа болгондо анын алдына келдим. Ал мага карап, мени тааныды, мен болсо аны тааный албадым. Ал «жакыныраак кел» деди. Мен жакыныраак барып, амирул-мумининсизби? – дедим. Ал ооба деп жооп берди. Мен «бизде Мадинада амир болуп турганыңызда, мингениңиз учар, кийимиңиз таза, жүзүңүз жаркыраган, тамагыңыз таттуу, кызматкерлериңиз көп болгон эле го, эмнеге мынчалык өзгөрүп кеттиңиз, эй момундар амири?» – дедим. Ошондо ал ыйлап жиберди жана мындай деди: «Кантип мындай абалга түшпөйүн, эй Абу Хозим. Үч күндөн кийин кабыр ичинде турганымда, көздөрүм чанактарыман агып түшкөндө, тилим кургап, курсагым жарылганда жана денемде курттар жөрмөлөп жүргөндө мени мындан да беш бетер тааныбай каласың го»8.

Экинчиден: Өзүнүн туугандары болсо да, залимдерди тыйып койгон

Бул иштер төмөндөгүчө болгон:

  1. Мурункулардын, айрыкча, Бану Умайянын иштеринин адилетсиздиктерин кайрадан карап чыккан.

Халифа болуп дайындалгандан кийин, өз эли болгон Бану Умайяга берилген нерселерди (артыкчылыктарды) алып койгон жана аларды иштеринен бошоткон. Алардагы нерселерди (мансап жана артыкчылыктарды) адилетсиздик деп атаган. Бардык омилдерине мындай кат жазып жөнөткөн: «Аммо баъд… Ниеттери акыйкатты орнотуу жана адамдарга мээримдүүлүк көрсөтүү болбогон жаман омилдер туткан жаман жолдор себептүү адамдар балээ-апааттарга дуушар болушту. Аларга карата Алланын өкүмдөрү жаатында жабыр кылынды… – Бану Хошимге Хумсту берди, Фадакты болсо кайтарып алды. Муавия аны Марванга берген эле»9.

  1. Нерселерди мусулмандарга Бану Умайя менен теңме-тең берүү.

Умайя ибн Абдулла ибн Амр ибн Усман ибн Аффан рыбаят кылат: «Казат кылып жүргөн кезимде Соифага барып, Умар ибн Абдул-Азиздин алдына кирдим. Ал мени жакшы тосуп алып:

— Жол болсун, эй Абу Усман, — деди.

— Кудай кааласа, казатка.

— Ата-бабаларыңа, мурунку өткөн эң тандалма адамдарга окшоюн депсиң да. Сен сыяктуу гозийлер үчүн бөлүп койгонубуз бар.

Ровий сөзүн улантат: Мен ошол бөлүп коюлган нерсени алдым. Ал элүү динар эле. Кайтып келе жатып учурадым эле, дагы ошол сөздү айтты. Ошондо мен:

— Эй момундар амири, бул менин абалыма жараша эмес-го, — дедим.

— Эч кимге андан ашык берилбейт. Байтулмалдан андан башка нерсе берүүнүн бирер жолу болгондо, сага берген болор элем.

— Менин уулум бар.

— Бул сенин акың. Омилиңе кат жазабыз. Кимдин казатта жүргөн мусулмандарды камсыздоого күчү жетсе, алардын үй-бүлөлөрүн багуу да керек.

— Мойнумда карызым да бар. Ошону да төлөп койсоңуз.

— Бул да сенин акың. Омилиңе кат жазабыз. Мал-дөөлөтүңдү сатып карызыңы төлөп коёт. Мал-дөөлөтүң жетпесе, калганын байтулмалдан берет.

— Аллага ант болсун, алдыңызга мал-дөөлөтүмдү сатып, мени эч нерсесиз калтырып коюшуңуз үчүн келбеген элем.

— Аллага ант болсун, андан бөлөк иш болбойт»10.

  1. Даттанууларды тездик менен көрүп чыгуу. Адилетсиздик жүз бергенинин тууралыгын далилдөө үчүн катъий далилдерди күтүп отурбоо.

«Сулайманды көмгөндөн кийин дорул Хилафатка (халифалык сарайына) кирип, пардалар жана килемдерди алып таштоого, кийин сатып, акчаларын байтулмалга тапшырууга буюрду. Кийин кайлула (бираз уктап алуу) үчүн бөлмөсүнө кетти. Ошондо уулу Абдулмалик келип:

— Атаке, эмне кылмакчысыз? – деди.

— Уулум, бир аз уктап алайын.

— Даттанууларды көрүп чыгуунун ордуна уктайсызбы?

— Уулум, абакең Сулаймандын иши менен болуп, түндү уйкусуз өткөрдүм. Даттанууларды бешимден кийин көрүп чыгамын.

— Эй момундар амири, бешимге чейин жашай алышыңызды каяктан билесиз?

Бул сөздү уккан ата уулуна «жакыныраак кел» деди. Алдына келгенден кийин, маңдайынан өөп, «менин кемеримден мага өз диниме жардам бере турган урпакты чыгарып берген Аллага мактоолор болсун» деп, кайлула да кылбастан, жарчыга «кимдин даттануусу болсо, келе берсин» деп жар салууну буюрду»11.

«Анын алдына куфалык бир аял келип, «эй момундар амири, момундар амири бөлүштүргөн нерседен мага да, кыздарыма да эч нерсе тийбеди» деди. Умар аялга: «Мага кечкурун жолугуңуз — деди да, артынан — Шашпаңыз, кечкурунга чейин жетпей калсамчы, Абдулмалик кызы Фатиманын алдына кириңиз», — деди. Баягы аял айтат: «Кийин мени чакырып, кат жазып берди»12.

Рахматылык Умар колунан келген ишти артка сүрбөстөн өз убагында аткарар эле. «Ага-инилери:

— Эй момундар амири, ат минип, айланып келсеңиз болор эле? – дешти.

— Мен айланганы кеткен күндүн ишин ким кылат?

— Эртеси кыласыз.

— Бир күндүн иши оордук кылып жатат-го, эки күндүн иши топтолуп калса, кандай болор экен?»13.

Абу Занад айтат: «Умар ибн Абдул-Азиз волийлердин мурун да адилетсиз болгондорун билгендиктен, даттанып келген адамдардан катъий  далилдерди талап кылбас эле. Бир аз гана далили болсо, ошонун өзү гана жетиштүү болчу. Бир жолу, ал тургай, Ирактагы байтулмал даттанууларды чечүүгө сарпталып түгөнүп калып, ага мал Шамдан алып келинген»14.

«Рахматылык Умар даттануучуга жол каражаттарын да берер эле. Бир даттануучунун маселесин чечип бергенден кийин, андан:

— Менин алдыма келүү үчүн канча сарптадың? — деп сурады.

— Эй момундар амири, мага жүз миңден да ашык тура турган жеримди кайтарып берип, дагы канча сарптаганымды да сурайсызбы?

— Мен сага өз акыңды кайтардым. Ко-ош, айт, канча сарптадың?

— Билбеймин.

— Болжол менен канча?

— Алтымыш дирхам.

Ошондо Умар ага ошол акчаны берүүнү буюрду. Алиги адам кетип жатканда аны дагы чакырды. Ал кайтып келгенде, менин (өзүмдүн) малымдан мына бул беш дирхамды алгын да, эт алып жегин, ушуну менен, иншаалла, үй-бүлөңө (сак-саламат) кайтып барасың»15 деди.

  1. Бирер бир зулумда, айрыкча, Бану Умайянын зулумунда катышкан же ошол зулумду көрүп туруп, унчукпаган кимседен жардам сурабоо.

Авзоий рыбаят кылат: «Умар ибн Абдул-Азиз үйүндө Бану Умайянын жогорку адамдары менен бирге отурган чагында:

— Ар бириңерди бир кошуунга башчы кылышымды каалайсыңарбы? – деди.

— Эмне үчүн кылбай турган ишиңди бизге айтып жатасың? – деди алардын бири.

— Мына бул үй эмеректеримди көрүп жатасыңарбы? Жакшы билемин, алар жакында эскирип, жок болуп кетет. Ошондо да, мен аны буттарыңар менен басып, кир кылууңарды каалабаймын. Эми кантип, силерди өз диниме, мусулмандардын ар-намыстарына башчы кылып коёюн!

— Биз тууган эмеспизби? Биздин акыбыз жокпу?

— Мен үчүн бул жаатта силер да, эң чекедеги мусулман да теппе-тең»16.

Бир күнү Анбасанын – Хажжаж эки мусулманды өлтүргөнүн көрүп туруп – каршылык билдирбегенинен кабар таап калды. Ошондо өзүнүн эшик агасына: «Анбаса бир жумуш менен келсе гана кирүүгө уруксат бер»17 деп дайындады. Мурун ал Умардын алдына каалаган убагында кире берчү.

  1. Адилетсиздик кылганы далилденген ар кандай адамды иштен четтетүү.

Умар ибн Абдул-Азиз бир кишини кызматчы кылып дайындаган эле. Анын Хажжаж доорунда да кызматчы болгонун угуп, иштен алып таштады. Анчалык жаман иш кылбаган элем го деп үзүр сурап келгенде, ага мындай деди: «Жаман жана жырткыч кимсе менен бир күн же андан да аз убакыт бирге болушуңдун өзү жетиштүү»18. Умар халифа болгондон кийин, Холид ибн Райян сакчылык кылды. Мурун ал Валид жана Абдулмаликке да сакчылык кылган эле. Умар ага карап туруп: «Эй Холид, бул кылычты тапшыр» деди. Кийин Амр ибн Мухажир Ансарийди чакырып: «Эй Амр, бул кылычты ал, мен сени сакчы кылып дайындадым»19 деди.

Умар ибн Абдул-Азиз Жарох ибн Абдулла Хакамийди Хуросон амирлигинен бошотту. Cебеби, ал мусулман болгон капырлардан да «Силер жизя берүүдөн качып мусулман болдуңар» деп жизя алган эле. Ошодон кийин алар кайра Исламдан жүз үйрүп, өз динине кайтып, жизя беришкен эле. Ага Умар бир кабар жиберди. Анда мындай делген эле: «Алла Мухаммад с.а.в ды салык жыюучу кылып эмес, даъватчы кылып жиберген»20.

Авзоий рыбаят кылат: «Абу Муслим мусулмандар арасында согушка чыккан кезинде Умар ибн Абдул-Азиз аны Добиктен кайтарып, «Мусулмандардын душмандар менен боло турган согушунда ага окшогондордон жардам алынбайт» деди. Анын айлыгы эки миң динар эле. Умар аны отуз динар кылып койду. Ушуну менен ал Добиктен Тароблиске кайтты. Анткени, сакифтик бул адам Хажжаждын желдети болгон эле»21. «Египет хиражын (жер акысы) жыюу ишине жетекчи кылып дайындалган Усама ибн Зайд Таннухийди да адилетсиздик кылганы үчүн иштен бошоткон. Язид ибн Абу Муслим да жаман амалдар болгондугу себептүү аны Жазаир акимдигинен бошоткон»22.

Үчүнчүдөн: Мазлумдарга сый көрсөтүү жана алардын акыларын алып берүү

Умар ибн Абдул-Азиз Хусайн ибн Али ибн Абу Талибдин уулдарынын бирине мындай деди: «Менин эшигим алдында эч качан күтүп турбагыла. Менин отурганымды билишиңиз менен сизге кирүүгө уруксат кылынат. Анткени, мен Пайгамбар rдын үй-бүлөсүнөн болгон кишинин эшигим алдында уруксат күтүп туруп калышынан Улуу жана Буюк Алладан уяламын»23. Алардын дагы бирине мындай деди: «Алла силерди азиз кылганы себептүү мен сенден жүз үйрүп, сени дүйнө менен кир кылып коюудан Алладан уяламын». Ал дагы мындай деген эле: «Биз абакелерибиз Бану Хошим менен урушуп жүрчүбүз. Кээде биз жеңсек, кээде алар жеңишкен. Алар да бизден жардам сурашчу, биз да алардан жардам сурачубуз. Рисалат күнү чыгып, мунафыктыкты кыйратты, ар бир мунафыкты тилден калтырды, ар кандай чеченди да сүйлөтпөй койду»24. Умар (розияллоху анху) дагы мындай деген: «Эгер Хусайнды өлтүргөндөрдүн арасында болсом жана менин бейишке киришим жөнүндө буйрук берилсе да, мага Пайгамбар с.а.в дын көздөрү түшүп калышынан уялып, бул ишти кылбаган болор элем»25.

Умар ибн Абдул-Азиз Зайд ибн Хасан ибн Али ибн Абу Талиб р.а нун акысы туурасында өз омилине мына мындай кат жолдогон: «Аммо баъд. Ал Бану Хошимдин улуусу, үлүш ээси. Ага Пайгамбар с.а.в дын садакаларын бер. Эгер ал жардам сураса, эки кулагың менен угуп ал, ага албетте жардам бер»26.

Төртүнчүдөн: Туура иштерди да иштерди камкордук менен башкаруу маанисинде дагы кайра көрүп чыгуу

Ал өзүнүн ар бир жараны үчүн өзүн жоопкер деп билет эле. Ал белгилүү бир топ үчүн эмес, бардык мусулмандар үчүн жоопкерчилигин сезер эле. Аялы Фатима мындай рыбаят кылат: Бир күнү анын алдына кирсем, жайнамазында маңдайын колуна таяп, ыйлап отурган экен. Көз жаштары салаалап агып жатты. Андан, сизге эмне болду деп сурасам, ал мындай жооп берди: «Эй Фатима, ушул үммөт ишине башчы болуп дайындалдым. Дайындалар замат жердин ар тараптарындагы, диярларындагы ач калган жакырлар, айласыз кеселдер, кыйналган кедейлер, абалы начар жетимдер, жалгыз калган жесирлер, зулум көргөн мазлумдар, карыптар, туткундар, жашы өтүп калган карылар, мал дүйнөсү аз — бала-чакасы көп болгон адамдар жөнүндө ойлоп, алардын ар бири үчүн Улуу жана Буюк Роббим Кыямат күнүндө менден эсеп алышын билдим. Ошондо менин доогерим Мухаммад с.а.в болот. Ал киши доо кылган чакта, бирер хужжатым далилденбей калышынан коркуп, өз жаныма ырайым кылып ыйлап жатамын»27. Азат кылган бир кулу анын капаланып отурганын көрүп, себебин сурады, ал мындай жооп берди: «Мухаммад с.а.в дын чыгыш менен батыштагы ар бир Үммөтүнө өзү сурабастан туруп акысын берүүнү каалаймын»28. Амр ибн Мухажир айтат: Мага Умар ибн Абдул-Азиз мындай деген эле: «Эй Амр, эгер менин акыйкаттан ооп кетип жатканымды көрсөң, жакамдан кармап, бир силкип, эмне кылып жатасың дегин»29.

Умар ибн Абдул-Азиз Ирактагы Абдулхамид ибн Абдуррахманга кат жолдоп, адамдарга акыларын берүүнү буюрду. Абдулхамид: «Адамдарга акыларын бердим, байтулмалда мал артып калды» деп кат жолдоду. Ага Умар: «Карап көр, ким ысырапкерчиликке жол койбостон карыз болсо, анын карызын үзүп кой» деп кат жиберди. Абдулхамид: «Карыздарды төлөп койдум, байтулмалда дагы мал артып калды» деп жазды. Ага Умар: «Кара, үйлөнмөкчү болгон, бирок, акчасы жок бойдоктор болсо, аларды үйлөндүрүп кой» деп кат жиберди. Абдулхамид: «Ошондой адамдардын баарын үйлөндүрдүм, байтулмалда дагы мал артып калды» деп кат жиберди. Ага Умар: «Кара, эгер жизя төлөөгө кудурети жетпей жаткандар болсо, өз жеринде ишине жардам болушу үчүн аларга алдынан карыз берип тур. Анткени, алар бизге бир же эки жыл үчүн гана керек эмес»30 деди.

Биз да мусулмандар ортосундагы тосмолорду алып таштамакчы жана тайпачылыкка чек коймокчу болсок, мына ушундай иштерди кылышыбыз керек. Тактап айтканда:

  1. Негизги этибарды – сунний жана шиалар, айрыкча, жаъфарий жана зайдийлер фикхий мазхабдар болуп, алардын арасындагы ихтилафтар шарият уруксат берген фикхий ихтилафтар – деген көз карашта болуу керектигин мусулмандардын мээлерине куюуга каратуу керек;
  2. Исламий кыймылдар өздөрүнө адам кабыл алууда алардын шиа же суннийлигине карабашы керек;
  3. Халифалыкты бардык мусулмандар аркылуу жүзөгө келтирүүгө аракет кылуу керек. Себеби, ал кудум Абу Бакр жана Умар халифалыгындай, Пайгамбар с.а.в дын мамлекетиндей, бардык мусулмандар үчүн болот. Анткени, Пайгамбар с.а.в:

«… ثُمَّ تَكُونُ خِلافَةٌ عَلى مِنْهاجِ النَّبُوَّةِ»

«… Кийин пайгамбарлык минхажы негизинде Халифалык болот» деген.

  1. Халифалык тикеленгенден кийин мусулмандар мазхабдары же тайпаларына карап эмес, шариятты канчалык бекем кармашы менен сыймыктанат. Кимдир бирөөлөр кимдир бирөөлөрдүн желкесине миндирип коюлбайт. Бардык адамдар теппе-тең болушат. Жалгыз Роббиси назарындагы такыба менен гана бири-биринен абзел болот.

Сөзүмдүн акырында Алладан бизге адилетти орното турган, жасалма чегараларды алып таштай турган, Үммөттүн улуулугун, жыргалчылыгын кайра тикелей турган Халифалыкты тезирээк тартуулашын сурап, дуба кылып, жалбарып каламын.

 


  1. «Шазоротуз-Захаб» 2-том, 132-бет.
  2. «Симтун-нужумил Аволий» 3-т, 317-б.
  3. «Симтун-нужумил Аволий» 3-т, 323-б.
  4. «Ал-Комил фит-Тарих» 4-т, 330-б.
  5. «Тарихи Багдод» 10-т, 215-б.
  6. «Симтун-нужумил Аволий» 3-т, 312-б.
  7. «Тарихул Хулафо» 1-т, 234-б.
  8. «Ал-Мунтазам» 4-т, 43-б.
  9. «Тарихул Яъкубий» 2-т, 305-б.
  10. «Бакийятут-талаб фий тарихи Халаб» 4-т, 2027-б.
  11. «Симтун-нужумил Аволий» 3-т, 316-364-б.
  12. «Сийрату Умар ибн Абдул-Азиз»1-т,43,44-б.
  13. «Сийрату Умар ибн Абдул-Азиз» 1-т, 55-б.
  14. «Сийрату Умар ибн Абдул-Азиз» 1-т, 111-б.
  15. «Сийрату Умар ибн Абдул-Азиз» 1-т, 129-б.
  16. «Симтун-нужумил Аволий» 3-т, 319-б.
  17. «Симтун-нужумил Аволий» 3-т, 297-б.
  18. «Тарихи мадинати Дамашк» 68-т, 197-б.
  19. «Бакийятут-талаб…» 7-т, 3029-б.
  20. «Ал-Бидоя ван-Нихоя» 9-т, 188-б.
  21. «Бакийятут-талаб…» 10-т, 4622-б.
  22. «Сийрату Умар ибн Абдул-Азиз» 1-т, 37-б.
  23. «Тарихи мадинати Дамашк» 54-т, 269-б.
  24. «Ал-Бидоя ван-Нихоя» 9-т, 203-б.
  25. «Симтун-нужумил Аволий» 3-т, 322-б.
  26. «Ат-Тухфатул-Латифа фий тарихи мадинатиш-шарифа» 1-т, 367,368-б.
  27. «Ал-Бидоя ван-Нихоя» 9-т, 201-б.
  28. «Ал-Комил фит-Тарих» 4-т, 329-б.
  29. «Тарихи Багдод» 5-т, 98-б.
  30. «Ал-Амвол» 1-т, 320-б.

Пайгамбар с.а.в дын сийратындагы пикирий жана маддий иштер

Пайгамбар с.а.в дын сийратындагы пикирий жана маддий иштер

Пайгамбар с.а.в дын жолунан жүрүп, адамдарды далилдер менен канааттандыруу аркылуу даъват кылып жаткан кишилерди маскаралоо, аларды маддий иштер менен алектенбегендиктери үчүн инкар кылуу Алла жолунан тосуу ыкмаларынын жаңысы эмес. Мындан көздөлгөн максат – аларды жолдорунан кайтаруу, же катъий далилдер жана жаркын хужжаттар менен алып барып жатышкан даъваттарын басынтууга урунуу. Дагы бул иш душман аларды далилдеринин күчтүүлүгү себептүү жеңе албагандан кийин болуп жатат.

Бул ыкманы Пайгамбар с.а.вдын душмандары да колдонушкан эле. Алардын Куран менен күрөшүүгө кудурети жетпеди. Бирок, анын мөжизалыгын да тан алышпады. Ошондон кийин Каъбанын аркасында топтолушуп, Пайгамбар с.а.в менен сүйлөшүштү, талашып-тартышышты, ал заттан даъватына жана тарыйкатына туура келбей турган иштерди талап кылышты. Пайгамбар с.а.в болсо «мен да силерге окшогон адаммын, силер сурап жаткан иштер колумдан келбейт, Роббимдин уруксатысыз бир иш кылууга менин акым жок, менден мурунку пайгамбарлар да Үммөттөрү эмнени сурашса, баарын орундата беришпеген, менин жолум да ошолордун жолу. Алар Алла берген өздөрүнүн пайгамбарлыктарына далалат кылуучу аяттар менен чектелишкен, ушул далилдерден өтүп, өздөрүнчө эч иш кылышпаган» деди. Ушул сөздү айтып, Пайгамбар с.а.в ордунан туруп кетти. Ал зат менен бирге аммасы (чоң апасы) Алдулмутталибдин кызы Атиканын уулу Абдулла ибн Умайя да турду жана мындай деди: «Эй Мухаммад, коомуң сага баланча-баланча сунуштарды сунуш кылды. Сен болсо аларды кабыл албадың. Кийин Алланын алдындагы макамыңды билүүлөрү жана сени тастыктап, сага ээрчүүлөрү үчүн сенден өздөрүнө баланча-баланча нерселерди сурашты. Сен болсо алардын сурагандарын орундатпадың. Кийин сенден өзүң үчүн алар сени өздөрүнөн артык экениңди жана Алланын алдындагы макамыңды биле турган  нерсени алышыңды сурашты. Буга да макул дебедиң. Кийин сенден сен аларды коркутуп жаткан азаптардын айрымдарын көрсөтүп беришиңди сурашты. Бул ишти да кылбадың. Эми, Аллага ант болсун, сенин шаты коюп, асманга чыгып барганыңды көрмөйүнчө, төрт периште далил алып келип, сенин өзүң айтып жаткандай адам экениңе күбөлүк беришмейинче, сага таптакыр ишенбеймин. Дагы Аллага ант болсун, ушул айткандарымды кылганыңда да, сени тастыктаймын деп ойлобоймун». (Куртубий тафсири, 10-мужаллад, 328-бет).

Пайгамбар с.а.вдан үлгү алып, Исламий Халифалыкты тикелөө үчүн иш алып барып жаткандарга каршы ырайымсыз чабуулдар кылынып жатат. Кээде аларга маддий иштер менен алектенүү дооматы коюлуп жаткан болсо, кээде дал ушул маддий иштер менен алектенбей жаткандыктары үчүн инкар кылып жатышат. Ошол үчүн да төмөнкү иштерди баян кылуу зарыл болуп калды:

Биринчиден, Пайгамбар с.а.вдын өзүнө гана тиешелүү болбогон иштеринде биз үчүн эң жакшы өрнөк бар. Ал заттын бардык абалдары биз үчүн үлгү. Биз ал кишинин жолдору, сүннөттөрү, программаларынын изинен барышыбыз керек. Анткени, ал киши акыйкатка жана анык ишенимге ээ болгон. Исламий Халифалыкты тикелөө турасындагы тарыйкаты да ушулардын катарына кирет. Алла Таала айтат:

قُلْ هَذِهِ سَبِيلِي أَدْعُو إِلَى اللَّهِ عَلَى بَصِيرَةٍ أَنَا وَمَنِ اتَّبَعَنِي وَسُبْحَانَ اللَّهِ وَمَا أَنَا مِنَ الْمُشْرِكِينَ

– «Айткын: «Менин жолум ушул. Мен Аллага даъват кыламын. Мен жана мага ээрчиген кишилер анык далилге-ишенимге ээбиз. (Ар кандай шериктен) Алланы аруулаймын. (Анткени), мен мушриктерден эмесмин».  [12:108]

Дагы айтат:

لَقَدْ كَانَ لَكُمْ فِي رَسُولِ اللَّهِ أُسْوَةٌ حَسَنَةٌ لِمَنْ كَانَ يَرْجُو اللَّهَ وَالْيَوْمَ الْآخِرَ وَذَكَرَ اللَّهَ كَثِيرًا

– «(Эй момундар), албетте, силер үчүн – Алла жана акырет күнүнөн үмүткөр болгон о.э. Алланы көп эстеген кишилер үчүн – Алланын Пайгамбарында (ал заттын ыйман этикаты жана кулк-мүнөзүндө) көркөм үлгү бар». [33:21]

Баарына белгилүү болгондой, Пайгамбар с.а.в пайгамбар болгондугунан тышкары, эки доорду жашап өткөн. Биринчи доордо Исламий мамлекет куруу үчүн иш алып бара турган уюмга – хизбге амирлик кылган. Бул доордо уюм идеологиялык иштер менен – адамдарды Исламий пикирлер менен тааныштыруу, адамзатты дүйнө-акырет бактысына жеткире турган мабда жалгыз гана Ислам экенин далилдер менен далилдөө, калган мабдалар болсо адамзаттын дүйнө-акыретин күйгүзүп жиберишин түшүндүрүү, саясатчылардын көз-боёмочулуктарын, айла-амалдарын ачып таштоо, кубат жана таасир күчүнө ээ болгон адамдадарды өз күч-кубаттарын жана таасирин Алланын динин бийик кылуу жолуна гана жумшоо керектигине канааттандыруу сыяктуу иштер менен алектенген. Ал заттын жалгыз куралы далилдеринин күчтүүлүгү жана ар кандай далилдерды жеңе алышы болгон. Уюм мүчөлөрү күчсүз болушса да, Алланын нусратына анык ишенишип, Роббилерине тобокел кылышып, өздөрүн кармана билишкен. Алар зулум-фитналарга тынымсыз жолугуп жаткандыктан, эгер сезим-туйгуларынын өкүмүнө кулак салышса, душмандар менен күрөшүүдө ар кандай ыкманы колдонгон болор эле. Бирок, алар эч кандай маддий ыкманы колдонушкан жок. Алла буюрган жолдон ообой бара беришти. Экинчи доорго т.а. Пайгамбар с.а.в Исламий мамлекеттин жетекчисине айланган доорго келип болсо, идеологиялык иш-аракет менен бирге башкаруу жана душманга каршы күрөшүү, согуш кылуу иштерин да жолго коюшту. Бул доорго келип, тынч, бейпил жашашар эле, эч ким аларды куугунтуктабас эле жана аларга басым өткөзбөс эле. Мындай убакта сезим-туйгуларынын өкүмүнө кулак сала турган болсо, эч кандай согушууга кажет болбос эле. Биринчи доордон экинчи доорго өтүү чекити Пайгамбар с.а.вдын экинчи Акаба байъаты жана Мадинада Ислам мамлекетин куруу менен нусратты колго киргизгендиктери болду. Ибн Исхак айтат: «Кийин Мусъаб ибн Умайр Меккеге кайтты. Мусулман ансарийлерден каалагандары өз коомдорундагы мушрик ажылар менен бирге ажылык сапарына чыгышып, Меккеге келишти. Кийин ташрик күндөрүнүн ортолорунда Акабада Пайгамбар с.а.в менен ахддашышты (убадалашышты). Бул убакта Алла Өз пайгамбарына нусрат берүүнү, Ислам жана Ислам ээлерин бийик кылууну, ширк жана ширк ээлерин болсо кор кылууну ыктыяр кылган эле». («Ас-сийра ан-Набавийя», 2-том, 287-бет. «Табарий тарыхы», 1-том, 561-бет). Мухаммад ибн Исхак Матлабий айтат: «Акаба байъатынан мурун Пайгамбар с.а.вга согуш кылууга уруксат берилбеген эле. Аллага дуба кылуу, азарларга сабыр кылуу жана жахилди кечирүүгө буюрулган эле. Курайш ал затка эргешкендерди куугун кылды. Кимдир бирөө динден кайтты, кимдир бирөө мушриктердин колунда азапта калды, кимдир бирөө качып өлкөнү таштап кетти, кимдир бирөө Хабашистанга, кимдир бирөө Мадинага, дагы кимдир бирөө башка жайларга кетти. Курайш Улуу жана Үстөм Аллага моюн сунбай, ал зат ыктыяр кылган улуулуктан баш тартып, Пайгамбар с.а.вды жалганчыга чыгарып, Аллага пенделик кылган, Ал затты бир деп билген, Пайгамбарына ишенген жана динин бекем кармагандарды азаптап, журттарынан айдагандан кийин, Алла Пайгамбар с.а.вга согушууга, момундарга зулум кылгандарды багындырууга уруксат берди. («Ас-сийра ан-Набавийя», 2-том, 313-бет. «Куртубий тафсири», 12-том, 69-бет). Ибн Исхак айтат: «Согуш байъаты Пайгамбар с.а.вга согуш кылууга уруксат берилгенинен кийин кылынды. Андагы шарттар биринчи Акабадагы шарттардан башкача болду. Биринчи байъат аялдар байъаты эле. Анткени, Алла Пайгамбар с.а.вга али согуш кылууга уруксат бербеген эле. Алла согуш кылууга уруксат бергенден кийин, Пайгамбар с.а.в алар менен акыркы Акабада кызыл-кара түстүүнүн баары менен согуш кылууга өзү үчүн байъат алды. Коомго каршы турууну Роббиси үчүн шарт кылды. Ахдга бапаа кылгандар үчүн бейиш болушун айтты». («Ас-сийра ан-Набавийя», 2-том, 302-бет). Жетекчилердин бири Убода ибн Сомит айтат: «Пайгамбар с.а.вга согуш кылууга байъат бердик». (Ахмад «Муснад»ы, 5-том, 316-бет, «Фатхул-борий», 1-том, 67-бет). Ибн Аббас рыбаят кылат: «Пайгамбар с.а.в Меккеден чыгарып жиберилгенинде, Абу Бакр: «Алар өздөрүнүн Пайгамбарын чыгарып жиберишти, биз Алланыкыбыз жана биз албетте Ал затка кайтабыз, эми, алардын каргашага дуушар болору анык», — деди. Ошондон кийин Алла Таала:

أُذِنَ لِلَّذِينَ يُقَاتَلُونَ بِأَنَّهُمْ ظُلِمُوا وَإِنَّ اللَّهَ عَلَى نَصْرِهِمْ لَقَدِيرٌ

– «Чабуулга учурап жаткан заттарга зулум көргөндүктөрү себептүү (согуш кылуу) уруксаты берилди. Албетте, Алла аларды үстөм кылууга кудуреттүү», [22:39]

аятын түшүрдү. Бул аят согуш жөнүндө түшүрүлгөн биринчи аят». (Бул хадис эки шейхтин тең шартына карай, сахих. Хаким жана Термизий). Дагы Ибн Аббастан рыбаят кылынат: «Абдуррахман ибн Авф өзүнүн достору менен Пайгамбар с.а.вга келип: «Эй Алланын пайгамбары, биз мушриктик убагыбызда азиз элек, ыйман келтиргенибизден кийин кор болуп калдык», — дешти. Ошондо Пайгамбар с.а.в:

«أَنِّيْ أُمِرْتُ بِالْعَفْوِ فَلا تُقَاتِلُوا الْقَوْمَ»

«Мен кечирүүгө буюрулганмын, алар менен согушпагыла», деди. Мадинага көчкөндөн кийин, Алла ал кишини согуш кылууга буюргандан кийин болсо, өздөрүн алып качышты. Ошондо Алла Таала мына бул аятты түшүрдү:

أَلَمْ تَرَ إِلَى الَّذِينَ قِيلَ لَهُمْ كُفُّوا أَيْدِيَكُمْ وَأَقِيمُوا الصَّلَاةَ وَءَاتُوا الزَّكَاةَ فَلَمَّا كُتِبَ عَلَيْهِمُ الْقِتَالُ إِذَا فَرِيقٌ مِنْهُمْ يَخْشَوْنَ النَّاسَ كَخَشْيَةِ اللَّهِ أَوْ أَشَدَّ خَشْيَةً

– «(Эй Мухаммад алайхис-салам), мына бул кишилерди көрбөдүңбү, аларга (мурун Меккеде турган чактарында капырларга каршы согушууга талапкер болушканда): «Өзүңөрдү баскыла жана намазыңарды окуп, зекетиңерди өтөп тургула!» деп айтылган эле. Эми, качан аларга согушуу парз кылынганда болсо, капыстан алардын бир тобу адамдардан Алладан корккондой, балким, андан да катуурак коркушууда». [4:77]

(Хаким)». Катодадан рыбаят кылынат: «Алла Тааланын:

أَلَمْ تَرَ إِلَى الَّذِينَ قِيلَ لَهُمْ كُفُّوا أَيْدِيَكُمْ وَأَقِيمُوا الصَّلَاةَ

– «(Эй Мухаммад алайхис-салам), мына бул кишилерди көрбөдүңбү, аларга (мурун Меккеде турган чактарында капырларга каршы согушууга талапкер болушканда): «Өзүңөрдү баскыла жана намазыңарды окуп…»,  [4:77]

деген аяты

إِلَى أَجَلٍ قَرِيبٍ

– «Бизге бул ажалды бир аз кийинирээк жиберсең кана…», [4:77]

деген жерге чейин окулду эле, Пайгамбар с.а.вдын бир нече сахабалары ал заттын хижратынан мурун, Меккедеги чактарында эле согушууга шашылышып, Пайгамбар с.а.вга «куп десеңиз, Меккедеги мушриктер менен согушар элек», — деп айтышты. Пайгамбар с.а.в аларды бул иштен кайтарып:

«لَمْ أُؤْمَرْ بِذَلِكَ»

«Мындай кылууга буюрулбаганмын», — деди. Хижрат болуп, согушууга буюрулгандан кийин болсо, аларга бул иш жакпаган жана жогорудагы абал жүз берген. Ошондо Алла Таала:

قُلْ مَتَاعُ الدُّنْيَا قَلِيلٌ وَالْآخِرَةُ خَيْرٌ لِمَنِ اتَّقَى وَلَا تُظْلَمُونَ فَتِيلًا

– «… Аларга айткын: «Дүйнө  матасы-жыргалчылыгы аз эле. Алладан корккон кишиге акырет жакшыраак. Силерге кылдай зулум кылынбайт»,  [4:77]

аятын түшүргөн. (Табарий тафсири, 5-том, 71-бет). Алла Тааланын:

إِنَّ اللَّهَ يُدَافِعُ عَنِ الَّذِينَ ءَامَنُوا إِنَّ اللَّهَ لَا يُحِبُّ كُلَّ خَوَّانٍ كَفُورٍ

– «Албетте, Алла ыйман келтирген заттарды коргойт. Албетте, Алла бардык кыянатчы жана неъматка күпүрдүк кылуучуларды сүйбөйт», [22:38]

деген аятынын тафсири жөнүндөгү рыбаяттарга караганда, бул аят Меккеде кыйла көбөйүп калган момундар жөнүндө түшүрүлгөн. Аларга капырлар азар беришкен. Хабашистанга хижрат кылгандар кетип, Меккеде калган момундар мүмкүн болушунча капырларды өлтүрмөкчү, аларга кыянат кылып, алдамакчы болушкан. Ошондо мына ушул аят {كَفُورٍ} деген жайына чейин түшүрүлүп, Алла Субханаху момундарды коргоого убада берген жана кыянат кылуудан эң бир ачык сөз менен кайтарган». (Куртубий тафсири, 12-том, 67-бет).

Экинчиден, иштерди мактоо же каралоо, алардын кандай экендигине баа берүү напис жана көңүл-каалоолорго карап эмес, шарият өлчөмү менен, шаръий өкүм менен болушу лазым. Алланын өкүмдөрү жана чектөөлөрү жаатында Ал заттан таква кылып, бул өкүмдөр жана чектөөлөрдү этибарсыз калтырбоо важып. Алла Таала айтат:

وَمَا ءَاتَاكُمُ الرَّسُولُ فَخُذُوهُ وَمَا نَهَاكُمْ عَنْهُ فَانْتَهُوا وَاتَّقُوا اللَّهَ إِنَّ اللَّهَ شَدِيدُ الْعِقَابِ

– «Пайгамбар өзү силерге алып келген нерсени алгыла, ал зат силерди кайтарган  нерседен кайткыла жана Алладан корккула! Албетте, Алланын жазасы катуу». [59:7]

Абу Хурайра Пайгамбар с.а.вдан рыбаят кылышынча, ал зат мындай деген:

«دَعُونِي مَا تَرَكْتُكُمْ إِنَّمَا أَهْلَكَ مَنْ كَانَ قَبْلَكُمْ سُؤَالُهُمْ وَاخْتِلافُهُمْ عَلَى أَنْبِيَائِهِمْ، فَإِذَا نَهَيْتُكُمْ عَنْ شَيْءٍ فَاجْتَنِبُوهَ، وَإِذَا أَمَرْتُكُمْ بِأَمْرٍ فَأْتُوا مِنْهُ مَا اسْتَطَعْتُمْ»

«Эгер, мен силерди  тек таштасам, мени тек койгула. Себеби, силерден мурункуларды суроолору жана пайгамбарларына каршы чыгуулары кыйраткан. Эгер силерди кандайдыр бир  нерседен кайтарсам, андан өзүңөрдү алып качкыла, эгер бирер  нерсеге буюрсам, аны колуңардан келишинче аткаргыла» (муттафакун алайх).

Сөздөрдүн шаръий өкүмүн билүү үчүн болсо, алардын вокыйсын билүү керек. Сөздөр да амалдар сыяктуу баары бир кыл боло бербейт. Ар бир сөздүн өз шаръий өкүмү бар. Айрым сөздөр парз, айрымдары мандуб, айрымдары макрух, дагы айрымдары мубах болот. Сөздү сөз болгону үчүн гана каралоо ката. Анткени, мындай кылууда акыйкат менен батылды, ак менен караны тең кылып коюу аламаттары бар. Алла Таала айтат:

وَمَنْ أَحْسَنُ قَوْلًا مِمَّنْ دَعَا إِلَى اللَّهِ وَعَمِلَ صَالِحًا وَقَالَ إِنَّنِي مِنَ الْمُسْلِمِينَ ۩ وَلَا تَسْتَوِي الْحَسَنَةُ وَلَا السَّيِّئَةُ ادْفَعْ بِالَّتِي هِيَ أَحْسَنُ فَإِذَا الَّذِي بَيْنَكَ وَبَيْنَهُ عَدَاوَةٌ كَأَنَّهُ وَلِيٌّ حَمِيمٌ

– «(Адамдарды) Аллага (Анын динине) үгүттөп-үндөгөн жана өзү да жакшы амал кылып, «шек-күмөнсүз, мен мусулмандарданмын» деген кишиден да жакшыраак сүйлөөчү ким бар! Жакшылык менен жамандык тең болбос. Сен (ар кандай жамандыкты) эң көркөм сөздөр менен кайтаргын! (Ошондо) капысынан сен менен ортоңордо душмандык болгон киши ысык-ишенимдүү достой болуп калат». [41:33-34]

Айрым сөздөр күнөө, батыл. Мисалы, Пайгамбар с.а.в алып келген Алланын динин жалган деп айтуу. Адамдарды Алланын буйруктары жана чектөөлөрүнөн тосуу. Ислам өкүмдөрүн мазактоо. Алланын динин жана пайгамбарларын маскаралоо. Алланын динине чакырып жаткан даъватчыларга душмандык кылуу. Алар жөнүндө ар кыл шек-күмөндөрдү таркатуу. Алланын душмандары менен дос болууга, аларга жан тартууга, айыптарын жабууга чакыруу. Алла Таала айтат:

يُرِيدُونَ أَنْ يُطْفِئُوا نُورَ اللَّهِ بِأَفْوَاهِهِمْ وَيَأْبَى اللَّهُ إِلَّا أَنْ يُتِمَّ نُورَهُ وَلَوْ كَرِهَ الْكَافِرُونَ ۩ هُوَ الَّذِي أَرْسَلَ رَسُولَهُ بِالْهُدَى وَدِينِ الْحَقِّ لِيُظْهِرَهُ عَلَى الدِّينِ كُلِّهِ وَلَوْ كَرِهَ الْمُشْرِكُونَ

– «Алар Алланын нурун (т.а. Исламды) ооздору (т.а. пайдасыз сөздөрү) менен өчүрмөкчү болушат. Алла болсо — мейли (капырлар) жаман көрүшсө да — Өз нурун толук (т.а. ар тарапка жаюну) каалайт. Ал (Алла) өз Пайгамбарын хидаят жана акыйкат дин менен – мейли, мушриктер жактырышпаса да – бардык диндерге үстөм кылуу үчүн жиберген Зат». [9:32-33]

О.э. жалган сүйлөө, доомат кылуу, илманийлик, социализм, демократия, улутчулдук, эркиндик, диндер биримдиги сыяктуу Исламга каршы көз караштарга даъват кылуу. Алла Таала айтат:

فَاجْتَنِبُوا الرِّجْسَ مِنَ الْأَوْثَانِ وَاجْتَنِبُوا قَوْلَ الزُّورِ

– Демек… буттардан болгон нажасат-ыпыластыктан ыраак болгула жана жалган сөздөн алыс болгула!». [22:30]

Мындай сөздөрдү жок кылууга, алардын туура эместигин, алардан алыс болуу керектигин баяндоо лазым. Анткени, алардын тозокко алып барууларын көрсөтүп берүү үчүн аракет кылуу керек. Алла Таала айтат:

يَسْتَخْفُونَ مِنَ النَّاسِ وَلَا يَسْتَخْفُونَ مِنَ اللَّهِ وَهُوَ مَعَهُمْ إِذْ يُبَيِّتُونَ مَا لَا يَرْضَى مِنَ الْقَوْلِ وَكَانَ اللَّهُ بِمَا يَعْمَلُونَ مُحِيطًا

– «Алар (өздөрүнүн күнөөлөрүн) адамдардан жашыра алышат, а бирок, Алладан жашыра алышпайт. Алар (Алла) ыраазы болбой турган сөздөрдүн планын жашыруун түзүп жаткан чактарында да, Ал зат алар менен бирге болот. Алла алардын кылып жаткан иш-амалдарын  камтып алуучу Зат. [4:108]

Абу Хурайра р.а рыбаят кылган хадисте Пайгамбар с.а.в мындай деген:

«إِنَّ الْعَبْدَ لَيَتَكَلَّمُ بِالْكَلِمَةِ مَا يَتَبَيَّنُ مَا فِيْهَا يَهْوِى بِهَا فِي النَّارِ أَبْعَدَ مَا بَيْنَ الْمَشْرِقِ وَالْمَغْرِبِ»

«Пенде эмне деп жатканын өзү билбестен ошондой сөздү сүйлөп жиберет да, бул сөз аны тозоктун чыгыш менен батыш аралыгынан да ичкерирээк ыргытат» (муттафакун алайх).

Ушундай сөздөр бар, алар акыйкат, хидаят. Мисалы, Аллага даъват кылуу, Алланын шариятын өкүмдар кылуу, өкүмдөрүнө баш ийүү, аларды адамдарга жеткизүү, далилдерин көрсөтүп берүү, мусулмандарга насаат кылуу, амирлерди тергеп-тескөө, акыйкат болбогон нерсенин акыйкат эместигин ашкере кылуу, айла-амалдарды ачып таштоо ж.б.у.с. Мындай сөздөр амалдардын эң абзели. Аларды коркпостон сүйлөө, сүйлөп жаткандарды болсо мазактап эмес, тескерисинче, колдоп-кубаттоо лазым. Алла Таала айтат:

يَاأَيُّهَا الَّذِينَ ءَامَنُوا اتَّقُوا اللَّهَ وَقُولُوا قَوْلًا سَدِيدًا

– «Эй момундар, Алладан корккула жана туура сөздү сүйлөгүлө!».          [33:70]

Жана айтат:

يَوْمَئِذٍ لَا تَنْفَعُ الشَّفَاعَةُ إِلَّا مَنْ أَذِنَ لَهُ الرَّحْمَنُ وَرَضِيَ لَهُ قَوْلًا

– «Ал Күндө эч кандай шапаат-колдоо пайда бербейт, бирок, Рахман уруксат берген жана сөзүнө Ал зат ыраазы болгон адамга гана (пайда берет)». [20:109]

Дагы айтат:

وَمَنْ أَحْسَنُ قَوْلًا مِمَّنْ دَعَا إِلَى اللَّهِ وَعَمِلَ صَالِحًا وَقَالَ إِنَّنِي مِنَ الْمُسْلِمِينَ

– «(Адамдарды) Аллага (Анын динине) даъват кылган жана өзү да жакшы амал кылып, «шек-күмөнсүз, мен мусулмандарданмын» деген кишиден да жакшыраак сүйлөөчү ким бар!» [41:33]

Дагы айтат:

إِنَّ الَّذِينَ قَالُوا رَبُّنَا اللَّهُ ثُمَّ اسْتَقَامُوا تَتَنَزَّلُ عَلَيْهِمُ الْمَلَائِكَةُ أَلَّا تَخَافُوا وَلَا تَحْزَنُوا وَأَبْشِرُوا بِالْجَنَّةِ الَّتِي كُنْتُمْ تُوعَدُونَ ۩ نَحْنُ أَوْلِيَاؤُكُمْ فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَفِي الْآخِرَةِ وَلَكُمْ فِيهَا مَا تَشْتَهِي أَنْفُسُكُمْ وَلَكُمْ فِيهَا مَا تَدَّعُونَ ۩ نُزُلًا مِنْ غَفُورٍ رَحِيمٍ

– «Албетте, «Роббибиз Алла» деп, андан соң (жалгыз Аллага таат-ибадат кылууда) бекем болгон заттардын алдыларына (өлүм убагында) периштелер түшүп (айтышат): «Коркпогула жана кайгырбагыла. Силерге убада кылынган бейиш сүйүнчү кабары менен шаттангыла! Биз дүйнө турмушунда да, акыретте да силердин досуңарбыз. Силер үчүн (бейиште) көңүлүңөр каалаган нерселериңер бар жана силер үчүн ал жерде  өзүңөр каалаган  нерсеңер бар. Бул кечиримдүү жана мээримдүү Зат тарабынан болгон сый».                [41:30-32]

Абу Бакр р.а дан рыбаят кылынат, ал киши «алар кийин бекем турушуп, Аллага эч  нерсени шерик кылышпаган» деген. Жана андан Асжанад ибн Хилал рыбаят кылат, ал өзүнүн досторуна: «Мына бул

إِنَّ الَّذِينَ قَالُوا رَبُّنَا اللَّهُ ثُمَّ اسْتَقَامُوا

– «Албетте, «Роббибиз Алла» деп, андан соң (жалгыз Аллага таат-ибаадат кылууда) бекем болгон…», [41:30]

وَلَمْ يَلْبِسُوا إِيمَانَهُمْ بِظُلْمٍ

– «… өз ыймандарын зулум (ширк) менен аралаштырбаган заттар…»,     [6:82]

деген эки аят жөнүндө эмне дейсиңер? – дегенде – алар туруктуу-бекем болушуп, кийин күнөө кылбагандар, ыймандарына күнөөнү аралаштырбагандар», — деп жооп беришкен. Ошондо Абу Бакр: «Аны туура эмес талкуу кылдыңар, алар «Роббиз Алла» деп айтышты, кийин бекем болушуп, Андан башка кудайга карашпады, ыймандарына ширкти аралаштырышпады, алар үчүн тынчтык-амандык бар жана алар хидаят тапкандар», — деди. Умар р.а дан рыбаят кылынат, ал минбарда хутба окуп жатып:

إِنَّ الَّذِينَ قَالُوا رَبُّنَا اللَّهُ ثُمَّ اسْتَقَامُوا

– «Албетте, «Роббибиз Алла» деп, андан соң (жалгыз Аллага таат-ибадат кылууда) бекем болгон…, [41:30]

аятын тилават кылган жана «Аллага ант болсун, ага итаат кылууда бекем болгондор, кийин түлкүлөргө окшоп, куулук кылбагандар», — деген. (Куртубий тафсири, 15-том, 358-бет). Алла Таала айтат:

وَهُدُوا إِلَى الطَّيِّبِ مِنَ الْقَوْلِ وَهُدُوا إِلَى صِرَاطِ الْحَمِيدِ

– «Алар (бул дүйнөдө) жагымдуу-чындык сөзгө (т.а. «Алла жалгыз» деген сөзгө) хидаят кылынышат жана алкыш-мактоолор ээси – Алланын жолуна жолдонушат». [22:24]

Рыбаят кылынат, бир киши Пайгамбар с.а.вдын алдына келип, «Кайсы жихад абзел?» — деди. Пайгамбар с.а.в:

«كَلِمَةُ حَقٍّ عِنْدَ إِمَامٍ جَائِرٍ»

«Залим имамдын алдында айтылган акыйкат сөз», — деп жооп берди. (Иснади сахих, «Тандалган хадистер», 8-том, 110-бет). Жабир р.а рыбаят кылат, Пайгамбар с.а.в мындай деген:

«سَيِّدُ الشُّهَدَاءِ حَمْزَةُ بْنُ عَبْدِ الْمُطَّلِبِ، وَرَجُلٌ قَامَ إِلَى إِمَامٍ جَائِرٍ فَأَمَرَهُ وَنَهَاهُ فَقَتَلَهُ»

«Шейиттердин саййиди – Хамза ибн Абдулмутталиб жана залим имамдын алдында туруп, аны амру-маъруф, нахий-мункар кылган, натыйжада, имам аны өлтүрүп жиберген киши» (Хаким). Абу Хурайра р.а рыбаят кылат, Пайгамбар с.а.в мындай деген:

«إِنَّ الْعَبْدَ لَيَتَكَلَّمُ بِالْكَلِمَةِ مِنْ رِضْوَانِ اللهِ لا يُلْقِي لَهَا بَالاً يَرْفَعُهُ اللهُ بِهَا دَرَجَاتٍ»

«Пенде өзү көңүл бурбастан эле Алла ыраазы боло турган бир сөздү айтып жиберет да, Алла ошол сөздүн шарапаты менен анын мартабасын көп даража жогоруга көтөрөт» (Бухарийдин «Сахих»инен).

Үчүнчүдөн, Алланын аяттарына туура эмес түшүндүрмө берүү, Алланын Китеби жана Пайгамбар с.а.вдын сүннөттөрүндө баян кылынган эң абзел жихадды кылып жаткан т.а. Пайгамбар с.а.вдын жолунан жүрүп, Үммөттү ойготуу, Исламий турмушту кайта баштоо жолунда иш алып барып жаткан даъватчылар жөнүндө «алар өздөрү айтып жаткан сөздөргө амал кылбай турган жаман адамдар» деп аларга доомат таштарын ыргытуу күнөө жана мункар иш. Анткени, Алла Тааланын:

يَاأَيُّهَا الَّذِينَ ءَامَنُوا لِمَ تَقُولُونَ مَا لَا تَفْعَلُونَ ۩ كَبُرَ مَقْتًا عِنْدَ اللَّهِ أَنْ تَقُولُوا مَا لَا تَفْعَلُونَ

– «Эй момундар, силер эмнеге өзүңөр кылбай турган  нерсени (кылабыз деп) айтасыңар?! Силердин өзүңөр кылбай турган ишти (кылабыз деп) айтышыңар Алланын алдында өтө жаман көрүлгөн (иш)», [61:2-3]

деген аяты мына мындай тафсир кылынган: Адам өзү кылбаган, же кыла албай турган ишин кылдым же кыламын деп айтат. Кылбаган ишин кылдым деп айтуу жалганчылык, кылбай турган ишин кыламын деп айтуу болсо кыянат болуп,  экөөсү тең жаман кулк эсептелет. Суфён ибн Уяйнадан көчүрүп айтылат, ал Алла Тааланын:

لِمَ تَقُولُونَ مَا لَا تَفْعَلُونَ

– «… эмнеге өзүңөр кылбай турган  нерсени (кылабыз деп) айтасыңар?!», [61:2]

деген аятын т.а. кылыш же кылбашыңарды анык билбей турган ишиңерди эмне үчүн айтасыңар деген мааниде деп тафсир кылган. (Куртубий тафсири, 18-том, 80-бет).

Бул нерсе Пайгамбар с.а.вдан өрнөк алып, маддий ишке өтпөстөн, жалаң гана пикирий иш менен чектелип жаткан кишилерге таптакыр туура келбейт.

Кала берсе, мусулман киши Ислам мамлекетин тикелөө жолунда Пайгамбар с.а.вдын тарыйкатынан барып, ар бир айтып жаткан сөзүн жакшылап ойлоп алышы, аны сүйлөштөн мурун шарият таразасы менен өлчөп көрүшү, жакшы сөз болсо, Алланын жолунда жаман аттуу кылуучунун жаман атты кылышынан коркпостон дадил сүйлөшү, жаман сөз болсо, аны сүйлөөдөн тыйылышы лазым. Алкама ибн Ваккастын рыбаят кылышынча, ал Медина базарында отурган экен, анын алдынан мединалык бир кадырман киши өтүп калыптыр. Алкама ага мындай дептир: «Эй баланча, сен кадыр-барктуу адамсың. Сенин амирлер алдына кирип, алар менен сүйлөшүп жатканыңды көрдүм. Мен Пайгамбар с.а.вдын сахабасы Билал ибн Харис Музанийден уккамын, Пайгамбар с.а.в мындай деген экен:

«إِنَّ أَحَدَكُمْ لَيَتَكَلَّمُ بِالْكَلِمَةِ مِنْ رِضْوَانِ اللهِ مَا يَظُنُّ أَنْ تَبْلُغَ مَا بَلَغَتْ فَيَكْتُبُ اللهُ لَهُ بِهَا رِضْوَانَهُ إِلَى يَوْمٍ يَلْقَاهُ، وَإِنَّ أَحَدَكُمْ لَيَتَكَلَّمُ بِالْكَلِمَةِ مِنْ سَخَطِ اللهِ مَا يَظُنُّ أَنْ تَبْلُغَ مَا بَلَغَتْ فَيَكْتُبُ اللهُ لَهُ بِهَا سَخَطَهُ إِلَى يَوْم الْقِيَامَةِ»

«Силердин бирөөңөр айтып жаткан сөзү кайсыл жерге чейин жетип барышын билбестен эле Алланы ыраазы кыла турган бир сөздү айтып жиберет жана Алла ошол сөзү себептүү ага Өзүнө жолуга турган күнгө чейин Өзүнүн ыраазылыгын жазат. Дагы бирөөңөр айтып жаткан сөзү кайсыл жерге чейин жетип барышын билбестен эле Алланы каарданта турган бир сөздү айтып жиберет да, ушул сөзү себептүү Алла ага Кыямат күнгө чейин Өзүнүн каарын жазат». Алкама сөзүн улантып: «Эмне деп жатасың, эмнелерди сүйлөп жатасың, байкагын. Канчалаган сөздөр бар, аларды айтуудан мени Билал ибн Харистен уккан сөзүм кайтарган», — деди. (Ибн Хиббандын «Сахих»и).

Имад Абдулфаттах Хасанат Куддус

Жеңиш жана фатх

Жеңиш жана фатх

Өткөн санда айтып өткөнүбүздөй, Үммөт жеңишке жетишип, бекем орношкондон кийин душмандардын ага каршы таштануулары, ага бирер зыян жеткирүү үчүн ыңгайлуу учур күтүүлөрү табигый. Бул Үммөт өз мойнундагы Алланын акысын өтөө үчүн даъват жана жихад иштерин алып баруусу шарт. Алла Өз шариятында туруктуу туруучу Үммөткө Өз иззаты жана кубаты менен жеңиш беришин кепилдеп, мындай дейт:

وَلَيَنْصُرَنَّ اللَّهُ مَنْ يَنْصُرُهُ إِنَّ اللَّهَ لَقَوِيٌّ عَزِيزٌ ۩ الَّذِينَ إِنْ مَكَّنَّاهُمْ فِي الْأَرْضِ أَقَامُوا الصَّلاَةَ وَءَاتَوُا الزَّكَاةَ وَأَمَرُوا بِالْمَعْرُوفِ وَنَهَوْا عَنِ الْمُنْكَرِ وَلِلَّهِ عَاقِبَةُ الْأُمُورِ

– «Албетте, Алла Өзүнө (т.а. динине) жардам бере тургандарды үстөм кылып коёт. Шексиз, Алла күчтүү, кудуреттүү. Аларды (т.а. мусулмандарды) эгер Биз жер жүзүнө үстөм кылсак, алар намазды толук аткарышат, зекетти (акылууларга) беришет, жакшылыкка буйрушат, жамандыктан кайтарышат. (Бардык) иштердин акыбети Алланын (эрк-ыктыярында)».  [22:40-41]

Т.а. Алла Өзүнүн динине, досторуна жардам бергендерге жардам берип, Өзүнүн шариятын кийинки муундар доорунда да кудум алдыңкы муундар доорундагыдай үстөм кылат. Мухажир жана ансарларды арап баатырлары үстүнөн да, ажам кисролору үстүнөн да, Рум кайсарлары үстүнөн да үстөм кылып, ошолордун жерлери жана диярларын аларга мурас кылып берген. Бул аяттар – эгер аяттарда айтылган сыпаттарга ээ болунбаса, Алланын динине жардам берип жатам деген дааба жалган болуп чыгышын баян кылып – Алланын динине жардам бере турган кишилердин аламат-белгилери кандай болушун көрсөтүп берүүдө.

الَّذِينَ إِنْ مَكَّنَّاهُمْ فِي الْأَرْضِ

– «Аларды (т.а. мусулмандарды) эгер Биз жер жүзүнө үстөм кылсак…». [22:41]

Т.а. аларды жерге эгедер кылып, ага өкүмдар кылсак.

أَقَامُوا الصَّلاَةَ

«… алар намазды толук аткарышат…». [22:41]

Т.а. жума жана башка жамаат намаздарын аткарышат.

وَءَاتَوُا الزَّكَاةَ

– «… зекетти (акылууларга) беришет…». [22:41]

Т.а. зекетти алына турган жайлардан алып, бериле турган жайларга беришет.

وَأَمَرُوا بِالْمَعْرُوفِ

– «… жакшылыктарга буйрушат…».       [22:41]

Алланын жана адамдардын акылары жаатында шарият буйруган бардык нерсеге буйрушат.

وَنَهَوْا عَنِ الْمُنْكَرِ

– «… жамандыктан кайтарышат…». [22:41]

Шарият тыйган ар бир иш мункар. Үммөт мына ушул мааниде Алланын динине жардам берсе, Алла Өз убадасына тескери иш кылбашы анык. Ушуга караганда, Үммөттүн жеңишке жана азиздикке жетиши же жетишпеши мына ушул назик чен менен өлчөнөт. Т.а. бул иш анын жаран же жетекчи, аким же махкум болушуна карабастан, ичи-тышында Алланын шариятына моюн сунушу же моюн сунбашына карай болот. Чындыгында, нусрат келбей жатканда, бул үчүн эч качан Өз убадасына тескери иш кылбай турган Алланын убадасы ишке ашышы жөнүндө күмөндө болбостон, мусулмандардын вокыйын айыптаган макулураак. Бул убада Куранда эч кандай таъвил жана өзгөртүүнү кабыл албай турган даражада анык кылып айтылган. Алла Таала айтат:

يَاأَيُّهَا الَّذِينَ ءَامَنُوا إِنْ تَنْصُرُوا اللَّهَ يَنْصُرْكُمْ وَيُثَبِّتْ أَقْدَامَكُمْ

– «Эй момундар, эгер силер Аллага жардам берсеңер (т.а. Анын жолунда жихад кылсаңар), Ал зат да силерге жардам берет жана (согуш майданында) кадамдарыңарды бекем-туруктуу кылат».    [47:7]

Дагы айтат:

وَكَانَ حَقًّا عَلَيْنَا نَصْرُ الْمُؤْمِنِينَ

– «… жана ыйман келтирген заттарды үстөм кылуу Биздин мойнубуздагы акы болгон». [30:47]

Т.а. Алла Өз фазли жана мархаматы менен бул акыны Өзүнүн Буюк мойнуна алып жатат.

كَتَبَ عَلَى نَفْسِهِ الرَّحْمَةَ

– «Ал Өз үстүнө (асман-жердеги бардык жанзатка) рахмат кылууну жазып койгон». [6:12]

Алланын динине жардам бергендерге жардам берилиши жөнүндөгү Алланын мыйзамы өзгөрбөйт. Мындай жамдарды берүүнү Алла Таала Өзүнүн ыйык мойнуна алган. Бул жардам Жараткандын Өзү баян кылгандай, мөжиза жана күтүүсүз иштер көрүнүшүндө да (себеби, Алла Субханахунун жер-асмандарда кошуундары бар), периштелер аркылуу да, жамгыр жаадыруу аркылуу да, момундардын дилдерин турукташтыруу көрүнүшүндө да, душмандардын дилдерине коркуу салуу жана алардын айла-амалдарын жокко чыгаруу  көрүнүшүндө да, же мына ушул иштердин баары бир мезгилде жүз бериши менен да болушу мүмкүн. Алар адам баласынын колунан келбей турган иштер. Алар мурунку Үммөттөр үчүн болгондой, бул Үммөт үчүн да өзгөргүс мыйзам. Алланын шариятын бекем кармаган момундарга жолтоо болуучулар жолтоо боло албайт, гулгула салуучулар алардын дилдерине гулгула сала албайт. Саид Кутб (Алла ал кишини рахмат кылсын) айтат: «Адамзат тарыхында – Алланын хидаятында туруктуу турган, акыр-акыбетте т.а. ал халифалык жүгүн көтөрүүгө, турмушту башкарууга ылайык болгондон кийин ага Алла күчтүүлүктү, жеңилбестикти, башчылыкты бербеген – бир да жамаат болбогон… Көпчүлүк адамдар Алланын шариятына ээрчүүдөн, Ал заттын хидаятына баруудан чоочушат. Алар Алла душмандарынын душмандыгынан, айла-амалынан коркушат. Алар касташкандардын кол салуусунан коркушат. Алар экономикалык кысымдардан коркушат. Негизи, бул нерселер Курайштын Пайгамбар с.а.в га

وَقَالُوا إِنْ نَتَّبِعِ الْهُدَى مَعَكَ نُتَخَطَّفْ مِنْ أَرْضِنَا

– «(«Эй Мухаммад), эгер биз сен менен бирге туура жолго ээрчисек, өз жерибизден ажырайбыз (т.а. башка араптар бизге душман болуп калып, өз журтубуздан кууп чыгарышат)», [28:57]

— деген сөзүндөгү далбасага түшүүдөн башка нерсе эмес. Үммөт Алланын хидаятына жетишкенден кийин, чейрек кылымдан азыраак убакыт ичинде жер жүзүнүн чыгыш-батышына өкүмдар болду».

Алла Таала Өзүнө жардам бергендерди душмандары үстүнөн жеңишке жеткирүү менен бирге, аларга фатхты да берет. Жерлердин фатх кылынышы Алланын өкүмүнө моюн сунуу болсо, дилдердин фатх кылынышы Ислам динине жолдонуу. Курандын өтө көп жерлеринде фатх жеңиш менен бирге зикр кылынган. Мындан түшүнүлгөндөй, даъват жолуна тоскоолдук кылып жаткан душмандардын үстүнөн жеңишке жетишүүдөн максат ушул жеңиштин өзү эле эмес, балким, негизги максат жолдогу тоскоолдуктарды жеңип өтүп, мүмкүн болушунча көп адамдарды Алланын динине киргизүү. Алла Таала айтат:

إِذَا جَاءَ نَصْرُ اللَّهِ وَالْفَتْحُ ۩ وَرَأَيْتَ النَّاسَ يَدْخُلُونَ فِي دِينِ اللَّهِ أَفْوَاجًا ۩ فَسَبِّحْ بِحَمْدِ رَبِّكَ وَاسْتَغْفِرْهُ إِنَّهُ كَانَ تَوَّابًا

– «(Эй Мухаммад алайхис-салам), качан Алланын жардам-жеңиши жана фатх келсе; жана адамдар топ-топ болуп Алланын дини (Ислам)га кирип жатышканын көрсөң; дароо Роббиңе хамд-мактоо айтуу менен (Ал затты ар кандай «шерик»терден) аруулагын жана Ал заттан магфират-кечирим сурагын! Анткени, Ал тооболорду кабыл алуучу Зат». [110]

Дагы айтат:

إِنَّا فَتَحْنَا لَكَ فَتْحًا مُبِينًا ۩ لِيَغْفِرَ لَكَ اللَّهُ مَا تَقَدَّمَ مِنْ ذَنْبِكَ وَمَا تَأَخَّرَ وَيُتِمَّ نِعْمَتَهُ عَلَيْكَ وَيَهْدِيَكَ صِرَاطًا مُسْتَقِيمًا ۩ وَيَنْصُرَكَ اللَّهُ نَصْرًا عَزِيزًا

– «(Эй Мухаммад алайхис-салам), Алла сенин илгери өткөн жана кийин келе турган (бардык) күнөөлөрүңдү кечирүүсү үчүн жана сага Өз жакшылыгын толук кылып берип, сени Туура жолго хидаят кылуусу үчүн о.э. Алла сага кудуреттүү жардам бериши үчүн, чындыгында, Биз сага ачык-айкын фатх тартуу эттик». [48:1-3]

Дагы айтат:

يَاأَيُّهَا الَّذِينَ ءَامَنُوا هَلْ أَدُلُّكُمْ عَلَى تِجَارَةٍ تُنْجِيكُمْ مِنْ عَذَابٍ أَلِيمٍ ۩ تُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ وَرَسُولِهِ وَتُجَاهِدُونَ فِي سَبِيلِ اللَّهِ بِأَمْوَالِكُمْ وَأَنْفُسِكُمْ ذَلِكُمْ خَيْرٌ لَكُمْ إِنْ كُنْتُمْ تَعْلَمُونَ ۩ يَغْفِرْ لَكُمْ ذُنُوبَكُمْ وَيُدْخِلْكُمْ جَنَّاتٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ وَمَسَاكِنَ طَيِّبَةً فِي جَنَّاتِ عَدْنٍ ذَلِكَ الْفَوْزُ الْعَظِيمُ ۩ وَأُخْرَى تُحِبُّونَهَا نَصْرٌ مِنَ اللَّهِ وَفَتْحٌ قَرِيبٌ وَبَشِّرِ الْمُؤْمِنِينَ

– «Эй момундар, силерге ачуу азаптан нажат бере турган бир «соода»ны көрсөтөйүнбү? (Ошол «соода» мына бул) — Аллага жана анын Пайгамбарына ыйман келтирсеңер жана Алла жолунда мал-жаныңар менен жихад кыласыңар. Мына ушул, эгер билсеңер, өзүңөр үчүн эң жакшы (иш. Эгер мындай кылсаңар, Алла) силердин күнөөңөрдү кечирет да, силерди астынан дарыялар агып тура турган бейиштерге жана түбөлүктүү бейиштердеги пакиза турактарга киргизет, бул болсо улуу бакыт. Жана (Алла силерге) дагы башка силер сүйө турган (бир неъматты да берет, ал) Алла тарабынан болгон жеңиш жана жакын(да боло турган) фатх. (Эй Мухаммад), момундарга (мына ушул) кушкабарды жеткиргин!» [61:10-13]

Демек, шарияттын буюрганын аткаруу менен фатхка жетишилет, жеңиш колго киргизилет, жерлер фатх кылынат. Ко-ош, аким же махкум болушуна карабастан, Үммөттүн желкесинде Алланын шариятын өкүм чыгаруучу кылуу жаатында кандай жоопкерчилик турат? Жалпы калктын үстүндө өкүм суроо жана моюн сунуунун чоң жоопкерчилиги болсо, акимдер, казылар жана аалымдардын үстүндө өкүмдү түшүндүрүүнүн, баян кылуунун чоң жоопкерчилиги бар. Булардын жоопкерчилиги калктыкынан улкөнүрөөк. Анткени, алар жетекчилик, башкаруучулук жүгүн көтөрүп турган адамдар. Алла Куран менен тыйбаган нерсени алар менен тыйып коёт. Алар оңдолсо, Үммөт да оңдолот жана жеңишке жетишет. Алар бузулса, бардык жак бузулат, адамдар залалатка кетишет, өлкөлөр кыйрайт. Ибн Таймийя (Алла ал кишини рахмат кылсын) айтат: «Жетекчилер Алла түшүргөн хужжаттар менен өкүм жүргүзүшпөсө, өздөрү менен өздөрү убара болуп калышат… мамлекеттердин өзгөрүүлөрүнүн эң негизги себеби – мына ушул. Бул мыйзамченем биздин заманыбызда да, мурунку замандарда да көп жолу далилденген. Алла кимдин бактылуу, таалайлуу болушун кааласа, ага башкаларга жеткен мусибаттардан ибрат алып, Алланын колдоп-кубаттоосуна, нусратына жетишкендердин жолун тутуу о.э. Алла кордогон, шермендесин чыгарган кимселерден өзүн четке алуу нематын берди. Анткени, Алла Таала Өзүнүн Китебинде мындай дейт:

وَلَيَنْصُرَنَّ اللَّهُ مَنْ يَنْصُرُهُ إِنَّ اللَّهَ لَقَوِيٌّ عَزِيزٌ… وَلِلَّهِ عَاقِبَةُ الْأُمُورِ

– «Албетте, Алла Өзүнө (т.а. динине) жардам бере турган заттарды үстөм кылып коёт. Шексиз, Алла күчтүү, кудуреттүү… (Бардык) иштердин акыбети Алланын (эрк-ыктыярында)». [22:40-41]

Алла Өзүнө жардам берген кишиге жардам берүүнү убада кылган. Аллага жардам берүү болсо, Алла түшүргөн хужжаттар менен өкүм жүргүзө албай турган, билбей турган нерсесин сүйлөй турган кимселерге эмес, Ал заттын Китебине, динине, Пайгамбарына жардам берүү болуп эсептелет».

Үч күндөн ашык халифасыз жашоо арам

بسم الله الرحمن الرحيم

Үч күндөн ашык халифасыз жашоо арам

Бул шаръий хукм. Бул өкүмгө амал кылбаган муминдер да кафирлер катарында ахиретке сапар алышы айтылган. Бирок, бул хукмду жакшы түшүнбөгөнүбүз үчүн, ага өзүбүз да, Уммат да кайдыгер болууда. Ушул орунда шейхибиз Набахоний (рахимахуллох) жашоосунун акыркы убактарында, аныгыраагы 1973-жылы жазган «Тафкир» (пикирлөө) китебинен ушул мавзуъга байланыштуу бир-эки абзацты келтирем:

«…Шаръий хукмдарга чектелип, турмуш майданына жогорку деңгээлде кирип барууга болгон токтомго жетишип турган бир убакта, таклидден истинбат кылуу даражасына көтөрүлүшүбүз жана турмуш иштеринин баарын жалаң шаръий хукмдар менен оңдошубуз шарт. Бул болсо истинбат үчүн керектүү маърифат-билимди пайда кылуудан башка чарабыз жоктугун түшүндүрүүдө. (Шейх бул сөздү биз үчүн айтууда, ал андан 20 жылдай мурда мужтахиди мутлак болгонун жакшы билебиз)

Туура, шаръий хукмду билүү фарзи аъйн, ал эми шаръий хукмдарды истинбат кылуу болсо фарзи кифая. Бирок, окуялардын жаңылануу зарылчылыгы, шаръий хукмдан башка ар кандай хукмду алууну Ислам харам кылгандыгы, (ушул эки нерсе) мына ушул фарзи кифаяны АЪЙНДАЙ зарыл кылып коёт. (Этибар бериңиздер, мужтахиддикти фарзи айндай деген тыянакка келүүдө. Эмнеге аъйндай?..) ошондуктан, Умматта истинбатчылар жана мужтахиддердин көптөгөн жамааты болушу зарыл.

Мындан белгилүү болгондой, шаръий мыйзамчылыкты (фикхти) билүү – фикрлөөнүн эң кыйын түрлөрүнөн бири болушу менен бирге, шаръий хукмду билүү үчүнбү, же истинбат кылуудагы фикрлөө болобу, эч айырмасыз, исламий уммат үчүн эң керектүү фикрлөөнүн түрү. Бирок, шаръий хукмду истинбат кылууну фикрлөө жеңил-желпи жана жөнөкөйлүк менен алынышы дурус эмес (т.а. шаръий хукмду ар ким өзү билгениндей акылынан алышы жаиз эмес), балким, буга олуттуу көңүл буруу менен жандашуу важиб, керектүү маалыматтарга ээ болбогон адам ага жакындашпашы важиб. Шаръий нусустарды (конунчулук сөздөрүн) фикрлөөдө керектүү үч иш: араб тилин, шаръий иштер (усул фикх коидаларын), вакиъликтин акыйкатын (манатын) билүүгө жана мына ушул вакиъликке ушул шаръий хукмдун дал келишин билүүгө мухтаж экендигин түшүнүү важиб. Мындай дал келишин билүү истинбат кылуу үчүн керектүү маърифаттардын бири эсептелбесе да, бирок, хукмду өз вакиълигине байлоо (т.а. шаръий хукмду туура түшүнүп, өз вакиълигине байлоо) ушул үч ишти жакшы билүүнүн натыйжасы болуп саналат.

Бул шаръий мыйзамчылыкты фикрлөө болот т.а. өз вакиълигине байлануучу маалыматтар (нусус) – мына ушул вакиъликтин шаръий хукмун билүү үчүн жана ага хукм истинбат кылуу үчүн жетиштүү маалымат болушу.

Ырас, душмандарыбыз бизди чалгытып, бизди «бал – чиркейдин чыгындысы» деп карай турган, андан жийиркенип жүзүбүздү үйрүй турган кылып коюшкан соң т.а. фикхти жаман көрсөтүп, андан жүз үйүрө турган болуп калган экенбиз, мына эми ушул чалгытуучу фикрлерди ачып таштоонун убагы келди. Бакыт-таалайыбыз да, жашообуз да жалаң шаръий хукмдар себептүү ишке ашат деп карашыбыздын кези келди. Т.а. аларга жалаң фикх менен жетишебиз, айрыкча, “жарандык кодекс” сыяктуу Исламдан болбогон мыйзамдар шайтандын шарияты жана Куръандын ачык аяттары тыюу салган куфр мыйзамчылыгы экендиги ачык-айкын болуп турганда, туура жолду, келечегибизди жалаң шаръий өкүмдөрдү билүү (т.а. фикх) жана аларды истинбат кылуу менен гана табабыз деп түшүнүшүбүздүн убагы келди.

Шаръий ибара-нусустарды фикрлөө башка ар кандай ибара-сөздөрдү түшүнүүдөн айырмаланат. Т.а.:

а) адабий ибараларды фикрлөөдө сөздөрдү жана сүйлөмдөрдү келтирүү тартибин, көрүнүшүн түшүнүүгө, мына ушул тармакты билүүдөн пайда боло турган (т.а. адабиятчыларда, акындарда болгон) завкка мухтаж болунат.

б) фикрий ибараларды түшүнмөкчү болуп жатканда, мавзуъга (т.а. техникабы, химия-физикабы, ушуларга байланыштуу) жетиштүү деңгээлдеги билим зарыл.

в) саясий ибараларды фикрлөөдө окуяларды түшүндүрүп жаткан тексттерди б.а. саясий хабарларды билүү керек.

г) шаръий нусустарды түшүнүүдө т.а. фикхти билүүдө баарын: адабий жана фикрий билим да, вакиъликти б.а. болуп жаткан саясатты да билүү керек. Себеби, фикхте сөздөрдү, сүйлөмдөрдү билүү да (адабий), жогорку деңгээлдеги шаръий вакиъликти б.а. усул илимин билүү (фикрий) да, шаръий хукм колдонула турган окуяларды (саясатты) билүү да зарыл. Ошондуктан, шаръий мыйзамчылыкты фикрлөө т.а. фикрат жана тарыйкатты түшүнүү ар кандай фикрлөөгө караганда кыйыныраак жана мусулмандарга зарылыраак…»

Айрыкча, бул бизге өтө зарыл. Себеби, биздин ишибиз жашообузда колдонулуп жаткан мыйзамдардын шариятка жана турмушка туура келиш-келбешин амма-массага түшүндүрүү.
Эми бир фикрлеп көрөлү, эгер факихтер болбосо күнүбүз жахилдерге калат. Ушул күнгө чейин биз эмнеге куфр чеңгелинде кыйналып жатабыз?! Исламдын бул баткактан чыгаруу жолдору жоктугунанбы?! Астагфируллах. Аллах Таала айтат:

وَنَزَّلْنَا عَلَيْكَ الْكِتَابَ تِبْيَانًا لِكُلِّ شَيْءٍ وَهُدًى وَرَحْمَةً وَبُشْرَى لِلْمُسْلِمِينَ

– „Сага бардык нерсени баян кылып берүүчү, хидаят, рахмат жана мусулмандар үчүн сүйүнчү кабар болгон Китебди – Куръанды түшүрдүк». [16:89]

Ислам толук дин, буга күмөн кылуу куфр болот. Биздин азыркы абалыбызды да Ислам баян кылган. Ал төмөндөгү сыяктуу хадистерде чагылдырылган. Бухарий Урвадан риваят кылган хадисинде Урва айтат: Абдуллах ибн Амр бизге хужжат келтирип, Расулуллах (с.а.в.)дын мындай дегенин уккам деди: «Албетте Аллах Таала илимди силерге бергенинен кийин аны кайра тартып алып койбойт, лекин, аны аалымдарды илимдери менен бирге алып коюу менен адамдардан тартып алып коёт. Акыбетте, фатва суралса, өз райы боюнча фатва берип адаштыра турган жана өзү да адашууга кете турган жахил адамдар гана калат».

Мына азыркы учурда өйдөбүздө кимдер турат, албетте фасыктар, илимсиздер турат. Азыр күнүбүз «Халифалык Куръанда жок» же «Исламды толук үйрөнүү шарт эмес, “мээлүүн ислам”ды билсеңер болду дей турган т.а. “акыйданы жана диндин азыркы учурга жарашасын билишиңер жетиштүү» деп адаштыра турган, Исламды толук үйрөнүүнүн жолу болгон фикхтен ажырата турган, ижтихадды жек көрө турган, куфрдун максадын ишке ашырып, алардын алкыштарына, ордендерине “татыган” имам-молдолорго калды. Ушулар бизге диний көсөм жана жолбашчылар болуп алышты. Диндеги иштерибизди ошолор айткандай кылышыбыз керек болуп, күнүбүз, келечегибиз ушулардын колунда болуп калды…

Куфр көзүбүздүн ачылышына, шарият негизинде акыйкатты, ак-караны ажырата алышыбызга катуу каршылык кылат т.а. мужтахиддикке умтулуу биякта турсун, ал тургай факихтер болушубузга катуу каршылыктар кылышат. Себеби, Исламды фикх негизинде үйрөнүшүбүз т.а. катасын тан алып, минбарда туруп “баарыңар Умардан аалымырааксыңар” деп кечирим сурай турган Умар (р.)лар чыга турган чөйрөнү фикх пайда кылышын куфр жакшы билет. Ал эми биздикилер болсо, саясий көрдүгүнөн улам, саясий аң-сезимсиздигинен улам, же жан сактоо максатында жугундукорлук кылган коркоктугунан улам, Исламды үйрөнүшүбүзгө, айрыкча, ага жетүүнүн жолу болгон фикхке, фикрге каршы чыгышууда. Сахабалардай болууну тилдеринен түшүрүшпөсө да, бирок, иш жүзүндө алардай болууга каршы турушууда.

Расулуллах (с.а.в)дын жамааты мужтахиддерден түзүлгөн эле т.а. сахабалардын баары, ал тургай, акимдер, валийлер, казылардын көпчүлүгү мужтахиддер болушкан: «…Ибн Исхак айтат: Мединалыктар кайтып жактанда Расулуллах (с.а.в) аларга Мусъаб ибн Умайрды кошуп, аларга Куръан окуп берүү, Исламды үйрөтүү жана динде билимдүү кылууну буйруду. Ушул себептүү Мусъаб Мединада “Куръан окуп берүүчү” деп таанылган эле…»» Куръан жалаң лафзы менен эле эмес, балким, мааниси менен бирге Куръан. Аны түшүнүүгө баары эле кудуреттүү эмес, жалаң мужтахиддер түшүнүшөт.

«…Усайд найзасын алып жолго чыкты. Асъад аны көрүп, Мусъабга айтты: «Бул адам өз коумунун саййиди, сенин алдыңа келе жатат. Калыс бол». Мусъаб айтты: «Келип отурса, сүйлөшөт». Усайд алардын алдына келип, оройлонуп: «Биз тараптарга эмне үчүн келдиңер? Алсыз адамдарды акмак кылып жатасыңар. Жаныңар керек болсо, бул жерден кеткиле», — деди. Мусъаб ага: «Бир отуруп сөздөрүбүздү укпайсыңбы, эгер макул келсе аласың, жактырбасаң албайсың», — деди. Усайд «ынсаф кылдың» деп, найзасын жерге сайып, алардын алдына отурду …»

Ооба, Расулуллах (с.а.в) даярдаган жамаат мүчөлөрү Хабашистанга барышканда да, ошол өлкөнүн башчысы Нажашийге эмне максадда Мухаммад (с.а.в)га ээрчигенин тунук жана канааттанаарлык кылып баян кылышканын да бир фикрлеп көрөйлү, анан бизде ушундай иштин өтөсүнөн чыга турган т.а. саясий чөйрөлөргө кирип, максадыбызды, акыйкатты баян кыла ала турган канча сапташтарыбыз бар экенин фикрлейли. Т.а. коомдогу өз ишибизди аткарууга канчалык даярбыз?! Саясийлер бизден эмнелерди сурашат?! Же биз саясий майдандан четте иш алып барабызбы?! Ушуну түшүнсөк, буга даяр болбостон туруп кезектеги ишти кылышыбыз тарыйкатка туура келбей турган иш экени ачыкка чыгат:

«…Нажаший мусулмандардан бул туурасында эмне деп айтууларын билүү үчүн, аларды чакыртып сурады: «Силер коумуңардан ажыралышыңарга, менин диниме жана башка эч бир улуттун динине кирбешиңерге себеп болгон бул кандай ДИН?» Ага Жаъфар ибн Аби Талиб жахилияттагы абалдары жана өздөрү кандай сыпатта болушканын т.а. Меккедеги жахилиятты баяндап берди. Кийин Ислам алып келген хидаятты, мусулман болушкандан кийин абалдары кандай өзгөргөнүн баян кылды…»»(“Ислам мамлекети” китебинен).

Аллах Субханаху ва Таала мусулмандарга Расулуллах (с.а.в)дан үлгү алууну важиб кылган. Аллах Таала айтты:

لَقَدْ كَانَ لَكُمْ فِي رَسُولِ اللَّهِ أُسْوَةٌ حَسَنَةٌ لِمَنْ كَانَ يَرْجُو اللَّهَ وَالْيَوْمَ الْآخِرَ وَذَكَرَ اللَّهَ كَثِيرًا

– „(Эй муминдер), силер үчүн — Аллах жана Акырет күнүнөн үмүткөр болгон о.э. Аллахты көп жат алган кишилер үчүн Аллахтын Пайгамбарында чырайлуу үлгү бар». [33:21]

Аллахты жакшы көрүшүбүз тил менен эмес, балким, Расулуллах(с.а.в)га изме-из ээрчишибизде экенин төмөндөгү аят баян кылууда:

قُلْ إِنْ كُنْتُمْ تُحِبُّونَ اللَّهَ فَاتَّبِعُونِي يُحْبِبْكُمُ اللَّهُ وَيَغْفِرْ لَكُمْ ذُنُوبَكُمْ وَاللَّهُ غَفُورٌ رَحِيمٌ

— «(Эй Мухаммад): «Эгер Аллахты жакшы көрсөңөр, мени ээрчигиле. Ошондо Аллах силерди жакшы көрөт жана күнөөңөрдү магфират кылат. Аллах магфират кылуучу, мээримдүү» дегин» [3:31]

Азыркы күнүбүзгө, абалыбызга Ислам эмне деп хукм чыгарган, эмнелерди кылышыбызды талап кылууда? Азыр халифа жок, ушундайбы? Демек, шарият негизиндеги биздин вакиълигибизди төмөндөгү хадис анык түшүндүрүп жатат т.а. биздин абалыбызга болгон Исламдын баасы: биздин жашообуз жахилиятта, хидаятта эмес, ушуга ишенесиңерби?! Муслим Расулуллах(с.а.в)дан риваят кылат:

و…َمَنْ مَاتَ وَلَيْسَ فِي عُنُقِهِ بَيْعَةٌ مَاتَ مِيتَةً جَاهِلِيَّةً

«… Кимде-ким мойнунда байъаты жок абалда өлсө, жахилият өлүмү менен өлүптүр».
Байъат халифага гана берилет. Ким бул хадистеги ваъийд (коркутуучу хабар) менден башкаларга каратылган деп айта алат? Ким?! Ислам ушул, биздин бардык амалдарыбызды: намаз, орозо, хаж сыяктуу ибадаттарыбызды, хайыр-ихсандарыбызды, бирөөлөргө канчалаган жардамдарыбызды, залимдердин зулумуна сабыр кылганыбызды – бүт бардыгын бар же жок кыла турган негиз ушул: «… Кимде-ким мойнунда байъаты жок абалда өлсө…» – буддист, демократ же атеисттей өлөсүң жана Кыяматта алардын катарында тирилесиң дегени да. Хадистин мазмуну,ушундайбы?! Аллах сактасын!

Аллах Таала айтты:

وَمَا كَانَ لِمُؤْمِنٍ وَلاَ مُؤْمِنَةٍ إِذَا قَضَى اللَّهُ وَرَسُولُهُ أَمْرًا أَنْ يَكُونَ لَهُمُ الْخِيَرَةُ مِنْ أَمْرِهِمْ

– „ Аллах жана Анын пайгамбары бир ишти буюрган убакта бирер мумин жана мумина үчүн (Аллахтын хукмун коюп) өз иштеринде ыхтыяр кылуулары жаиз эмес «. [33:36]

Хадистеги бул коркунучтуу хабар менден башкаларга каратылган деп, хужжатсыз бейгам болуу менен өзүбүздү гана алдайбыз. Бул хадистен бирер инсанды истисна кылуу үчүн шаръий хужжат керек. Мисалы, Умар(р.а.) каза болгондон кийин Усман(р.а.)га халифа кылып байъат берилгенге чейин сахабалар (р.а.дар) үч күн байъатсыз жашашты. Алар күнөөкөр болушпады. Себеби, алардын – Умар(р.а.)нун үч күн ичинде халифа шайланышын шарт кылган акыркы токтомуна унчукпай туруулары менен – “халифасыз жашоо үч күнгө чейин жаиз” деген хукмдун негизи айкын болду.

Дагы “халифасыз жашоо арам” деген бул хукмду билбегендер да хадистеги азабдан аман калышат, себеби, “Исро” сүрөсүнүн 15-аятында:

وَمَا كُنَّا مُعَذِّبِينَ حَتَّى نَبْعَثَ رَسُولًا

“Биз тээ бир пайгамбар жибермейинче азаптабайбыз”(17:15) деп, ар бир иштин хукму жетиштүү баян кылынбастан туруп бирер инсанды Аллах Таала азаптабашын кабар кылууда.

Силердин хадистеги азаптан сактап кала турган хужжатыңар барбы?! Колонизатор кафир маалайларынын “урфтагы акыйданы жана кээ бир хукмдарды билишиңер жетиштүү” деген алдоолоруна ишенип, ток көңүл жүрөсүңөрбү?! Исламды “мээлүүн” деп, фикрат жана тарыйкатты толук үйрөнүшүбүздөн чалгытып жаткан куфр фикринен башка далилиңер барбы?! Сахих ижтихаддан, китептерибизден хужжатыңар барбы?!

Мен буларды билбегенмин деп Аллахка хужжат келтирбешибиз үчүн:

رُسُلًا مُبَشِّرِينَ وَمُنذِرِينَ لِأَلَّا يَكُونَ لِلنَّاسِ عَلَى اللَّهِ حُجَّةٌ بَعْدَ الرُّسُلِ وَكَانَ اللَّهُ عَزِيزًا حَكِيمًا

“бул пайгамбарлар өткөндөн кийин, адамдар үчүн Аллахка каршы хужжат болуп калбашы үчүн, пайгамбарларды кушхабар жеткирүүчү жана коркутуучу кылып жибердик. Аллах кудурет жана хикмат ээси” [4:165] деп кабар берүүдө.

Расулдардан кийин бул иш муминдерге калган жана Исламды жеткирүү эми муминдердин иши. Силер ушуларды билесиңерби, жеткирилгенби?! Т.а. үч күндөн ашык халифасыз жашоо арам деген хукм жеткенби?! Билбеген жахилдердин хужжаты бар: мага муну айтышпаган, эч ким жеткирбеген, кошунам да, досум да айтпаган деп өзүн актап калат, а силерчи?!

لِئَلَّا يَكُونَ لِلنَّاسِ عَلَيْكُمْ حُجَّةٌ

“(айрым) адамдар үчүн силерге каршы хужжат болуп калбасын” [2:150]

Бул фарзды ташташыбызга же ага жетиштүү даражада көңүл бура албай жатканыбызга башка иштер менен алек болушубуз шаръий үзүр жана бизди актоочу боло албайт. Себеби, «байъат»ты бар кылуу ишин сахабалар эң биринчи орунга коюшканы тарыхтан белгилүү. Биринчи Халифа Абу Бакр (р.а.) «Халифа» болуп шайланышын көңүл коюп үйрөнүп чыга турган болсок, ошондо Бану Соиданын үйүндө мусулмандардан кээ бирөөлөрү бул ишти талкуулаганын көрөбүз. Халифалыкка талапкерлер Саъд, Абу Убайда, Умар жана Абу Бакрлар эле. Бирок, Умар меен Абу Убайда Абу Бакрга атаандаш болууга ыраазы болушпады. Маселе Абу Бакр менен Саъд ибн Убаданын ортолорунда гана эле. Талкуудан кийин ахли хал вал-акд Абу Бакрды Халифа кылып шайлап, ага инъикод байъатын беришти, ушул убактан баштап мусулмандардын расмий жетекчиси (Халифасы) бар болду. Кийин эртеси күнү мечитте мусулмандар Абу Бакрга итаат байъатын беришти.

Т.а. башка фарздар: Расулуллах(с.а.в)дын мубарек денесин жайына узатуу, муртаддарга жаза колдонуу жана Усама бинти Зайд башчылыгындагы армияны жихадга жөнөтүү иштери зарыл болушуна карабастан кийинкиге калтырышканынан, биринчи кезекте мусулмандар өз “Халифасын” шайлап алуулары кандай гана зарыл экендиги түшүнүлөт. Бул ижма бизге шаръий хужжат болот т.а. бул фарзды ташташыбызга же ага жетиштүү даражада көңүл бөлө албай жатканыбызга башка иштер менен алек болушубуз шаръий узр жана актоочу боло албашына хужжат болот. Көпчүлүк үчүн бул сөздөр жаңылык эмес, баарыбыз буларды жакшы билебиз, болгону эске алуу маанисинде гана келтирип өттүк.

Демек, «байъат»ты бар кылуу үчүн ага аракет кылуу эң зарыл фарз экендигин, анын ордун башка иштер менен толтуруу мүмкүн эместигин хужжат негизинде карап чыктык жана бул иштерден биз, билгендер, жоопкербиз.

Муну жаркыныраак түшүнүү үчүн бир мисал келтире кетем. Бир калкка башка мамлекеттин канализациясын буруп, таштандыканага айланткан. Нажасат булактары мектеп-окуу жайлар, телевидение-басма сөз, көчөлөрдө, бардык жайда нажасат. Ал жердеги адамдар көп жылдардан бери таза турмуштан үзүлүп калышкан, ал тургай таза турмушта жашоо эмне экенин билбей турган селсаяктарга окшоп, “таштанды”га ыраазы болуп жашай турган абалды пайда кылышкан. Мындан тышкары, адам ден соолугу үчүн зыяндуу-уулуу товарларын, же мөөнөтү өтүп кеткен жараксыз эски машиналарын, станокторун, малай акимдерди короого гана жарай турган эскирип бүткөн куралдарын алтын баасында моюнга жүктөп, карыздарды күндөн-күндө көбөйтүп жаткан, кен байлыктарын талап-тоноп жатышкан, калкын болсо кедей кылып, башка өлкөлөрдө кулдук кылууларына мажбур кылып коюп жаткан… ар күнү кордук, кыйынчылыктар, акыйкатсыздыктар, уруш-жаңжалдардан башы чыкпай туган калк бар. Аларды элестетип жатасыңарбы?!

Аларга жардам берүү керек. Ошондо бир колу ачык адам чыгып, силерден миң адамды өзүмдүн эсебимден хаж сапарына жөнөтөм, же миңдеген балдарга таалим бере турган медресе куруп берем, же мухтаждарга жардам берем десе… мындай жоомарт адамга силер эмне деген болор элеңер?

Бул марттыгы ошол калкка канчалык жардам деп билесиңер?!

Ошол турмушка ыраазы болуп жашап жаткандарга пикириңер кандай?!

Мага ушул жашоо туура келет деп, ошол жашоону өзгөртүү үчүн баш катырбай жаткан, аракет кылбай жаткандаргачы?!

Мындай турмушту сактап калууга жан үрөп жаткандаргачы?

Мумин ар бир абалга шарият көз карашы менен карайт. Себеби, ар тараптуу текшерилгенде да катасы табылбай турган жалгыз акыйкат – бул шарият. Т.а. Куръан жана хадис. Ошондуктан, Расулуллах (с.а.в): «Силерден бирер киши тээ каалоосу мен алып келген нерсеге моюн сунмайынча мумин болбойт», — деп айткан. Муминдин көзүндө ар бир иш-абал ушул сыяктуу болот.

Мункарларга толо болгон бул турмушту өзгөртүү үчүн да каалаганыбыздай эмес, балким, Ислам талап кылгандай аракет кылышыбыз фарз. Т.а. бирер жамаат-хизбге мүчө болбостон өз каалообузча аракет кылуу менен, же хизбдин мүчөсү болсок да, бир натыйжаны жүзөгө чыгарам деп, анык, аклий жетүү мүмкүн болгон натыйжаны максад кылбастан, гояны белгилебестен плансыз тынымсыз кылынган өз билемдик аракет менен да тарыйкатта жүрбөгөн болобуз. Т.а. фарз жана суннаттарды кылуу менен өмүрүбүздү өткөрүп жаткан болсок да, бул иштер Исламда өтө улуу жана жакшылыктуу иштерден болсо да, бирок, эң зарыл фарзды аткарбаганыбыз үчүн фасыктар катарында күнөөкөр болобуз, себеби, Расулуллах (с.а.в) түзгөнү сыяктуу жамаат-хизбди түзүү куфрду түп-тамыры менен жок кылып, ордуна Исламды тикелөө тарыйкатындагы алгачкы кадам, фарздардын таажысы. Баарына, куфр коомун башкарып жактандарга да, аткарып жаткан түзүмдөрү туура эмес экенин, Аллах Таала пенделерине түшүргөн түзүм болсо, адам үйрөнөр замат ага жүрөгү менен талпына турган, адилеттүү, толук түзүм экенин түшүндүрүүгө кудуреттүү “мугалимдер жамаатын”, “тирүү Куръандарды” чыгаруу б.а. чыныгы хизбди түзүү – тарыйкаттын башталышы. Себеби, хизбдин коомдогу негизги иши – мабдаъны толук турмушка кайтаруу. Бардык иш ушуга каратылышы, Уммат да сахих ижтихад негизинде башкарууга ылайыктуу хизбди түзүүгө тартылышы керек. Коомдо да, эл аралык саясатта да чыныгы “хизб”сиз максадга жете албайбыз.

Муну футбол командасын мисал кылуу менен түшүндүрүүгө аракет кылам. Футбол командасы кандай түзүлүшүн жана кимдерден түзүлүшүн баарыбыз жакшы билебиз. Бул команданын күчү тышкы формасында эмес. Анын күчү ар бири тажрыйбадан өткөн, футбол тартиб-эрежелерин билген жана топту мыкты ойното алган оюнчуларында, алардын тажрыйбалуу машыктыруучу тарабынан тандалган, сыртынан көрүнбөсө да, бирок, оюнунда бизге да көрүнө турган чеберчиликтеринде. Алар футболду жакшы билүүлөрү керек дегенде баары бирдей болушу керек деген маани көздөлбөйт. Ар ким эле Пеле же Марадона сыяктуу футболист боло албайт да деп, футболдун тартиб-эрежелерин билбей турган, тартибге баш ийбей турган, бир команда болуп ойноого акылы жетпей турган, ал тургай, өз дарбазасына гол киргизип, асманга секире тургандардан, же команданын жеңишке жетишине эмес, өзү билгендей оюн көргөзүүнү, өзү гол киргизүүнү туура деп биле тургандардан түзүлгөн командада, “бир команда болуп” деген иш ишке ашабы?! Ушуга окшоп, куфрду түп-тамыры менен кулатып таштап, ордуна Исламды толук абалда колдонулушун жолго коюу үчүн халифалыкты кайтаруу иши да “хизб”дин иши, фикрат жана тарыйкатты билгендерден түзүлгөн команданын иши. Булар бир команда эле эмес, балким, маънавий шахсия – “тирүү Куръандар”дын заманбап көрүнүшү. Табанний кылынган китептерибизди жакшы өздөштүрбөстөн туруп бул команданын мүчөсү болуу убактылуу абал болушу керек. Бирок, саясий майданга түшкөндөр тартиб-коидаларын, табаннийдеги ар бир фикрди жакшы билүүлөрү керек.

Кимде-ким ушул жамаатты даярдабастан кийинки кадамга өтсө, коомдо жекече абалда, өз билгенинче иш алып барса, же кайрымдуулук иштер, мечит-медреселер куруу сыяктуу башка жол менен Исламды кайтарууну максад кылышса, ошондо туура кылган болушабы?

Мейли жүз миңдеген муминдерди өздөрүнө ээрчиткен болушса да, 20-30 жылдап даъватта жүргөн болушса да, бирок, алар тарыйкаттан чыгып кеткен болушат го?! Андай даъватчылар Расулулллах (с.а.в)га ээрчибегени үчүн күнөөкөр болууларынан тышкары, эч кандай натыйжага да жетише алышпайт. Себеби, замандаштары, мекендештери, айрыкча, саясий чөйрөлөрдөгүлөр “эмнеге силер бул түзүмдү (системаны) өзгөртөм деп жатасыңар” деген суроолоруна тааныган боордошторунан, же ушул ишти айтып жаткандардан жооп издешет. Ошондо ижтихадга тескери, өзү билгениндей сүйлөсө, табаннийге тескери иш тутса эмне болот?! Акылдары, амалдары билдей болгон маънавий шахсия, фикрий вужуд каякта калат? Антын бузгандан тышкары, саткын уламалардан эмнеси менен айырмаланышат?!…

Же аларга “китептерибизден үйрөнүп алгыла, же амирибиз менен жолугушуп, максадыбызды түшүнгүлө да, кийин сабыбызга кошулгула” дейбизби?!

Жок, албетте. Аларга максадды анык чечип берүү ар бирибиздин ишибиз, ушул иш үчүн такаатыбыз жетишинче аракет кылууга ант ичкенбиз, ушундай эмеспи?! Качан гана өзүбүз ар бир хукмду фикран билип, заманыбыздагы жахилият-демократия кандай гана жийиркеничтүү түзүм экенин жана ага альтернатива кемчиликсиз түзүм бар экенин түшүндүрүп беришибиз менен, бузук вакиъликти өзгөртүү жолдорун үйрөнүп чыкканыбызга канааттанууларынын натыйжасында, алар да сабыбызга кошулушат, биз сыяктуу Расулуллах (с.а.в)ды өздөрүнө жол башчы кылып алышат, максадга карай умтулушат. Сабыбыз күн сайын кеңейет. Ар тараптуу өсөт.

Демек, куфрдун ордуна Исламды алып келем деген жана Расулуллах (с.а.в)дын тарыйкаты менен изме-из жүрөм деген ар бир мумин бар күчүн ушул жамаатты түзүүгө т.а. экономистине да, коомтаануучусуна да, сотторго да, таалим-тарбия менен алектенип жатканган мугалимдерге да, машыктыруучуларга да – Мусъаб ибн Умайр (р.а) өз доорунда Мединада баарына Исламды баян кылып бергендей – Ислам адилетин фикран көрүүлөрүн максад кылуулары, тунук жана канааттандыраарлык жеткирүүлөрү үчүн жетиштүү даярдануулары менен ушул жамааттан көздөлгөн ишти түшүнгөн, анын чыныгы мүчөсү боло алышат т.а. Аллах Тааланы жана Русулу (с.а.в)ды жакшы көргөн муминдерден болушат. Себеби, бул команда футболисттердин командасы эмес, балким, аалымдардын, факихтердин командасы, себеби, дүйнө алдында ойной турган “бул оюн” топ тебүү эмес, балким, азыркы доордогу куфр түзүмдөрү канчалык кемчиликтү экенин жана Жаратуучунун түзүмү болсо акылдар канааттана турган, инсан табиятына дал келе турган түзүм экенин баян кылуулары менен фикрат жана тарыйкатты көрсөтүү ОЮНУ т.а. исламий жашоо кандай болушу жана аны кандай чеберчилик менен турмушка кайтаруу “оюну”.

Бул мыйзамдар, түзүмдөр күрөшү. Акылдардан келип чыккан куфр башкаруусу жана саясаты менен шаръий хукмдар негизиндеги Исламий башкаруунун ортосундагы саясий мелдеш. Баары тең Такийюдин Набахонийдей же Ато Абу Рушта сыяктуу чебер боло албашы мүмкүн, бирок, бул күрөш Исламды түшүнбөй тугандар майданы эмес.

Эгер бул командада фикрат жана тарыйкатты китептерибизден үйрөнбөстөн, “фикхти фикран билбесе да боло берет” деп саясий майданга түшүп алышса, ийгиликке жете алышпайт. Балким, куфрдун кызыкчылыгына ойной турган, аларды ыраазы кыла турган, өз дарбазасына гол киргизип алып сыймыктана турган жана дүйнөгө баарын шерменде кыла турган адамдардын командасы болуп саясий майданга түшкөн болушат. Ошондуктан, бул хизб фикрат жана тарыйкатты жакшы билгендерден, чеберчилик менен иштөөдө, тарыйкатка амал кылууда тажрыйба арттыргандардан түзүлүшү керек, эң кур дегенде көпчүлүгү факихтерден болушу керек. Себеби, Исламды түшүндүрө турган жана аны турмушка алып келе турган негизги оюнчулар – факихтер. Фикхтин күчү, натыйжасы ибадатта көрүнбөйт, балким, Ислам саясатында көрүнөт. Биздеги негизги проблемабыз да ушул аппаратыбыздын алсыздыгында. Фикхти жалаң ибадатта деп түшүндүрүү, саясаттан болсо фикхти четтетүү куфрдун планы болуп, бул пландарына баарын ишендирүүдө. Биз динибизди үйрөтө турган мужтахиддерди, фақихтерди эмне үчүн жетиштире албай жатабыз?!

Тарыхта яхуддар бизди динден чыгаруу үчүн “Абрам” деген баланы “Абдуррахман”га өзгөртүшүп, аны шайхул Ислам даражасына көтөрүштү. Исламды бузуу үчүн баары аракет кылышты, кээ бирөөлөрү “шайхул ислам” болушту, калганы ушуга чоң жардамдар беришти…. Бул иштерин бир фикрлеп көргүлө!!! Алардын максаддары бизге Динибизди бузуп берүү, Ислам акыйкатын өзгөртүү эле. Ушул иште булар олуттуу болушту жана көздөлгөн максаддарына белгилүү бир даражада жетишишти. Себеби, биз фикхти жек көрө турган, динибизди кафирлер каалагандай түшүнө турган, амру-маъруф жана нахий-мункарды түшүнбөй турган манкурттарга айландык. Натыйжада, фикхке каршы чыгып, Президент сөздөрүн, китептерин дастурул-амал кылдык, Макиавелли сыяктуу куфр саястчыларын имам кылып алдык. Түпкүлүгүндө, бул фикрлер капиталисттик же социалисттик коомго туура келсе да, Умматка туура келбешин, ал китептерден пайдалануу т.а. куфр саясатын үйрөтө турган китептерди колго алуу арам экенин этибарга албадык. Натыйжада, Расулуллах (с.а.в)дын сөздөрү өз тастыгын тапты: «Жакында инсандарга жалганчы жылдар келет, анда жалганчы чынчылга, чынчыл жалганчыга чыгарылат. Кыянатчы аманаткөйгө, аманаткөй болсо кыянатчы эсептелет. Рувайбиза сөз сүйлөйт». Рувайбиза ким? деп суралды. “Жалпы элдин иши жөнүндө сүйлөй турган жарамсыз киши” деп жооб берди Расул (с.а.в).

Бирок, бул жамааттын мүчөсү болуу үчүн Исламдын фикратын (турмуш таризин) да, тарыйкатын (ошол турмуш таризин турмушта бар кылуу жолун) да түшүнүү важиб болсо да, араб тилин билүү фарз айн болсо да, бирок, араб тили грамматикасын т.а. сарф жана нахв фандарын мыкты үйрөнгөн Сибавайх сыяктуу улуу аалым болуу, Замахшарий сыяктуу тил таануучу болуу же тафсири менен Куръанды үйрөнүп чыккан Ибни Касир сыяктуу муфассир болуу, ровийлери менен хадистерди мукаммал үйрөнүп чыккан Бухарийдей хадистаануучу болуу, же Куръан жана хадистен хукмдардын келип чыгуу жараяндарын жакшы билген, усул илимине негиз салган Абу Ханийфа, Шафиий сыяктуу усул аалымдары болуу талап кылынбайт. Ал тургай, куфрду жоготуп, ордуна Исламды алып келүү үчүн жана заманбап проблемаларга толук чечимдер иштеп чыгуу үчүн Такыйюддин Наббахоний сыяктуу мужтахиди мутлак болуу да талап кылынбайт. Алардын баарын Аллах Өз рахматына алсын. Умматка кылган кызматтары акысына ажр-азимдер берсин.

Балким арабдардан башкалар да өзүлөрүнүн эне тилдеринде, болгону 10-15 китепти жакшы үйрөнүүлөрү жана Аллах Тааланын алдында т.а. жайнамазда турганда, намазда же Куръан жана хадис окуганда эмне дегенин түшүнүп тура турган даражада араб тилин билиши катъий талап кылынат. Бул талапты балдардын мектеп программасындагы сабактарына салыштыра турган болсок, алар эки окуу жылындагы китептерден ашпайт. Жаштар – эгер дарс убагын “коридор”до эмес, балким, олуттуу үйрөнүүгө сарфташса – ушул мөөнөттө тил-адабият, алгебра-геометрия жана химия-физикалар менен бир катарда башка тилдерди да белгилүү бир даражада өздөштүрүшөт. Ушул иштен да качкан инсан Уммат жүгүн – т.а. жер, асмандар, тоолор чыдай албай турган жүктү – кантип өз мойнуна алсын?! Аллах Таала айтат:

إِنَّا عَرَضْنَا الْأَمَانَةَ عَلَى السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَالْجِبَالِ فَأَبَيْنَ أَنْ يَحْمِلْنَهَا وَأَشْفَقْنَ مِنْهَا

— Албетте Биз бул аманатты (т.а. Исламий шариятты) асмандарга, жерге жана тоо-таштарга сунуш кылган элек, алар аны көтөрүүдөн баш тартышты жана андан коркушту. [33:72]

Ошондуктан, мына ушундай хизбди түзүү менен бирге, көп мужтахиддерди, факихтерди чыгарууга да бар күчүбүздү сарфташыбыз фарз. Бул фарзды Уммат аркылуу кылабыз, албетте. Бул ишке Уммат жардам бериши керек. Яхуддар Исламды бузуу үчүн аалымдарын, шейхтерин жетиштирип чыгара алышты, а бизчи?!

Болуп жаткан иштерди “Каза”га шылтап, дуалар кылууга үгүттөйбүз, ажиза-кемпирлерге окшоп ыйлап-сыктайбыз да, бирок, иштин акыйкатын түшүнгүбүз келбейт.

“Фикрлөө” китебинде дагы төмөндөгү фикрлер келет: Биздин мындай жалкоо болуп калышыбыздын «…себеби, ушунда, Каффал деген белгилүү аалымга окшогон уламалар тобу пайда болду жана алар ижтихад эшигин кулпулоого чакырышып, ижтихадга тыюу салууга урунушту, инсандарды ижтихаддын «коркунучуна» ишендиришти. Мусулмандар да ушул чакырыкты тастыкташып, ага амал кылышты. Уламалар ижтихад кылууну каалашпады, муфаккирлер андан кооптонушту, адамдар болсо мужтахиддерди жаман көрүштү. Бардык континенттердеги афкари амма (массалык пикир) бул фикрди кабыл кылышты. Муну менен фикрлөө токтоду, таклидге өтүлүп, акылдары иштен чыкты, ижтихад кылууга батынбай калышты. Бул инсандардагы фикрлөөнү токтотуп койду жана ал жараян уланууда. Инсан табиятынан жалкоо. Ошондуктан, Уммат тээ азыркы күнгө чейин фикрлештен токтоп турат. Он кылымды фикрсиз өткөрдү. Ошондуктан, мындай Умматда фикрлөөнү аракетке келтирүү жана ага фикрлөөнүн маанисин түшүндүрүү жеңил иш эмес….».

Демек, бизге туура фикрлешибиз гана нажат жолун көрсөтөт, себеби, бизге Роббибиз ниъмат кылып берген «Ислам»ды толук түшүнүшүбүз жана ишке ашырышыбыздагы негиз фикрди т.а. ар бир иштеги шаръий хукмду билүү – фикх. Бул үчүн ар бир вакиъни (т.а. саясатты) жакшы үйрөнүп, ошол вакиъликке байланыштуу Аллахтын хукмун билүүнү (фикхти) фикрий кабыл кылуу зарыл. Мисалы, азыр куфр өкүмдарлыгы бардык жайды каптаган. Ислам буга урухсат бербеген, себеби, куфрдун таасири астында жашоону Аллах Таала харам кылган:

وَلَن يَجْعَلَ اللّهُ لِلْكَافِرِينَ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ سَبِيلاً

– „Аллах момундар үстүнөн кафирлерге эч качан жол бербейт“. [4:141]

Үч күн халифасыз жашоого урухсат болсо да, куфр таасири астында жашоого бир күнгө да урухсат жок, унчукпай, ыраазы болуп жашоо харам. Эртели-кеч сооб иш кылып жаткандар да, өздөрүнчө даъват иштерин кылып жүргөндөр да бир команда болуп, анык натыйжаны көздөп иштешпесе, шаръан кабыл болбойт. Себеби, мафахимден (“Хизбут-Тахрир түшүнүктөрү”) «…

Ислам фикратын аткаруу көздөлө турган бардык амалдардан сезиле турган натыйжа максад кылынбаса, бүтүндөй инкар кылынат жана бул Ислам тарыйкатына тескери деп эсептелет….

…тарыйкатка далалат кылган амал сезиле турган натыйжага ээ болгон маддий амал болсо да, бул амал Аллахтын буйрук-кайтаруулары негизинде жүргүзүлүшү жана аны Аллахтын буйрук-кайтаруулары негизинде жүргүзүүдөн Аллахтын ыраазылыгы көздөлүшү лазым…

…натыйжаларга жетүүдө болсо амалий коидага ээрчүү лаазым. Амалдын фикр үстүнө курулушу жана белгилүү гоя үчүн болушу амалий коида…

…амалга киришип жаткан ар бир шахска аны баштоо үчүн белгилүү бир гоя түшүнүктүү жана ачык-айкын болушу керек…»» деген фикрлерди окуганбыз.

Мындай абалда Расулуллах (с.а.в)дын Меккеде баштаган ишин үлгү кылуу важиб. Демек, гоябыздын кичине бир бөлүгү б.а. башталышы “хизб”ди түзүү. Ушуга жетүү үчүн фикрлейбиз, ошого алып бара турган иштерге шашылабыз. Себеби, Аркам ибн Абу Аркам (р.а.)нун үйүндө Расулуллах (с.а.в) сахабалары менен Исламды үйрөнүп, тирүү Куръандар болгондой, ар бир ишибизге Куръан жана хадистен туруп баа бере турган “хизб”ди түзүү биринчи кадам экени тарыйкат. Ал үчүн окуу керек, биз фикрат жана тарыйкатты т.а. сахих ижтихаддан келип чыккан исламий түшүнүктү толук ээлөөнү шарт кылганбыз.

“Ла илаха иллАллах”ты угар замат түшүнгөн сахабалар Аркам ибн Абу Аркам (р.а.)нун үйүндө үч жыл эмнени үйрөнүштү?! Өзүлөрү билгениндей үйрөнүштүбү?! Жок албетте, Расулуллах (с.а.в) үйрөттү. Ошондуктан, Амирибиз да ар бир табанний кылынып, халкада үйрөнүүнү важиб кылган китептерди жөндөмдүү мушриф менен бетме-бет талкуулап, амал кылына турган даражада түшүнүп окууну шарт кылды. Бирок, бул токтом ар бир шахстын китептерди өзүнчө окушунан тоспойт. Балким, халкада окуу важиб болгон китептерди жөндөмдүү, ар бир мавзуъну жана ага байланыштуу вакиъликти окуучулар жакшы элестетип, өз жашоолорунда амал кыла турган кылып баян кылып берүүчү мушриф менен үйрөнүп, ушул мавзуъ боюнча аларда эч кандай экиленүү калбай турган даражада үйрөнүүлөрү важиб т.а. бул Амирдин токтому.

Үстүртөн үйрөнүү, өзү билгениндей түшүнүү назарий болуп калат. Түшүнбөгөн фикрге кандай амал кылат?! Амалсыз үйрөнүү же ар түрдүү фикрге келип калуу хизбге тескери болуп, хизбдин биримдигине зыян жетет. Демек, «… Кимде-ким мойнунда байъат жок абалда өлсө, жахилият өлүмү менен өлүптүр» деген азаб хабарынан сактануу үчүн “хизб”дин идарий топтомундагы токтомдоруна баш ийип, олуттуу үйрөнүүнүн ордуна – токтомдорго этибарсыз болуу менен, же өзгөртүү менен шаръий фарз аткарылбайт. Себеби, мына ушул фарзга кемчиликсиз амал кылуу үчүн ушул токтомдор чыгарылган. Мактабул амирдин (Амирдин межлисиндеги хизбийлер) олуттуу мулахазалардан кийин ар бир токтом кабыл кылынган. Мисалы, мафахимде келген жихад аяты ушундай маанини түшүндүрөт: «Мусулмандардын баары бирдейинен жихадга чыгуулары жаиз эмес. Бир жамаат жихадга чыгып, башкалары Расул (с.а.в)дан Дин өкүмдөрүн үйрөнүү үчүн калышса болбойбу?! Мужахиддер кайтышканда болсо, калгандар алар үйрөнө албай калган Аллахтын өкүмдөрүн аларга таасир кыла турган таризде үйрөтүшсүн».

Мужахиддер тери жана ушул сыяктуу нерселерге жазып коюлган аяттарды үйрөнүүлөрү менен динди кемчиликтүү жана ар түрдүү түшүнүп калуулары табигый абал. Ошондуктан, бетме-бет отуруп, баарына туура түшүнүүлөрүнө мүмкүнчүлүк бере турган т.а. аяттарды шархтап бере турган даражадагы Расулуллах (с.а.в) сыяктуу мугалимдер болуулары үчүн мужахиддерден кээ бирөөлөрүн жихаддан калууга буюрууда. Эмнеге?! Акыйкатта болсо жихад ошол доорлордо өтө маанилүү болуп, ал сансыз мужахиддерге мухтаж болуп турганда да, Аллах Таала ар бир түшкөн аяттарды баяндап берүүчү кылып жиберген Расулуллах (с.а.в)дан үйрөнүүлөрүн талаб кылган. Биз да ушундай үйрөнүп жатабызбы, эмнеге кылбайбыз?! Амир бекер кылганбы?! Сахабалардагы (Аллах алардан ыраазы болсун) Дин өкүмдөрүн үйрөнүүгө жана Расул (с.а.в) менен бирге болууга кусалыктары да өздөрүнчө түшүнүп алуулары жетиштүү эместигине далалат кылат. Т.а. алардын кээ бирөөлөрү сарийяларда жихадга чыгып, калгандары болсо дин өкүмдөрүн үйрөнүү үчүн калышат эле. Кийин мужахиддер кайтышканда, калгандар алар үйрөнө албаган өкүмдөрдү аларга үйрөтүшөр эле. Ошондуктан, Амирибиз да ар бир табанний кылынып, халкада үйрөнүүнү важиб кылган китептерди жөндөмдүү мушриф менен амал кыла турган даражада бетме-бет отуруп, талкуулап, түшүнүп, бир фикрге келип окууну шарт кылды.

Ушундай үйрөнүүдөн кийин пайда болгон хизб чыныгы, күчтүү бир команда, фикрий бир вужуд, маънавий шахсия болот, саясий майданда кафирлер жана алардын малайлары кылып жаткан иштерди күзөтүү, тахлил кылуу менен эле эмес, балким, белгилүү бир план негизинде иш кылууга кудуреттүү жана атаандаштарын таң калтыра турган үстөм болот, Аллах Тааланын урухсаты жана жардамы менен.

Тарыйкатта натыйжага алып барбай турган плансыз иштердин эч этибары жок, андай иштер инкар кылынат т.а. Умматты куфрдун нажасатынан куткаруу кайрымдуулук иштери, муктаждарга жана мазлумдарга жардам берүү менен, же медреселердеги таалим-тарбия, мечиттер куруу менен болбойт. Ал тургай, бул аалымдардын жана фикрат-тарыйкатты үйрөнүүчүлөрдүн иши экен деп, башка иштер менен алек болгон муминдер да хадисдеги азаб хабарынан сактана алышпайт. Балким, баары мына ушул жамаатты тезинен түзүүгө, Хизбге кошулбаганы үчүн үзүрлөрү болсо да бул жамаатты тезирээк түзүүгө колунан келген салымын кошуулары фарз. Себеби, Умматты куфр чеңгелинен, жахилий турмуштан куткаруу үчүн, хизб башчылыгындагы Умматты аракетке келтире турган план болушу керек. Бул пландын биринчиси: турмуштун бардык тармагында жол башчы боло турган “жолчу жылдыздар”ды көбөйтүү, Уммат ишенген “хизб”ди түзүү зарыл. Бардык иш ушуга каратылган болушу шарт. Кайрымдуулук иштери да, хайр-ихсандар да, таалим-тарбия да, мухасаба да мына ушул “хизб”ди, чыныгы хизбди түзүүгө жана мүмкүн болушунча тезирээк түзүүгө каратылган план негизинде алып барылышы – тарыйкаттын биринчи кадамы.

Ушул ишке олуттуу жандашышыбыз менен, ар ким мүмкүнчүлүгүнө жараша, Аллах Тааладан ажр-сыйлык үмүт кылуу негизинде, фидаий-курмандыктар берүү, мээнет жумшоо, каражаттар сарфтоо менен бул хукм ишке ашат. Мисалы, дарыланышым керек же арабчаны үйрөнүшүм керек деп коюп, башка иштер менен алек болуп, дарыланууга, арабчага убакыт ажыратпаган адам өз максатында олуттуулугу жок болгондой, жакшы ниет кылуунун өзү менен эле бул хукм аткарылбайт.

Мына ушул хизб – аты эле бар, сырткы көрүнүшү эле бар, акыйкаты жок хизбди эмес – балким, китептерибизде айтылып жаткан фикрат жана тарыйкатты мыкты үйрөнгөн, тунук фикрлер менен куралданган чыныгы хизб гана Умматты куфр чеңгелинен азат кылууга т.а. жахилият караңгылыктарынан Ислам нуруна алып чыгууга кудуреттүү болот.

Аллахым, бизге Өзүң ыраазы боло турган жолду түшүнүшүбүзгө, амал кылышыбызга жана Өзүң ыраазы боло турган жолду башкаларга да жеткиришибизге жардам бер.

Кийин мавзуъларды түшүнүшүбүзгө чейин кайра-кайра окуп, фикрлешибизге сабыр-такаат бер! Аллахым, фикрлерибизди тунук кыл, башкаларга түшүнүктүү жана айкын жеткиришибизге хужжатыбызды күчтүү, тилдерибизди жетик кыл.

السلام عليكم و رحمة الله و براكاته
Боордошуңар Гариб

Тынчтык жана туруктуулук

Тынчтык жана туруктуулук

Үммөт жер жүзүнө халифа кылынып, ага мүмкүнчүлүк берилгенден кийин, ал өз мүмкүнчүлүгүн жана даражасын сактап калуу үчүн тынчтык жана туруктуулукка муктаж болот. Алла Таала Өзүнө ыйман келтирген жана шариятына амал кылгандарга өздөрү арзуу кылган тынчтык-бейпилдикти кепилдеген. Бардык иштердин ачкычы, тагдыр кемесинин тизгини Алланын колунда. Ачкычтарды өзгөртүү да Ал заттын изминде. Ошондуктан, Алла тавхид үстүндө бекем туруп, ар түрдүү ширктерди таштаган жүрөктөргө эң биринчи тынчтык-бейпилдикти берет. Алла Таала айтат:

الَّذِينَ ءَامَنُوا وَلَمْ يَلْبِسُوا إِيمَانَهُمْ بِظُلْمٍ أُولَئِكَ لَهُمُ الْأَمْنُ وَهُمْ مُهْتَدُونَ

– «Ыйман келтирген жана өз ыймандарын зулум (ширк) менен аралаштырбаган заттар үчүн бейпилдик бар жана мына ошолор хидаят табуучулар». [6:82]

Алардын дилдери, ырас, чоң-кичине ширктерден таза болот экен, алар кооп-коркунучтардан тынч, бейпил болот.

Дилдер Алланын коргоосуна кирип, тынчтык-бейпилдикке жетишкен жана Ал заттын адилети, рахматы жана хикматы туурасында көңүлдөр ток болгон убакта, Анын шариятын хакам (өкүм чыгаруучу) кылууга шашылат. Анткени, тынчтык-амандык ыйман майданынын бардык жайына орношот. Алла Таала момундарга Халифалык жана жеңишти убада кылгандан кийин, аларды тынчтык-бейпилдиктен куру калтырбады. Алла Таала айтат:

وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ ءَامَنُوا مِنْكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُمْ فِي الْأَرْضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ وَلَيُمَكِّنَنَّ لَهُمْ دِينَهُمُ الَّذِي ارْتَضَى لَهُمْ

– «Алла силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга кудум мурунку өткөн (ыйман-этикаттуу) заттарды (жер жүзүнө) халифа-өкүмдар кылгандай, аларды да жер жүзүнө халифа кылууну жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин үстөм-бекем кылууну… убада кылды».  [24:55]

Дагы айтат:

وَلَيُبَدِّلَنَّهُمْ مِنْ بَعْدِ خَوْفِهِمْ أَمْنًا

– «… о.э. аларды (көргөн) кооп-коркунучтарынан кийин тынчтык-бейпилдикке бөлөп коюуну… (убада кылды)». [24:55]

Пенделик кылышса жана ширк келтиришпесе, аларга жер жүзүндө тынч жашоону, дилдери да бейпил-бейгам болушун кепилдеди.

Үммөттүн калыс ибадат кылуусун жана ширктен сырткары болушун Алланын шариятын толук, кемтиксиз хакам кылбастан элестетип болбойт. Анткени, Алла Тааланын шариятынан четтеген Үммөт ар дайым илахий өч алуу кылычынан кооптонуп, дилде да, коомдо да тынчтык-бейпилдик болбойт. Алла Таала айтат:

أَفَأَمِنَ أَهْلُ الْقُرَى أَنْ يَأْتِيَهُمْ بَأْسُنَا بَيَاتًا وَهُمْ نَائِمُونَ ۩ أَوَأَمِنَ أَهْلُ الْقُرَى أَنْ يَأْتِيَهُمْ بَأْسُنَا ضُحًى وَهُمْ يَلْعَبُونَ ۩ أَفَأَمِنُوا مَكْرَ اللَّهِ فَلَا يَأْمَنُ مَكْرَ اللَّهِ إِلَّا الْقَوْمُ الْخَاسِرُونَ ۩ أَوَلَمْ يَهْدِ لِلَّذِينَ يَرِثُونَ الْأَرْضَ مِنْ بَعْدِ أَهْلِهَا أَنْ لَوْ نَشَاءُ أَصَبْنَاهُمْ بِذُنُوبِهِمْ وَنَطْبَعُ عَلَى قُلُوبِهِمْ فَهُمْ لَا يَسْمَعُونَ

— «Ал кыштактардын калкы балээ-казабыз түндө, уктап жатышканда келип калышынан бейгамбы? Же ал кыштактардын калкы балээ-казабыз түш мезгилинде, алар ойноп-күлүп жатышканда келип калышынан бейгамбы? Алар Алланын «айласы»нан бейгам болуп калыштыбы? Демек, Алланын «айласы»нан бир гана зыян көрүүчү коом бейгам болот. Бул жерге (мурунку) ээлеринен кийин мураскор болуп жаткан адамдарга, эгер Биз кааласак, алардын күнөөлөрү себептүү мусибат жеткирип коюшубуз маалым эмеспи? Биз алардын дилдерин (мына ошондой) мөөрлөп коёбуз. Кийин алар (эч кандай насаатка) кулак салбай коюшат».   [7:97-100]

Үммөт бул сабакты абдан жакшы өздөштүрүп алган. Хадистерде тынчтык-бейпилдик бул Алланын бир тартуусу болуп, Өзү каалаган адамына бериши, каалаган адамынан болсо алып коюшу мүмкүндүгү айтылган. Окуялар да муну далилдеген.

Алла Таала момундарды эң кооптуу абалда – Хандак окуясында, Ахзаб согушунда – ок атууга же кан төгүүгө муктаж кылып койбоду. Тескерисинче, согушту Өз колуна алды. Ал зат айтат:

وَرَدَّ اللَّهُ الَّذِينَ كَفَرُوا بِغَيْظِهِمْ لَمْ يَنَالُوا خَيْرًا وَكَفَى اللَّهُ الْمُؤْمِنِينَ الْقِتَالَ وَكَانَ اللَّهُ قَوِيًّا عَزِيزًا

— «Алла капырларды капа абалдарында кайтарды. Алар бир да жакшылыкка жетишпеди. Алла момундарга согуш туурасында жетиштүү болду (т.а. асмандан шамал жана периштелерди жиберип, момундарды согушсуз үстөм кылды). Алла күчтүү, кудуреттүү зат». [33:25]

Ошондуктан да, Пайгамбар с.а.в Бухарий чыгарган хадисте мындай деген:

لَا إِلَهَ إِلّا اللهُ وَحْدَهُ، أَعَزَّ جُنْدَهُ، وَنَصَرَ عَبْدَهُ، وَغَلَبَ الْأَحْزَابَ وَحْدَهُ، فَلا شَيْءَ بَعْدَهُ

«Алладан өзгө кудай жок. Ал жалгыз. Аскерлерин азиз кылды. Пендесине нусрат берди. Жалгыз Өзү ахзабды (душман топторун) жеңди. Андан кийин эч нерсе жок». Пайгамбар с.а.в бул сөздөрдү ачтыкты тойгузган, коркунучтан тынч кылган Алланын неъматын тан алып, ага икрор болуп айтар эле. Муну менен Ал затты эстечү, Ислам калкына башбаана, тынчтык-бейпилдикти тартуулаганы үчүн Ал затка шүгүр кылар эле. Алла Тааланын мына бул буйругун аткарар эле:

وَاذْكُرُوا إِذْ أَنْتُمْ قَلِيلٌ مُسْتَضْعَفُونَ فِي الْأَرْضِ تَخَافُونَ أَنْ يَتَخَطَّفَكُمُ النَّاسُ فَآوَاكُمْ وَأَيَّدَكُمْ بِنَصْرِهِ وَرَزَقَكُمْ مِنَ الطَّيِّبَاتِ لَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ

— «Дагы силер жерде (т.а. Меккеде) азчылык жана алсыз болгон чагыңарда, адамдар (т.а. Мекке мушриктери) силерди талап кетүүлөрүнөн коркуп турган убагыңарда (Алла) силерге жай берип (т.а. Мединага көчүрүп) Өз жардамы менен колдоп-кубаттаганын жана шүгүр кылышыңар үчүн пакиза неъматтардан ырыскы бергенин эстегиле!». [8:26]

О.э. Алла Таала Өзүнө итаат кылуучуларды тышкы душмандардын кооп-коркунучунан да, ички мунафыктардын жашыруун кооп-коркунучунан да тынч-аман сактайт. Ал зат айтат:

لَئِنْ لَمْ يَنْتَهِ الْمُنَافِقُونَ وَالَّذِينَ فِي قُلُوبِهِمْ مَرَضٌ وَالْمُرْجِفُونَ فِي الْمَدِينَةِ لَنُغْرِيَنَّكَ بِهِمْ ثُمَّ لَا يُجَاوِرُونَكَ فِيهَا إِلَّا قَلِيلًا ۩ مَلْعُونِينَ أَيْنَمَا ثُقِفُوا أُخِذُوا وَقُتِّلُوا تَقْتِيلًا ۩ سُنَّةَ اللَّهِ فِي الَّذِينَ خَلَوْا مِنْ قَبْلُ وَلَنْ تَجِدَ لِسُنَّةِ اللَّهِ تَبْدِيلًا

– «Ант болсун, эгер мунафыктар, дилдеринде мерез болгон кимселер жана Мединада миш-миштерди таркатып жүрүүчүлөр (өз кылмыштарын) токтотушпаса, албетте, Биз сени аларга каршы аттандырабыз, андан соң алар (Мединада) сени менен бирге тура албай калышат, бирок, наалатка дуушар болгон абалдарында аз гана (убакытка тура алышат). Андай учурда алар каерде табылышса кармашылат жана өлтүрүп ташталышат. (Бул) мурун өткөн (мунафык) кимселер жөнүндөгү Алланын жолу-мыйзамы. Алланын жолун болсо эч качан өзгөртө албайсың». [33:60-62]

Ушуну менен бирге, Алла Таала мусулмандарды, ахддашкандар же зиммийлер болушуна карабастан, кыянатчылардын кыянатынан сактоону да Өз мойнуна алган. Алла Таала айтат:

وَإِنْ يُرِيدُوا أَنْ يَخْدَعُوكَ فَإِنَّ حَسْبَكَ اللَّهُ هُوَ الَّذِي أَيَّدَكَ بِنَصْرِهِ وَبِالْمُؤْمِنِينَ ۩ وَأَلَّفَ بَيْنَ قُلُوبِهِمْ لَوْ أَنْفَقْتَ مَا فِي الْأَرْضِ جَمِيعًا مَا أَلَّفْتَ بَيْنَ قُلُوبِهِمْ وَلَكِنَّ اللَّهَ أَلَّفَ بَيْنَهُمْ إِنَّهُ عَزِيزٌ حَكِيمٌ ۩ يَاأَيُّهَا النَّبِيُّ حَسْبُكَ اللَّهُ وَمَنِ اتَّبَعَكَ مِنَ الْمُؤْمِنِينَ

— «Эгер алар сени алдамакчы болушса, анда, албетте, сага Алланын Өзү жетиштүү. Ал сени Өз жардамы жана момундар менен кубаттандырган жана алардын (момундардын) дилдерин бириктирген Зат. Эгер (сен) жердеги бардык нерсени сарптасаң да алардын дилдерин бириктире албаган болор элең. Бирок, Алла аларды бириктирди. Албетте, Ал кудуреттүү, хикматтуу. Эй Пайгамбар, сага жана сени ээрчиген момундарга Алланын Өзү жетиштүү». [8:62-64]

«Ахддашуучулар момундарга кыянат кылмакчы болушса т.а. күч топтоп алуу максатында ахддашып жатышкан болсо, Пайгамбар с.а.в ды жана момундарды алардын кыянатынан коргоого Алланын Өзү жетиштүү». Ибн Касирден.

Алла Таала айтат:

وَإِنْ يُرِيدُوا خِيَانَتَكَ فَقَدْ خَانُوا اللَّهَ مِنْ قَبْلُ فَأَمْكَنَ مِنْهُمْ وَاللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٌ

— «Эгер алар сага кыянат кылмакчы болушса – анда (билип койгун), алар мурун Аллага да кыянат кылышкан эле. Ошондо Алла (сени) аларга үстөм кылды. Алла билим, хикмат ээси». [8:71]

Т.а. «Эгер мушриктер тилдеринде айтып жаткан сөздөрүнө кыянат кылмакчы болушса, алар мындан мурун Аллага да куфр келтирип кыянат кылышкан. Андан кийин Алла момундарды Бадр күнүндө алардан үстөм болуу мүмкүнчүлүгүнө жетиштирген жана алардын кыянатынан сактаган, ал тургай, аларды туткунга алган». Ибн Касирден.

Шарият үстүндө туруктуу турган мусулмандарга жашоо жана тагдыр жагынан тынчтык-амандык берилгендей, дин жана шарият жагынан да аларга тынчтык-амандык кааланат. Мисалы, адамдар Алланын шариятына толук амал кылышса, бул нерсе алардын жандары, малдары жана абройлору сакталышын толук кепилдейт.

Ислам мамлекетинде кемде-кем абалдарда гана аткарылган хаддар жана мыйзамдар берген дунявий (бул дүйнөдөгү) натыйжаларды миңдеген сот мекемелеринде миңдеп аткарылып жаткан бүгүнкү мыйзамдын дунявий натыйжалары менен салыштырсаңыз, таң калгандан жака кармайсыз. Илгертен эле, азыркы учурда да мамлекеттер ички жана тышкы тынчтык үчүн өтө чоң өлчөмдө каражат сарптайт. Ошондо да көздөлгөн максатка же жетишет, же жетише албайт. Мисалы, мал-мүлк тынчтыгын сактоо туурасжаат бардык мыйзамдар алсыздык кылып жатат. Ушул иш үчүн ажыратылган каражаттар сарпталып жатканы менен, Алланын бир хады т.а. уурунун колун кесүү жөнүндөгү хадынын аткарылышы бере турган натыйжанын жүздөн бирин да бере албайт. Шейх Ахмад Шакир «Умдатут-Тафсир»де (2/147) мындай дейт: «… Эгер тигил Исламга таандык адамдарда акыл болгондо, жылына бир нече уурулар колдорунун кесилиши өлкөнү уурулар проблемасынан куткарышын билген болушар эле. Уурунун колу кесилсе, жылына бир нече гана уурулуктар болуп, бул иш өтө кем учурай турган окуялар катарынан жай алар эле. Кылмыштардын жаңы-жаңы түрлөрүн үйрөтө турган мектептер болгон камакканалар жүз миңдеген туткундардан бошор эле. Эгер аларда акыл болгондо, ушундай кылышар эле. Бирок, алар өз кожолорунун көңүлдөрүн алуу үчүн кежирлик менен батыл үстүндө туруп алып жатышат. Аттиң…».